Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:31

Кабулдагы жардыруудан жети киши каза тапты


Жардыруу болгон жер. Кабул, 19-январь 2026-жыл
Жардыруу болгон жер. Кабул, 19-январь 2026-жыл

Ооганстандын баш калаасындагы жардыруудан жети киши каза тапканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди. Кабулдун полиция башчысы Халид Задрандын айтымында, окуя 19-январда шаардын Шахр-и-Нав районундагы мейманканада болгон. Коопсуз болуп эсептелген популярдуу коммерциялык конушта көптөгөн кеңселер, соода борборлору жана элчиликтер жайгашкан.

Хирургия борборунун өкүлдөрү 20 кишиге тез жардам көрсөтүлгөнүн маалымдады. Жараат алгандардын арасында төрт аял жана бир бала бар.

Tolo News булактарына таянып, жардыруудан көптөгөн киши набыт болгонун жана жаракат алганын кабарлады.

Жардырууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз, ал үчүн эч ким жоопкеричликти өзүнө алган жок. “Талибан” кыймылынын бийлиги окуя иликтенип жатканын билдирди.

Талибдер Ооганстанды 2021-жылдын августунда кайрадан ээлеп алганда коопсуздукту камсыздоого убада берген. Бирок кол салуулар тыйылбай жатат. Көбүн "Ислам мамлекети" согушкер тобунун жергиликтүү канаты ишке ашырганын айтып келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG