Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Эфиопия: учак кырсыгында БУУнун 19 кызматкери каза тапты


Кырсыктан кийин.
Кырсыктан кийин.

Кырсыкка учураган «Ethiopian Airlines» компаниясына таандык «Боинг-737» учагында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 19 кызматкери болгон. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш «Твиттердеги» баракчасына жазып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Кырсыкка байланыштуу БУУнун имаратындагы туулар түшүрүлөт.

Эфиопиянын борбору Аддис-Абебанын жанына кулаган учакта жалпысынан 157 киши бараткан. Алар 35 өлкөнүн жарандары болгон. Кырсыктан эч ким аман калган жок.

«Боинг-737» 10-марттын таңында Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге бет алган. Ал абага көтөрүлгөндөн алты мүнөт өткөндө кырсыкка кабылган.

Кырсыктын себептери азырынча белгилүү боло элек.

XS
SM
MD
LG