Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Германия: Украин качкындарды баккан, президенттин сыйын көргөн Мунара


Мунара Абдывасиева.
Мунара Абдывасиева.

Германиянын Йена шаарында жашаган кыргызстандык Мунара Абдывасиева былтыр украин качкындарын коопсуз жакка жайгаштыруу боюнча ыктыярчылардын коомун түзгөн. Учурда ал түзгөн коом качкындар гана эмес, шаардагы башка жардамга муктаж адамдар менен да иш алып барууда.

Жакында шаар бийлиги Мунарага аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

- Жакшы кабар уктук. Сиз жашаган шаардын жетекчилиги украин качкындарын коопсуз жерге жайгаштыруу, аларга түрдүү көмөктөрдү берүүдөгү ыктыярчылык ишиңизге ыраазычылыгын билдирген экен. "Азаттыктын" атынан куттуктайбыз. Ушул тууралуу кененирээк маалымат берип кетиңизчи?

- Чоң ыракмат! Мен дагы бир жакшы жаңылык менен бөлүшө кетейин, биздин ыктыярчылар, анын ичинде мен үй-бүлөм менен 8-сентябрда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин чакыруусу менен барып, ардактуу коногу болуп келдик.

Мен мурда ЮНИСЕФте ыктыярчы болуп жүргөм. Былтыр Украинада согуш башталганда алардын калкынын басымдуу бөлүгү Германияга качып келишти. Ошол убакта алардын акыбалын түшүнүп, кантип жардам берүүнү ойлондум. Себеби биздин шаарда жашаган украин тааныштарым мага "согуштан качкандарга кантип жардам бере алабыз?" деп кайрылып, чогуу Вотсап аркылуу топ түздүк. Ага алгач он адам кирди. Арасында кыргыздар да көп эле. Биз мекенден алыс чыксак, мигрант болуп барабыз, алдын ала пландап, даярданып дегендей.

Украин качкындарында абал андай эмес эле. Согуш башталганда колуна документтери менен зарыл керек болуучу буюмдарын гана алып, бала-чакалары, карыялары менен качып келишти да. Йена шаарына алгачкы украин качкындары келгенде мен Фейсбуктагы баракчама да башка топ түзүп, ал жакка немис, орус, кыргыз тилдеринде "согуштан качкан украиндерге жардам берчү ыктыярчылар тобу түзүлдү. Көмөктөшүүнү кааласаңыз, бизге кошулуңуз" деп жаздым. Ошондон тарта биздин катар көбөйүп, жардам берүүчүлөр кошула баштады.

Ыктыярчылар тобу. Йена, Гармания, 2022-жыл. (сүрөттөр Мунаранын архивинен)
Ыктыярчылар тобу. Йена, Гармания, 2022-жыл. (сүрөттөр Мунаранын архивинен)

- Качкындарга кантип жардам бердиңиздер? Анткени аларга документ, турак-жай жана башка жагынан мамлекеттик органдардын уруксатысыз иштөө кыйын. Мындан тышкары каражат керек...

- Мен өзүм 12 жыл мурда Германияга келгенде интернетте көп маалымат жок болчу. Азыр деле немис тилинен башка тилде маалымат табуу кыйын. Ошондуктан Фейсбукта атайын баракча түздүк. Ал жакка маалыматтарды немис, украин, кыргыз же орус тилдеринде жайгаштырып аттык. Ал баракчабызда азыр 1,5 миңден ашуун катталуучу бар. Албетте, башында оор эле болду. Качкындарга мамлекет тарабынан берилүүчү социалдык жардамдар талап боюнча бир айдан кийин берилет.

Ага чейин булар күтө алышпайт болчу. Жаш балалуу, кош бойлуу энелер, оорулуу адамдар бар эле. Ошондуктан эч кимди күтпөй, балдардын жалаяктарынан тартып тамак-ашы, дары-дармектерине чейин да таап берүүгө аракет кылып, камсыздап жаттык. Мунун баарына каражатты башында өзүбүз - ыктыярчылар чогултуп аттык. Качкындарды поездден тосуп алып, жайгашуучу жерине жеткирүүгө да ыктыярчылар керек болуп атты.

Өзүм да барып бекеттен тосуп келип жүрдүм. Алардын колунда чемодан эмес, чоңураак баштыгы жоктору да бар эле... Биз алардын арасындагы кош бойлуу энелерге кеп-кеңеш берип, каралашуучу адис-дарыгерди ыктыярчы катары таап бердик. Биздин команданын мүчөлөрү ооруканаларда, социалдык мекемелерде котормочулук кылышты. Бизге атүгүл "биз спортсуз тура албайбыз, тез арада машыктыруучу таап бериңиз" деп спортчу-гимнасттар да кайрылышты. Арасында дүйнө чемпиондору да бар болчу.

- Машыктыруучу, дарыгер жана башка адистерди табуу деле жеңил болбогондур?

- Ооба, оор эле болду. Мен командама терең ыраазымын. Ыктыярчылык кылуу оңой эмес. Көпчүлүк адамдар "убактым жок" дешет, бирок чын ыкластан жардам берүүнү кааласаң, убакыт тапса болот экен. Мисалы, менин кичинекей үч балам бар, жолдошум жумушта. Мен декреттик отпускада болгондуктан, балдарымды да карап, украин качкындарына да жардамдашууга жетишип аттым.

Эки жакка барып көмөктөшүүгө чамасы келбегендер онлайн түрүндө жардам берип, соцтармактардагы биздин баракчаларыбызды жүргүзүп атышты. Ошондой эле биздин ыктыярчылардын арасында пенсия курагындагы жарандар же жаш баласы менен үйдө отурган энелер чуркап иштеп, котормочулук кылып, консультация уюштуруп, көп жардам беришти.

Спортчуларга да машыктыруучу таап берип, аларды кайсы бир футбол командаларына кошууга туура келди. Немис машыктыруучулары биздин сунуштарыбызды четке какпай, машыгууга муктаж болгон адамдарды жаш курагына, категориясына карап, командаларына алып, жардам беришти. Негизи эле немистер - жардам берүүгө аябай ынтызар эл.

Мунара Абдывасиеванын балдары Германия президенти Франк -Вальтер Штайнмайер (солдо, үстүңкү катарда) менен. Берлин. 2023-жыл.
Мунара Абдывасиеванын балдары Германия президенти Франк -Вальтер Штайнмайер (солдо, үстүңкү катарда) менен. Берлин. 2023-жыл.

Биздин топ башында эле кийим-кече, азык-түлүк же дагы башка качкындар муктаж болгон буюм-тайымдарды чогултуу үчүн атайын кампа түзгөнбүз. Жогоруда айтпадымбы, себеби качкындар колуна документтерин, азын оолак акча-тыйынын гана алып келгендер болгон. Биз жардам бере баштаганда улам бир керектүү буюм, дары, азык-түлүккө муктаждар көбөйүп, биз жетише албай, баарын камсыздай албай калдык.

Ошондо шаарыбыздагы кайрымдуулук фонддордун бирине кайрылып, аларга муктаждыгыбызды айттык. "Бизге кампага ылайыктуу имарат бергиле, ал жерге биз качкындар муктаж болгон буюм-тайымдарды элден чогултуп, качкындарга таратып беребиз" деп айтсам, макул болушту.

Мындай ыктыярдуу түрдө жардам берүү биздин шаарыбыздын тарыхында алгачкы жолу болуп жатат деп айтышты. Анткени адатта мындай жардам берүүчү уюмдар же кайрымдуулук фонддору жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланып, анда иштеген кызматкерлерге айлык акы берилчү дегендей.

Биздин кампабызда өзүбүздүн ыктыярчылар гана акысыз иштеп беришти. Ошондуктан, жергиликтүү бийлик да бизге ыраазы болуп, мэрия менен Йена шаарындагы саясий партиялардын бири биздин топко алкыш кат тапшырышты.

Андан тышкары ыктыярчыларга эки жылда берилип турчу сыйлыгын да биздин командага ыйгарышты. Белгилеп айтып коюучу нерсе, биздин ыктыярчы топтун соцтармактардагы баракчаларына мэрия, саясатчылар да активдүү байкоо жүргүзүп турушат. Жардамдарын да аяшпайт.

Украин качкындары үчүн ыктыярчылар чогулткан гуманитардык жардам. Йена, Германия. 2022-жыл
Украин качкындары үчүн ыктыярчылар чогулткан гуманитардык жардам. Йена, Германия. 2022-жыл

- Ыктыярчы тобуңузда башында кимдер турду? Кыргыздарбы, украиндерби же башкаларбы?

- Алгачкы Вотсап группабызда кыргыздар менен украиндер болчу. Кийинчерээк немистер да кошулуп, топ аябай чоңойду, азыр бир жарым миң киши бар. Немистер айткандай, биздин жардам берүү группабыз "көчкү эффекти" же тоонун башынан кулаган муштумдай кар түзгө жеткенче өтө көлөмдүү көчкүгө айланат эмеспи, ошол сыяктуу эле чоңоюп, качкындарга жардам берүүнү каалагандардын саны да өстү.

Учурда биздин ыктыярчы топто жалаң Йена шаары же Германияда гана эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да жашаган досторубуз, пикирлештерибиз көп. Биздин топто мурдагы союздук өлкөлөрдө жашагандар, алыскы Америкада жашаган ыктыярчыларыбыз да бар. Өзгөчө Грузиядагы ыктыярчыларыбыз дагы деле активдүү.

Ыктыярчылар чогулткан гуманитардык жардамдар. Йена, Германия. 2022-жыл
Ыктыярчылар чогулткан гуманитардык жардамдар. Йена, Германия. 2022-жыл

- Сиздердин ыктыярчы топ азыр эмне менен алектенет?

- Биздин топтун максаты - украин качкындарына гана эмес, дегеле биздин жардамга муктаж адамдардын баарына көмөктөшүү. Биздин шаарга чет жактан келгендер немис тилин жакшы билишпегени үчүн аны үйрөнгүсү келгендер кайсы жерде немис тил курстары бар экенин билишпейт. Мен аларга Фейсбуктагы баракчабыз аркылуу Миграция борборундагы акысыз тил үйрөтүүчү курстардын дарек, телефондорун жазып, жеткирип турам.

Мага жакында эле украин качкындары "немис тилин жакшылап үйрөнүү үчүн сүйлөшмө клуб үчүн имарат табуу жагынан" жардам сурашты. Аларга имарат жана немис тилин акысыз сүйлөшүп үйрөтүүчү ыктыярчы да таап бердим.

Украин качкындары Германияда кыйла жайгашып, социалдык жардам берилип, абалдары жеңилдеп калды дегенибиз менен, дагы деле иш көп. Түрдүү көмөк сурап, кайрылгандар азыр деле арбын. Мен күн сайын түнкү саат 11ден кийин, бала-чакамды уктатып коюп, 2-3 саат онлайн иштеп, ыктыярчылык менен алектенем.

Мунара Абдывасиева ыктыярчылар тобу менен.
Мунара Абдывасиева ыктыярчылар тобу менен.

- Германияда жашаганыңызга канча убакыт болду? Эмне менен алектенесиз? Бала-чакаңыз тууралуу да бир аз маалымат берип кетсеңиз...

- Мен Германияга келгениме 12 жылдан ашып калды. Жолдошум кардио-хирург, бул жактагы ооруканада дарыгер болуп иштөөгө уруксат алган. Аны менен чогуу келип, үч балалуу болдук. Балдарыбыздын баары бул жакта төрөлүштү. Өзүм жеке менчик медициналык борбордо эсепчи болуп иштейм.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG