Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:23

Украин каарманы, диссидент жана акын Васил Стус


Украин диссидент ишмери жана акыны Васил Стус (1938–1985)
Украин диссидент ишмери жана акыны Васил Стус (1938–1985)

Мурдагы советтик тоталитардык режимдин азап-тозогун көрүп, абакта өлгөн украин акыны Васил Стус (1938–1985) өз элинин эсинде эрки майышпаган айдың катары түбөлүккө калды. Тарыхчынын блогу.

Кыргыздын жаш муундары өз элинин каармандарынын баркын жакшылап салыштырып билүү үчүн дүйнөдөгү башка элдердин да чыгаандарынын демократия үчүн күрөштөгү жарандык салымдарын үйрөнө жүрүүсү кажет.

Бүгүнкү кептин оролу украин элинин айтылуу айдыңы, совет доорундагы диссиденттик кыймылдын бараандуу мүчөсү, саясий себептер менен абакта азап чеккен жаран, ою жана ырлары аркылуу эл эркин билдирген акын Васил Стус (украинче: Василь Семенович Стус; 06.1.1938 — 04.9.1985) жөнүндө болмокчу.

Чындыкты таамай айтуудан эч кайтпаган бул акынга ал өлгөндөн 20 жылдан кийин эгемен Украинанын Баатыры деген жогорку наам жөн жерден ыйгарылбагандыгы бул макалабызда да баса белгиленет.

Балалык, жаштык кез

Васил Стус 1938-жылы 6-январда Рахновка кыштагында туулган (азыр бул кыштак Украинанын Винница облусуна караштуу Гайсинск районунда жайгашкан).

Анын ата-энеси Семён менен Ирина Стус дыйкан чарбаларын мажбурлап коллективдештирүү жүрүмүндө жакырланып калышып, 1939-жылы аргасыздан Сталино шаарына (азыркы Донецк) көчүп келишкен. Васил төрт балалуу үй-бүлөнүн кенже уулу болгон.

Мектепте жогорку класстарда окуп жүргөндө эле Васил темир жолдо иштеп, үй-бүлөсүнүн жан багышы үчүн салым кошкон.

Улан кезинде эле ал ошол учурда украиналык классиктердин СССРде тыюу салынган чыгармалары менен таанышкан. Бул акын-жазуучулар сталинизм дооорунда атылып же айдалып кеткендиктен, алардын ысымдары мектептеги адабият окуу китебинде жана “Хрестоматиясында” эч эскерилчү эмес.

Украиндер кийин “Атууга кеткен Кайра жаралуу” (“Розстріляне відродження”) деп атаган бул айдыңдардын 1920-жылдын соңундагы жана 1930-жылдардын башындагы чыгармалары “улутчул маанайда” жазылган деген кинеге кабылган болчу.

Жүздөн ашуун (ал түгүл миңге чамалап барган) сандагы украин акын-жазуучулары жазыксыз жерден абакка камалып, сүргүнгө айдалып, кыйласы 1937–1939-жылдары атууга кетишкен.

Алардын айрымдары ойлорун ачык билдиришсе, башкалары “уугум сага айтам, уулум сен ук” дегендей саптардын артына жашыруун ойду ширелтип жазышкан.

Демек, эркин ой чабытка чакырган бул чыгармалар өспүрүм Васил Стустун инсан катары калыптанышында тагдырлык бурулушту жасаган.

1954-жылы Донецктеги орто мектепти күмүш медал менен аяктагандан кийин Стус мырза Донецк (мурдагы Сталино) шаарындагы Сталин атындагы педагогикалык университеттин тарых-филология факультетине тапшырган.

Мында ал Т.Духовныйдын жетекчилигиндеги адабий студияда таалим алган.

1959-жылы университетти аяктагандан кийин ал Украинанын Кировоград облусуна караштуу Гайворонск райоундагы Таужное (Таужне) кыштагындагы орто мектепте украин тили жана адабияты мугалими болуп 3 айдай иштеген.

1959-жылы ал өзүнүн туңгуч ырларын “Адабий Украина” (“Літературна Україна”) басылмасында Андрей Малышканын кириш сөзү менен жарыялаган.

1959–1961-жылдары Стус мырза советтик армиянын катарында Түштүк Уралда кызмат өтөгөн.

1961–63-жылдары ал Донецк облусундагы Горловка (Го́рлівка) шаарындагы № 23 орто мектепте украин тили жана адабияты мугалими болгон жана Донбасста кенчи болуп да иштеген.

1963-жылдын мартынан октябрына чейин ал “Социалисттик Донбасс” (“Соціалістичний Донбас”) гезитинде адабий редактор кызматын да аркалаган.

Ал 1963-жылы күзүндө Тарас Шевченко атындагы Киев адабият институтунун аспирантурасына “адабият теориясы” адистиги боюнча өткөн. Ага “Көркөм чыгарманын эмоционалдуулук булактары (көркөм прозанын материалы боюнча)” деген темада кандидаттык иш жазуу милдети тапшырылган.

Аспирант кезинде ал Гөте, Рилке, Лорка жана башка классиктердин чыгармаларын украин тилине которгон жана бир катар адабий сын макалалар жарыялаган.

Диссиденттик телчигүү

Никита Хрущевдин СССРдеги бийликтеги жылдары сталинизм бир кыйла соккуга кабылгандыгы маалым.

Бул учурда башталган жаңычыл маанай кийин да Леонид Брежневдин бийликтеги алгачкы жылдарында ой чабыттагы желаргы катары улантылган эмеспи.

Дал ошол кезеңде, 1965-жылдын 4-сентябрында Киевдеги “Украина” кинотеатрында режиссёёр Сергей Параджановдун (1924–1990) “Унутта калган ата-бабалардын көлөкөлөрү” (Тіні забутих предків) деген даңазалуу көркөм тасмасын коомдук көрсөтүү чарасы өткөрүлдү.

Бул иш-чарага эриш-аркак украин адабиятчылары Иван Дзюба (Іван Дзюба; 1931–2022), Юрий Бадзө (Юрій Бадзьо: 1936–2018) жана Вячеслав Черновол (В'ячеслав Чорновіл; 1937–1999) саясий нааразылык чарасын уюштурган. Алар украин айдыңдарын камакка алуу толкунуна карата нааразылык билдиришкен.

Маселен, кинотеатрдагы маданий иш-чара маалында Иван Дзюба кинотеатр залынын төрүнө гүл менен чыгып, 1965-жылы август айында жазыксыз жерден камакка алынган диссиденттердин (Иван Светличный, Святослав Караванский, Михайло жана Богдан Гориндер, Иван Гель) ысымдарын атаган.

Бул нааразылык чарасы маалында аспирант Васил Стус да кесиптештерине өз тилектештигин билдирген.

Албетте, бул окуя жаш илимпоз үчүн изсиз калган жок. 27 жаштагы Васил Стус аспирантурадан чыгарылып салынды.

Васил Стус үй-бүлөсү менен (солдон оңго): жубайы Валентина, уулу Дмитро, жээни Татяна жана эжеси Мария. 1969-ж.
Васил Стус үй-бүлөсү менен (солдон оңго): жубайы Валентина, уулу Дмитро, жээни Татяна жана эжеси Мария. 1969-ж.

Ошол эле жылы декабрда ал Валентина Попелюх (Валентина Василівна Попелюх; 19.6.1938 – 25.3.2022) айымга үйлөндү. Алар кийинки, 1966-жылы 15-ноябрда Дмитрий (Дмитро) аттуу уулдуу болушкан.

(Алардын уулу Дмитрий кийинчерээк жазуучу, адабиятчы жана илимпоз болду. Ал 1995-жылы өз атасынын адабий мурасы жаатында диссертациясын коргоп, филология илимдеринин кандидаты даражасына арзыды).

Аспирантурадан чыгарылган соң, Васил Стус ар кыр кара жумуштарда да иштеди (от жаккыч да болду), ара-чолодо тарых архивинде жарым жылдай эмгектенди.

Стус мырза укук коргоочу катары ар кыл иш-чараларга жигердүү катышты.

Маселен, ал акын, адабиятчы жана диссидент Иван Светличныйдын (Іван Олексійович Світличний; 1929—1992) камалышына каршы нааразылык чараларына жандуу катышып, “Нааразылык каты – 139” деген документке кол койгондордун арасында блду. Ал сүрөтчү жана диссидент Алла Горскаянын (Алла Олександрівна Горська; 1929—1970) өлүмү үчүн КГБны ачык айыптап чыкты.

Гёте менен Лорканын айрым чыгармаларынын украинче котормолорун ал Васил Петрик деген каймана (адабий) ат менен жарыкка чыгаргандыгын эске албаганда, бул учурда акын Стус Украинада эч бир жерде өз чыгармаларын жарыялай алган эмес.

Стус мырза инсандын керт башына сыйынууну калыбына келтирүүгө каршы жигердүү нааразылык билдирип жүрдү. Анын Украинанын Жазуучулар биримдигине жана айрым редакторлорго жолдогон каттары жана кайрылуулары Украинада чыныгы демократиялык тартипти орнотууга жана адам укуктарын кадырлоого чакырык таштап жатты.

Васил Стус (1938–1985), көрүнүктүү украин акыны жана диссиденттик кыймылдын мүчөсү. Советтик абактагы фото.
Васил Стус (1938–1985), көрүнүктүү украин акыны жана диссиденттик кыймылдын мүчөсү. Советтик абактагы фото.

Советтик абак жылдары

Васил Стус 1972-жылы 12-январда украиналык бир катар диссиденттер менен бир убакта камакка алынды. Ошол жылы сентябрда анын үстүнөн Украина ССРинин Кылмыш-жаза кодексинин “Антисоветтик үгүт кылмышы” жаатындагы 62-беренесине ылайык соттук жүрүм өткөрүлдү жана ал айыптуу деп табылды.

Васил Стус Орусиядагы Мордва жергесинде беш жыл түрмөдө отуруп, андан соң эки жыл Магадан облусунда сүргүндө жүрдү.

1979-жылы сентябрда акын Киевге кайтып келип, укук коргооочу катары өз ишмердигин улантты. Ал "абийир туткундарын" коргоо боюнча иш-чараларга катышып жүрдү.

1978-жылы акын Стус британдык “Пен-клубдун” ардактуу мүчөсү болуп калды.

Ал эми 1980-жылдын башында Стусту экинчи ирет камакка алышты.

Стустун жеке өзүнүн бир нече ирет нааразылык билдиргенине карабастан, анын жакточусу катары жаш жактоочу Виктор Медведчук таңууланган.

(Бул юрист кийинчерээк Орусиянын президенти Владимир Путиндин украиналык “кан досу” [краинче “кум”] болуп калган жана ал Киевде камакка алынганда, Путин аны орусиялык баскынчы аскерлер туткунга алган украиндик баатыр жоокерлерге айырбаштап бошотуп, Орусияга чыгарып кеткен).

Кийинчерээк, 2016-жылы адистик иликтөөлөр айгинелегендей, адвокат Медведчук соттолуп жаткан Стустун тагдырына кайдыгер караган, аны аңдоого тырышкан эмес, ал түгүл адвокаттык жүрүм-турумду одоно бузуп, өзү жактап жаткан Стустун атынан анын “күнөөсүн моюнга алганга” чейин барган.

Дарницк райондук сотунун алдындагы нааразылык чарасындагы көрнөктө "Стус күтүп жатат! Медведчук соттолсун!" деп жазылган. Киев шаары, 16.10. 2020.
Дарницк райондук сотунун алдындагы нааразылык чарасындагы көрнөктө "Стус күтүп жатат! Медведчук соттолсун!" деп жазылган. Киев шаары, 16.10. 2020.

Айтор, жабык эшик шартында өткөн сот жүрүмү бир катар одоно укук бузуулар менен коштолгон. Айыпталуучуга акыркы сөз сүйлөө укугу берилген эмес.

Ал өзүнө жактоочу катары дайындалган адвокат Виктор Медведчуктан баш тартып, өзүн өзү коргоого аракет кылган. Бул үчүн Стус сот залынан чыгарылып, ага карата өкүм анын сыртынан (анын өзү сот залынан күч менен кетирилген соң) шардана кылынган.

Стус адилетсиз сот тарабынан 10 жылдык мажбурлап иштөө жана 5 жылдык сүргүн жазасына өкүм кылынган.

Айтылуу диссидент, академик Андрей Сахаров бул окуя тууралуу кабардар болгон соң, Стуска карата чыгарылган сот өкүмүн “советтик репрессиялык системанын дагы бир маскараланышы” катары айыптаган.

Акын Стус Стусов, 1980-жылдын ноябрь айынан тартып Орусиянын Перм облусунун Чусовский районуна караштуу Кучино кыштагынын жанындагы “Пермь-36” (ВС-389/36-1) лагеринде абактык мөөнөтүн өтөй баштаган. Мында ал ара-чолодо жазуу жана которуу ишмердигин уланткан.

1983-жылы лагердин башкармалыгы акынга өз ырларын жана котормолорун кат аркылуу жакындарына жөнөтүүгө тыюу салган. Бирок диссидент акын тымызын жолдор менен айрым чыгармаларын Батышка жөнөтүүгө жетишкен.

1985-жылы чет өлкөлөрдөгү украин дисапорасынын айдыңдары Васил Стусту Нобел сыйлыгына талапкер катары көрсөтүүгө ниеттенишкендиги да белгилүү.

Акындын капастагы өлүмү

Васил Стус абакта өзүнө карата жасалган ырайымсыз жана адилетсиз мамилелерге нааразылык билдирип, бир нече жолу саясий ачкачылык жарыялаган.

1985-жылдын 27-августунда Стус абактагы камерада китеп окуп жатып, “чыканагын керебетке жөлөп, андагы жамынчынын сынын бузуп койгондугу үчүн” жаза иретинде обочо бөлмөгө (карцерге) камалган (иш жүзүндө, акындын камактагы жоро-жолдоштору кийин айткандай, “керебетти бузуу” жоругу – тек гана диссидент акынга жалаа жабуу болгон).

Бул адилетсиз мамилеге каршы нааразылык иретинде Стус 28-августта мөөнөтсүз кургак ачкачылык жарыялаган.

Диссидент акын 1985-жылы 4-сентябрда дал ушул “кургак ачкачылык” маалында каза болгон. Анын өлүмүнүн себебин абактын расмий жетекчилери “жүрөгүнөн кармады” деп түшүндүрүшкөн.

Акындын жесири Валентинага Василдин каза болгондугу тууралуу кабар 5-сентябрда эртең менен гана жеткен. Анын өтүнүчүнө каршы, сөөк коюу жөрөлгөсү акындын жесиринин жана башка туугандарынын катышуусуз өткөн.

Совет бийлиги акындын өлүмү тууралуу кабарды анын диссидент досторунан 1985-жылдын октябрынын ортосуна чейин жашырып келген. Абак башкармалыгы абак мөөнөтү аяктаганга чейин маркумдун сөөгүн кайра көмүүгө уруксат берген эмес. Стустун жеке буюмдарынын көпчүлүгү да үй-бүлөсүнө эч кайтарылган эмес.

Акындын сөөгү оболу Орусиянын Перм облусундагы Чусовский районуна караштуу Борисово кыштагынын жанындагы көрүстөнгө коюлган.

1989-жылы Василий Стустун сөөгү салтанаттуу түрдө Украинага жеткирилип, Киев шаарындагы Байково көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган.

Стус мырза 1990-жылы (өлгөндөн 5 жылдан кийин) толук акталган.

Васил Стустун сөөгүн Уралдан Украинага алып келип, кайра аруулап көмүү маалы. Киев. 19.11.1989.
Васил Стустун сөөгүн Уралдан Украинага алып келип, кайра аруулап көмүү маалы. Киев. 19.11.1989.

Чыгармачыл мурасы

Стус – көптөгөн ырлардын жана бир катар адабий сын макалалардын, анын ичинде Павел Тычинанын “Доордун феномени” (украинче: “Феномен доби”) чыгармасы жаатындагы ири изилдөөнүн автору. Ал Киплинг, Гөте, Лорка, Рилке жана башка авторлордун айрым чыгармаларын украин тилине которгон.

Анын көзүнүн тирүүсүндө өзүнүн “Кышкы дарактар” (украинче: “Зимові дерева”. – Брүссел, 1969) ырлар жыйнагы гана чет мамлекетте жарык көргөн.

Албетте, ал камала электе бир катар мезгилдүү басылмаларда жана жамааттык жыйнактарда айрым макалалары жана ырлары жарыяланган болчу. Кийинчерээк анын айрым котормолорунун тексттери котормочунун адабий ысымы менен гана жарык көргөн.

Демек, акын көзүнүн тирүүсүндө өз өлкөсүндө эч бир чыгармасын китеп түрүндө жарыялай алган эмес.

Стустун “Жан дүйнө кушу” (украинче “Птах души”) деп ал өзү атаган чыгармалар жыйнагынын кол жазмасы абакта дайынсыз жоголуп кеткен. Бул жыйнак акын экинчи ирет абакта отурган мезгилде түзүлгөн болчу.

Болжол менен 500дөй ыр жана котормо бар деп жоромолдонгон бул кол жазма дептер маркум акындын жакындарына эч тапшырылган эмес.

В.Стустун “Кышкы дарактар” (“Зимові дерева”) ырлар жыйнагынын мукабасы.
В.Стустун “Кышкы дарактар” (“Зимові дерева”) ырлар жыйнагынын мукабасы.

Ыр мурасынан айрым саптар

Акын Стус украин элинин фолклордук мурасындагы элдик поэзиянын салтын жаңыча шөкөттөп, ошондо да окурманды шайкелең маанайга эмес, олуттуу ойлонууга чакырган.

Маселен, адатта ар кыл элдик майрамдар үчүн чыгарылчу шайыр жана уйкаш саптуу ырларга окшогон бир төрт сап ырга көңүл бөлөлү.

На Водохреща маєм

Об, Іртиш, Єнісей,

а в очах не світає,

тьма не йде із очей

Чокунабыз суубуз көп –

Обь, Ыртыш, Энесай.

Бирок көздө жарык жок,

Кара түндүн желеси ай!

(Мында “Водохреще” – ортодокс христан славяндардын ар жылы 19-январда сууга чөмүлүү менен коштолчу диний майрамынын аты).

Васил Стустун эстелик барельефи. 2001-жылы бул такта Донецк улуттук университетинин филология факультетинин имаратына орнотулган. Аны жикчилер 2015-жылы алып салышкан.
Васил Стустун эстелик барельефи. 2001-жылы бул такта Донецк улуттук университетинин филология факультетинин имаратына орнотулган. Аны жикчилер 2015-жылы алып салышкан.

Акындын дагы бир ыр саптары ага арналган эстелик тактачада да чөгөрүлүп жазылган.

2001-жылы бул эстелик такта Донецк шаарындагы Донецк улуттук университетинин филология факультетинин имаратына орнотулган. Анын авторлору – донецктик айкелчи Виктор Пискун жана архитектор Леонид Брынь.

Эскерткич тактада украинче мындай деп жазылган: “Бул имаратта 1954-жылдан 1959-жылга чейин көрүнүктүү украин акыны Васил Стус окуган”.

Ал эми акындын сүрөтүнүн жанына анын төмөнкү ыр саптары да чегилген (котормо -- ушул саптардын ээсиники).

Кандай жакшы коркпогонум өлүмдөн

Жаза жүгүн оор деп эч бир кейибейм.

Соттоочулар, силерге эч бүгүлбөйм,

Туйса деле оор жазаны жүрөгүм.

Жашай алган, сүйгөн, аруу пендемин,

Жек көрүү, каргыш, өкүнүчкө туш болбой,

Кайран элим, кайтып сага келемин.

Өлсөм деле кайтып келем өмүргө,

азап чеккен, эч күнөөсүз бейнемде.

Уулуң болуп, жерди чийе ийилем,

Чынчыл көзүңө чынчыл карап тигилем,

Өлсөм деле туулган жерге ширелем.

Украинче түп нускада:

Як добре те, що смерті не боюсь я

і не питаю, чи тяжкий мій хрест,

що перед вами, судді, не клонюся

в передчутті недовідомих верст,

що жив, любив і не набрався скверни,

ненависті, прокльону, каяття.

Народе мій, до тебе я ще верну,

як в смерті обернуся до життя

своїм стражданням і незлим обличчям.

Як син, тобі доземно уклонюсь

і чесно гляну в чесні твої вічі

і в смерті з рідним краєм поріднюсь.

Айтмакчы, путиндик режимге таянып алып, өзүн-өзү эгемен жарыялаган жикчил Донецк Элдик Республикасы делген түзүлүштүн Элдик кеңеши 2015-жылдын апрелинде бул эстелик тактаны Донецк университетинин филология факултетинин имаратынан алып салуу тууралуу чечим кабыл алган.

Ал эми Винница шаарына убактылуу көчүрүлгөн Донецк улуттук университети 2016-жылдан бери Васил Стустун ысымын алып келет.

Васил Стустун айкели. Гайворон шаары, Украина. 09.7. 2021.
Васил Стустун айкели. Гайворон шаары, Украина. 09.7. 2021.

Эстутум

Эгемен Украинанын бийликтери демократ акын жана диссидент Васил Стустун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн ар кыл чараларды ырааттуу жүзөгө ашырып келет.

Акын Стустун “Оору чыйыры” (украинче “Дорога болю”) деген поэзиялык жыйнагы 1991-жылы Украина ССРинин Т.Г.Шевченко атындагы Мамлекеттик сыйлыгына (өлгөндөн кийин) татыган.

Ал эми 1997-жылы Стус V даражадагы “Даанышман князь Ярослав” ордени менен (өлгөндөн кийин) сыйланган.

2005-жылы 26-ноябрда ага “Украинанын Баатыры” деген жогорку наам (өлгөндөн кийин) ыйгарылган. (Бул наам тууралуу жардыкка ал кездеги ыңкылапчы президент Виктор Ющенко кол койгон).

2008-жылы Украинанын Улуттук банкы Васил Стуска арналган наркы 2 гривна болгон эстелик тыйынды чыгарган.

2017-жылдын 9-февралында Полшанын борбор шаары Варшавадагы аянтка Васил Стустун ысымы ыйгарылган.

2019-жылы 5-сентябрда Украинада Стус тууралуу "Тыюу салынган" (“Заборонений”) аттуу көркөм биографиялык тасма алгач көрсөтүлдү. Тасмадагы башкы ролду өнөрпоз Дмитрий Ярошенко аткарган.

2021-жылдын 14-июлунда Краматорск шаарында айкелчи Вячеслав Гутыря даярдаган Стустун айкели салтанаттуу ачылды.

Украинанын Киев, Харьков, Одесса, Винница, Ивано-Франковск, Краматорск жана башка шаарларында Стус атындагы көчөлөр бар.

Демек, азыркы эгемен Украинанын эли өзүнүн акын жана диссидент ишмер болгон, аз жашаса да, адилет сөздөн майтарылбастан саз жашаган чыгаан кулунунун элесин татыктуу эскерип келет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG