Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:09

Газ кризиси: Евробиримдик кабыл алган чечим


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттер газ үнөмдөө боюнча планды жактырды. Шаркет жетекчилиги Орусия газ берүүнү кыскартканына байланыштуу көгүлтүр отту үнөмдөп, кышкыга сактоого чакырган.

26-июлда Брюсселге чогулган Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин энергетика министрлери кийинки айдан тартып, эмдиги жылдын март айынын соңуна чейин газ колдонууну 15% кыскартуу сунушун жактырышты. Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралса, ар бир мамлекет сөзсүз ушунча көлөмдө кыскартыш керек. Азырынча министрлердин жыйынында айрым мамлекеттерди бул милдеттенмеден бошото туруу чечими кабыл алынган.

Евробиримдикке учурда төрагалык кылган Чехиянын соода жана өндүрүш министри Юзеф Сикела бул чечимди европалык тилектештик катары баалады.

"Бүгүн биз Евробиримдикти бөлүп-жара албай калган бир гана Владимир Путинге белги берип жаткан жокпуз, жалпы эле жарандарыбызга ишарат кылып жатабыз. Бүгүнкү чечим кышында газ таңкысытыгы жана баалардын көтөрүлүшү сыяктуу оор жагдайларга туш болбойбуз деген кепилдик берет".

Орусиядан Европага көгүлтүр отун жеткирүүчү куурлардын картасы.
Орусиядан Европага көгүлтүр отун жеткирүүчү куурлардын картасы.

Евробиримдиктин башка мамлекеттериндеги газ куурларына туташпаган Ирландия менен Мальта дал ошондой милдеттенмеден бошотулган өлкөлөрдүн катарына кирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакшы ымалада болуп келген Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Евробиримдиктин планына жалгыз каршы чыкканы маалым болду.

Брюсселдеги басма сөз жыйыны. 20-июль, 2022-жыл.
Брюсселдеги басма сөз жыйыны. 20-июль, 2022-жыл.

Орусиянын "Газпром" компаниясы 27-июлдан тартып, "Түндүк куур-1" аркылуу газ берүүнү суткасына 33 миллион метр кубга чейин кыскартарын билдирген. Мунун себебин компания оңдоп-түзөө иштерине байланыштырган.

Германиянын экономика министри Роберт Хабек муну жөн гана шылтоо жана "ойлоп табылган аргумент" экенин айтып, Украинадагы согуштан улам Орусияга салынган санкциялар үчүн өч алуу аракети деп эсептейт.

"Биз орус газынын кыскарышына, кайсы бир күнү толук токтотулушуна даяр болушубуз керек. Эгер башкача болсо, анда биз үчүн күтүүсүз болот. Путин газ куурун жаап салса, биз үчүн күтүүсүз болбойт. Мен түз эле Путин деп айтам. Анткени Газпром көгүлтүр отту жеткирүүгө кызыкдар. Болгону саясий көзөмөлдө турат",-деди Хабек.

Буга чейин "Газпром" 11-июлдан тартып "Түндүк агым-1" газ кууру аркылуу Германияга 10 күнгө көгүлтүр от берүүнү токтотуп, кайра жандантты. Бирок адаттагы көлөмдүн 30% деңгээлинде гана берилип жатканы кабарланды. Андан бир аз мурда Орусиянын президенти Владимир Путин "Түндүк агым-1" газ кууру менен Европага көгүлтүр отун жеткирүү июлдан тартып кыскарарын эскерткен.

Путиндин сөзүнө караганда, келерки аптадан тартып орусиялык "Газпром" монополист компаниясы газды сордурган агрегатын оңдоого жиберет. Ал мунун ордун толтуруу үчүн Германиянын бийлиги токтотуп койгон "Түндүк агым-2" газ куурун ишке киргизүүнү сунуштаган.

"Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурларынын картасы.
"Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурларынын картасы.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү "Түндүк агым-1" куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары "Түндүк агым-2" долбоорун курган. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Учурда анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Москва Донбасстагы жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц 22-февралда “Түндүк агым-2” долбоорунун сертификациясын убактылуу токтоткон.

“Түндүк агым-1” долбооруна санкция салынган эмес. Биринчи газ кууру 2011-жылдан бери иштейт жана жылына 55 млрд. метр куб газ ташууга жөндөмдүү. Былтыр Европа Биримдиги керектеген газдын 40 пайызы Орусиядан алынган.

XS
SM
MD
LG