Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:40

Нобелдин медицина сыйлыгы быйыл микроРНК ачкан эки окумуштууга ыйгарылды


Сыйлыкты жарыялоо.
Сыйлыкты жарыялоо.

Нобелдин физиология жана медицина боюнча быйылкы жылдагы сыйлыгын америкалык окумуштуулар Виктор Эмброс жана Гэри Равкан алууда. Нобел комитетинин маалыматына караганда, бул сыйлык аларга "микроРНКны ачканы жана анын генди жөнгө салуудагы ролун изилдеп чыкканы үчүн» ыйгарылды.

Молекулярдык биология боюнча көп изилдөө жүргүзгөн бул окумуштуулар ачкан микроРНК башка молекулалар менен катар көптөгөн ген активдүүлүгүн аныктоого жөндөмдүү жана ал организмдин өсүп-өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү деп белгиленди.

Гарварддык Гэри Равкан 72 жашта, ал АКШнын Улуттук илимдер академиясынын, Медицина академиясынын жана Философия коомунун мүчөсү.

70 жаштагы Виктор Эмброс Вустердеги Массачусетс университетинин профессору, ал дагы АКШнын Улуттук илимдер академиясынын жана Искусство жана илим академиясынын мүчөсү.

Сыйлыктын өлчөмү 11 миллион швед кронун (болжол менен 900 миң евро) түзөт.

Былтыр Нобелдин медицина боюнча сыйлыгы венгриялык окумуштуу Каталин Карикого жана америкалык биохимик Дрю Вайсманга "COVID-19га каршы натыйжалуу мРНК-вакцинаны иштеп чыгууга жардам берген нуклеин кислотасынын негиздеринин модификациясы жаатындагы ачылыштары" үчүн тапшырылган.

«Нобел аптасы» алкагында эми физика, химия, адабият жана Тынчтык сыйлыгы боюнча жеңүүчүлөр жарыяланат. (RK)

XS
SM
MD
LG