Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

«Боингден» күмөн саноо күч алды


«Боинг 737 MAX 8» учагы.
«Боинг 737 MAX 8» учагы.

Эфиопиядагы кырсык «Боинг 737 MAX 8» учагынын коопсуздугу боюнча талкууну күчөттү. Кытай менен Эфиопия аталган үлгүдөгү учактарды колдонууга тыюу салды.

Эфиопиянын борбору Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге бараткан учак 10-мартта Бишофту шаарына жакын жерде кулаган. Күбөлөрдүн айтымында, кулагандан кийин ал жарылып, дароо күйүп кеткен. Борттогу 157 кишинин бири да аман калган эмес.

Бул кырсык колдонууга эки жыл мурда берилген «Боинг 737 MAX 8» учагы канчалык коопсуз экендиги тууралуу талкууну күчөттү. Анткени дал ушундай үлгүдөгү учак былтыр октябрда Индонезияда кулап, 189 адамдын өмүрү кыйылган. Кытайдын бийлиги 11-мартта «Боингдин» бул түрүнө тыюу салды.

«Эки учурда тең сөз жаңы «Боинг 737 MAX 8» тууралуу болуп жатат. Ошондой эле экөөндө тең кырсык көтөрүлүү учурунда болгондуктан, кандайдыр бир деңгээлде окшоштук бар» деп айтылат Жарандык авиация башкармалыгынын билдирүүсүндө.

Кытайдын «Air China», «China Eastern Airlines», «China Southern Airlines» жана башка авиакомпанияларында «Боингдин» бул түрүнүн 90дой учагы бар.

«Боинг 737 MAX 8» учагына Эфиопия да тыюу салды. Кырсыкка кабылган учак таандык болгон «Эфиопия аба жолдору» компаниясынын Кениядагы менежери Йилма Гошу:

- Кечээтен бери кошумча коопсуздук чараларын эске алуу менен эфиопиялык авикомпаниялардагы «Боинг 737 MAX 8» учактарынын баары токтотулду. Бирок бул кырсык ушул үлгүдөгү учакта кемчилик бар дегенди билдирбейт. Биз болгону кошумча коопсуздуктан улам ушундай чечим кабыл алдык. Бул багытта иликтөө уланат, - деди.

«Боинг 737 MAX 8» – «Боинг 737нин» төртүнчү мууну. 2016-жылдын 29-январында алгач ирет учуп, сындан өткөрүлгөн. Ал 2017-жылы майда пайдаланууга берилген.

«Боинг 737 MAX 8» учагы.
«Боинг 737 MAX 8» учагы.

«Эфиопия аба жолдоруна» таандык учактын кырсыкка кабылышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Учууга көз салган «Flightradar 24» сайты абага көтөрүлгөндөн кийин учактын вертикалдык ылдамдыгы туруктуу болбогонун көрсөтүүдө.

«Эфиопия аба жолдору» компаниясынын башкы директору Теволде Гебремариам учкуч жерден көтөрүлгөндөн бир канча мүнөттөн кийин авиадиспетчер менен байланышып, Аддис-Абеба аба майданына кайра кайтып келүүгө уруксат сураганын билдирүүдө. Ошондон көп өтпөй эле байланыш үзүлгөн. Башкы директордун айтымында, былтыр жыл акырында сатылып алынып, 1200 саат кызмат кылган учак жаңы деп эсептелчү.

- Биз күнүнө 300 каттам уюштурабыз. «Эфиопия аба жолдору» - абдан коопсуз авиакомпания. Каттамдар жакшы жүрөт. Бул сейрек учур, абдан өкүнүчтүү окуя жана күтүүсүз кырсык. Биз каза тапкан жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын жакындарына кам көрүп жатабыз, - деди Теволде Гебремариа.

Учак кулаган жерде иштеп жаткан адистер. 10-март, 2019-жыл.
Учак кулаган жерде иштеп жаткан адистер. 10-март, 2019-жыл.

​Учак кырсыгынан борттогу 157 кишинин бири да аман калган эмес. Алар 35 өлкөнүн жарандары экенин Кениянын транспорт министри Жеймс Мачария билдирди:

- Арасында эң көп жабыркаганы - өзүңөр болжоп тургандай, Кения. 149 жүргүнчүнүн 32си биздин жарандар болгон. Канаданын 18, Эфиопиянын тогуз, Кытайдын сегиз, Египеттин алты, Нидерландынын беш, Франция менен Британиянын жетиден, Индиянын төрт, Италиянын сегиз жараны болгон. Ошондой эле Словакиядан төрт, АКШдан сегиз жаран. Башка да бир нече өлкөнүн бирден-экиден жарандары бар экен.

Бириккен Улуттар Уюму ар кайсы агенттиктеринин 19 кызматкери курман болгонун билдирди.

Словак парламентинин мүчөсү каргашалуу каттамда аялы жана эки баласы болгонун айтты.

11-мартта Эфиопияда аза күтүү жарыяланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG