Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:56

Сириянын өкмөттүк армиясы күрт күчтөрүн өлкө түндүгүнөн сүрүп чыкты


Сириянын өкмөттүк аскерлери Дейр-эл-Зорду күрт кошуундарынан кайтарып алды. 18-январь 2026-жыл
Сириянын өкмөттүк аскерлери Дейр-эл-Зорду күрт кошуундарынан кайтарып алды. 18-январь 2026-жыл

Сириянын өкмөттүк аскерлери өлкө түндүгүндөгү күрт күчтөрүн сүрүп чыгарганын бир катар медиа кабарлады. Маалымат боюнча жекшембиде бир нече күнгө уланган кармаштан кийин күрттөрдүн куралдуу кошууну - Сириянын демократиялык күчтөрү 10 жылдан бери көзөмөлдөп келген провинциялардан, анын ичинде газ кендеринен чегинүүгө макул болду.

Сириянын армиясы Алеппо жана Дейр-эл-Зор аймактарынын ири бөлүктөрүн, Евфрат дарыясындагы эки ГЭСти ээлегени маалымдалды.

Өкмөттүк күчтөр бир кездери «Ислам мамлекети” террордук уюмунун таянычы болгон Ракка шаарын да кайтарып алганы белгилүү болду.

Сириялык күрттөр жарандык согуш маалында өлкөнүн түндүк-чыгышында жана Алепподо автономдуу аймактарды түзүшкөн Сирия демократиялык күчтөрү Дамаскидеги жаңы бийлик менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, былтыр жылдын аягына чейин бирдиктүү сириялык армияга кошулушу керек болчу. Тараптар бул пландын ишке ашпай калышына бири-бирин күнөөлөгөн.

Жыл башынан бери жаңжал болгон аймактан болжол менен 10 миң адам чыгып кеткен.

Күрт кошуундарынын жапырт чегинүүсү Ахмед аш-Шараа башында турган исламчыл согушкерлердин Башар Асад режими кулатылган 2024-жылдан берки чоң ийгилиги болуп калды.

Өлкөдөгү кырдаалдан улам Сириянын утурумдук президенти аш-Шараа 19-20-январга пландалган Германияга сапарын башка күнгө калтырды.


Шерине

XS
SM
MD
LG