Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:54

Тамак-аштан уулангандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жайкы аптапка байланыштуу ооруканага тамак-аштан ууланып кайрылгандар көбөйдү.

Жугуштуу илдеттер боюнча республикалык ооруканага бир күндө 270-300 адам кайрылууда. Буга чейин кызамык дарты да жайылып жатканы айтылган. "Арай көз чарай" берүүсүндө дарттын алдын алуу жөнүндө суроолорго жооп издейбиз.

Талкууга Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова жана Жугуштуу илдеттер боюнча республикалык оорукананын бөлүм башчысы Надыр Жөөбаев катышты.

“Азаттык”: Жайкы аптапта оорукана бейтапка толгону, күнүгө 300гө чейин киши кайрылып жатканы айтылды. Жалпы кырдаал кандай болуп жатат, ооруканага кайрылуунун себептерине токтолсоңуз?

Надыр Жөөбаев.
Надыр Жөөбаев.

Надыр Жөөбаев: Күндүн ысышына байланыштуу курч мүнөздөгү ич өткөк оорулары күчөп турган учур. Эгер 26-июлдагы статистиканы алсак, биздин стационарда жалпысынан 350дөй бейтап бар. Анын 200гө жакыны ич өткөк оорулары менен кайрылгандар.

Бир сутканын ичинде 250 киши кайрылды, анын ичинен 90дон ашууну ооруканага жатты. Басымдуу бөлүгү балдар. Негизги себептери - балдар болобу, чоңдор болобу, өздүк тазалыкты сактабаганы, экинчиден, базарлар жер-жемишке толуп турган учур. Аларды жуубай, тазалабай жегенин улам да болууда.

Мындан сырткары, бир бейтап ооруса башкалар менен да байланышып, жугат. Учурда жандандыруу бөлүмүндө төрт бейтап жатат. Алардын экөө ич өткөк, экөө көк жөтөл менен келген. Быйыл жугуштуу көк жөтөл оорусу менен кайрылгандар да көбөйүп жатат. Былтыр ушул маалда 75 киши жатса, быйыл 265ке жетти.

“Азаттык”: Ушул маалда жугуштуу кызылча дартына чалдыккандар да көбөйүп жатат. Ага эмне себеп болуп жатат?

Гүлбара Ишенапысова.
Гүлбара Ишенапысова.

Гүлбара Ишенапысова: Бүгүнкү күндө 350дөй учур катталды. Анын ичинен 45% - бир жашка чейинки, эмделбеген балдар. Андан сырткары эмдөөдөн баш тарткандардын балдары кызылча дартына чалдыгып жатышат. Алардын саны азыр 20% жетип калды.

Негизи эле бул дарт менен катталгандар Европа аймагында Румынияда, Украинада, Орусияда, Италияда көбөйүп жатат. Бул жакта 12 миңге жетти. Бизге да былтыр Москва шаарынын эки эмделе элек бала ооруп келген. “Эки жакка чыкпагыла, оорулуулар менен байланыш болуп калды” дегенине карабай жаңы жылдык майрамга Кыргызстанга келип, үйүндө дарыланып жата беришкен.

Оору аба менен жуккандыктан ооруканага жатканда ал жерден 40тай балага жуккан. 3-4 жылдан бери диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткан учурлар көбөйүп кетти. Жалаң эле ушундай себептен эмес, ата-энелер социалдык тармактардан эле туура эмес маалымат алып жатышат. Биз көп жылдан бери эмдөө жүргүзүп, кийинки жылдары кызылча дээрлик катталбай калган. Ушундай эле шал оорусу да эмдөөнүн натыйжасында кыйла азайды.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кыргызстанда күчөгөн ич өткөк, кызылча, көк жөтөл дарттары
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:35 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG