Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

ДСУнун реформасы жана Кыргызстандын ролу


Кытайдын Шанхай шаарындагы порт. 10-июль, 2018-жыл.
Кытайдын Шанхай шаарындагы порт. 10-июль, 2018-жыл.

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) мүчө болгонуна быйыл 20-декабрда туура 20 жыл толуп, анын жыйынтыктары Экономика министрлигиндеги тегерек үстөлдө талкууланганда жалпысынан оң бааланды.

Ал түгүл “ДСУга мүчө болуу Кыргызстанга 15 жылда Кытайдын, Орусиянын, Казакстандын базарларынын ортосундагы соода хабына айланууга жол ачты ", “экономикадагы жараяндардын туура нукта кетишине көмөктөштү” деп айтылды.

Кытай менен АКШнын аяктап бара жаткан 2018-жыл ичиндеги “соода согушунун” шартында Дүйнөлүк соода уюмун реформалоо боюнча чакырыктар күчөдү. Бул уюмдун реформасы деген түшүнүк эмнени туюндурат? Мында майда мамлекеттер менен экономикалардын ролу кандай болот жана алардын кызыкчылыгын ким коргойт?

«Азаттык» радиосунун суроолоруна глобалдык сооданы башкаруунун келечеги боюнча атайын баяндама даярдаган эксперттик топтун башчысы, Италиянын Флоренция шаарындагы Европа институту университетин профессору Бернард Хукман (Bernard Hoekman) жооп берди.

«Азаттык»: - Урматтуу профессор, 2018-жылдын экинчи жарымынан тартып глобалдык соода чөйрөсүндө чыңалуу күчөгөнүнө күбө болдук. Ал эми бул жылдын аягына келип, “глобалдык соода системасы кризисте, анын борбордук органы болгон Дүйнөлүк соода уюму жанданып, реформаланышы үчүн чукул чаралар керек” деген чакырыктар күчөдү. Ушундай эле ойду өз баяндамаңыздарда сиздер да жазып жатасыздар. ДСУну реформалоо маселеси жаңыбы же эскиби?

Хукман: - Бул эски да, жаңы да маселе. Анткени, Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөлөрү азыркыга чейин сүйлөшүүлөрдүн Доха айлампасын (эл аралык соода системасын реформалоо боюнча 2001-жылы расмий башталган сүйлөшүүлөрдү) бүтүрө албай келатышат. Айыл чарба субсидиялары, өнүгүп келе жаткан мамлекеттер үчүн тарифтерди көтөрүү өңдүү эски маселелер дагы эле күн тартибинде турат.

Эми буларга чукулунан чечүүнү талап кылган жаңы маселелердин тобу да кошулду. Мисалы, санариптик экономиканы башкаруу, электрондук коммерцияны тескөө, мамлекеттердин ишканаларды субсидиялашы азыр чоң маселеге айланды. Андыктан Дүйнөлүк соода уюмунун реформасын эски-жаңы көйгөйлөрдүн кошулмасы десек болот.

«Азаттык»: - Дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 85% берген “Чоң жыйырманын” лидерлери да Аргентинадагы акыркы саммитинде реформа тууралуу чакырыкты колдоду. Бир аз тереңдеп, чечмелеп айтып бере аласызбы, глобалдык сооданы тескеген уюмду реформалоо деген өзү эмнени билдирет?

Хукман: - Менимче, Дүйнөлүк соода уюмунун реформасы үчүн эң башкы маселе - сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталышына жетишүү.

Сүйлөшүүлөр он жылдан бери дээрлик токтоп турат да. 2008-жылдан бери олуттуу эч нерсе боло элек. Мунун негизги себеби - Дүйнөлүк соода уюмунун иштөө тартиби. Ал консенсус ыкмасы менен иштейт. Сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн гана эмес, ал тургай кайсыл бир конкреттүү маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү башташ үчүн да анын бардык мүчөлөрү макул болушу керек.

Андыктан азыр Дүйнөлүк соода уюмунда мамлекеттер талкууларды баштап, сөзсүз эле алардын баарына тиешелүү эмес келишимдерди ич ара сүйлөшө алышына мүмкүндүк берүү зарыл болуп турат.

Бернард Хукман
Бернард Хукман

Чын-чынына келгенде ири өлкөлөрдүн ортосундагы азыркы “соода согушунда” биз Дүйнөлүк соода уюмун алар өз ара сүйлөшүп, өз маселелерин 164 мүчөнүн баарын аралаштырбай эле чече алгыдай кылып кыйла натыйжалуу колдонушубуз зарыл. Бул - реформанын биринчи чоң маселеси.

Реформанын экинчиси соода талаштарын жөнгө салууга байланыштуу.

Соода талаштарын чечиш үчүн кайсы бир өлкө эмне кылып жатканын билип туруу абзел. Ооба, буга чейин мамлекеттердин соода саясаттарын баяндап, талдоо жүргүзүү боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун жөндөмүн, кубатын арттырган көп иш жасалды.

Бирок азыр өлкөлөр соода саясатын жүргүзүүдө колдонгон чаралар боюнча алар өздөрү ырааттуу берип турган маалымат жетишсиз.

Мамлекеттер эмне кылып жатканын, алар соода чөйрөсүндө көргөн чаралардын терс кесепеттерин баалап, талдоодо Дүйнөлүк соода уюмунун натыйжалуулугун арттыруу да реформанын бир өңүтү.

Дүйнөлүк соода уюмунун Женевадагы кеңсеси. 26-июль, 2018-жыл.
Дүйнөлүк соода уюмунун Женевадагы кеңсеси. 26-июль, 2018-жыл.

Реформалардын үчүнчү чоң чөйрөсү - өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, өнүгүүнүн проблемалары. Менимче, ири мамлекеттердин ортосундагы соода тирештеринин бир түйүнү мына ушунда жатат. Маселен, дөө-шаалардын бири – Кытай өзүн өнүгүп келе жаткан өлкө деп эсептейт, ушундан улам ал башкалардан азыраак жүк көтөрүшү зарыл деген пикирде. Кошмо Штаттар менен Евробиримдик болсо “Кытай эми соода жеңилдиктерине муктаж эмес” деген көз карашта.

Өнүгүү маселесин ДСУда натыйжалуу чечүү да учурда реформаны талап кылып жаткан жагдай.

"Соода согушунун" таасири

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:46 0:00
Түз линк

«Азаттык»: - “Соода согушунун” бир тарабында турган өлкө – Кытай ДСУга абдан узак сүйлөшүүлөрдөн кийин, 2001-жылы кирген да. Кытайдын ыкчам күч алган ири ички базарынан улам кезинде анын Дүйнөлүк соода уюмга кошулушун АКШ да каалаган. Азыр эми соода саясатына келгенде АКШ Кытайдын кайсы экономикалык чараларына “сооданы талкалайт” деп нааразы болуп жатат? Кытай чын эле ички базарын чет элдик компаниялар үчүн жетиштүү ачпай жатабы?

Хукман: - Кытайга келгенде Кошмо Штаттардын көздөгөнү- анын мамлекет ээлик кылган ишканалары ДСУнун эрежелерин бекем сакташы, өкмөт да тартипти сактап, алардан субсидиялоодон баш тартышы.

АКШ "Кытай мамлекеттик ишканаларына эбегейсиз субсидия берген атайын чаралары аркылуу өз товарларын арзандатуу менен адилетсиз атаандаштык жүргүзүп, Дүйнөлүк соода уюмунун жол-жобосун бузуп жатат, индустриалдык саясатын башкаларга зыян тийгизгидей кылып жүргүзүп жатат" деп эсептейт.

Кытайдын ички базарына кирүүнүн шарттары боюнча да башка мамлекеттер нааразы болгон жагдайлар бар. Бээжин карманган багыт жана тескөө кытайлык фирмалар менен бөлөктөрдүн атаандаштыгына келгенде өздөрүнө жардам берип жатканы талашсыз. Товар сатууга келгенде, Кытайдын ички базары салыштырмалуу ачык, тарифтердин орточо көрсөткүчү анчалык бийик эмес, чет элдик түз инвестиция да көп эле. Бирок ошол эле учурда ички дүң өнүмдүн көрсөткүчтөрүнө салыштырып эсептегенде, Кытайга түз инвестиция аз барууда. Бул базарга кирүүнүн шарттарынын катаалдыгына байланыштуу.

АКШ-Кытай делегацияларынын Буэнос-Айрестеги саммитте "соода согушун" токсон күнгө убактылуу токтотууну макулдашкан жолугушуусу. 1-декабрь, 2018-жыл.
АКШ-Кытай делегацияларынын Буэнос-Айрестеги саммитте "соода согушун" токсон күнгө убактылуу токтотууну макулдашкан жолугушуусу. 1-декабрь, 2018-жыл.

«Азаттык»: - Демек, АКШ менен Кытайдын Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында, анын эрежелерине таянып тил табышуусу башка майда өлкөлөр үчүн да пайдалуу экен да ?

Хукман: - Толугу менен. Бул өтө маанилүү. Анткени, “соода согушунун” кунун майда өлкөлөр да төлөп жатышат. АКШнын болотко, алюминийге, автоунааларга 2018-жылы киргизген жаңы тарифтеринин таасири кандай болгон күндө да дүйнөнүн майда өлкөлөрүнө да тиет. Бул талаштын жөнгө салынышы тескерисинче, алар үчүн пайдалуу.

Реформадан сыртта калбаш керек

«Азаттык»: - Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болгонуна 2018-жылдын 20-декабрында туура жыйырма жыл толду. Эски совет республикаларынын арасынан Кыргызстан ага эң биринчилерден болуп кошулган.

Жыйырма жылдык маараке белгиленгенде бул чечимдин жыйынтыктары оң бааланды. Сиздердин эксперттик топ да глобалдык сооданы башкаруунун келечеги боюнча жазган баяндамаңыздарда “Дүйнөлүк соода уюмун сактап, коргоо майда мамлекеттер үчүн өтө маанилүү. Көп тараптуу соода системасы гана алар үчүн жаңы соода эрежелерин иштеп чыгууга таасир этүүнүн жалгыз аргасы боло алат” деп жазып жатасыздар.

Эгер ДСУ чын эле реформаланса, бул жараянда чакан өлкөлөрдүн ролу кандай болот, алардын кызыкчылыгын ким коргойт?

Хукман: - Алар муну өздөрү гана кылышы керек. Майда мамлекеттердин Дүйнөлүк соода уюмунун реформасындагы ролу - алардын өз ара кызматташтыгы. Анткени майда өлкөлөр маселелердин баарын жалгыз-жарымдап камтый алышпайт. Кээ бир чөйрөлөрдө ири мамлекеттер үстөмдүк кылары турган иш. Кичинекей өлкөлөр үчүн эң маанилүү нерсе - эмне болуп жатканын билип турганы. Алардын өзүнө жана жалпы системага пайда алып келе турган сунуштарды киргизүүдө жигердүүлүгүн көргөзүп, демилгени колго алышы. Көп тараптуулукка ириде алар өздөрү умтулушу керек. Чоң мамлекеттер кандай болгон күндө да ич ара сүйлөшүп алышат. Анын үстүнө АКШнын азыркы администрациясы бардык нерсени эки тараптуу негизде бүтүрүүгө ыктап жатпайбы.

«Азаттык»: - Мисалы, Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун реформасынан сыртта калбаш үчүн эмне кылыш керек? Адис катары кандай сунушуңуз бар?

Хукман: - Менимче, Кыргызстан биринчи кезекте өзү үчүн кайсы маселелер чечүүчү экендигин, анан барып реформа жараянын кандай жол менен колдой ала тургандыгын аныктап алышы керек. Бул өкмөт жана эксперттик топ ойлоно турган маселе.

Мисалы, ДСУнун институт катары маалымат алуу жана соода саясатындагы ачык-айкындыкты камсыздоо боюнча кубатын арттыруу. Буга Кыргызстан өзүнүн соода саясаты боюнча маалыматты учурунда жана туура берүү менен салым кошо алат.

Экинчиси - Дүйнөлүк соода уюмунун ишинин илгерилешине жол ача турган жараянды колдоп-кубаттоо. Муну сиздер бир жагынан Демилгелер боюнча биргелешкен топко катышуу аркылуу жасай аласыздар. Азыр инвестицияга көмөктөшүү, электрондук коммерция өңдүү конкреттүү багыттар боюнча иштер жүрүп жатат. Мына ушул жараяндарга катышуу зарыл.

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгонунун 20 жылдыгы Экономика министрлигинде белгиленген учур. Бишкек, 20-декабрь, 2018-жыл.
Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгонунун 20 жылдыгы Экономика министрлигинде белгиленген учур. Бишкек, 20-декабрь, 2018-жыл.

«Азаттык»: - Кыргызстан 2015-жылдан тартып ЕАЭБ деген аймактык соода-экономикалык уюмга мүчө да. Андыктан ДСУ менен өзүнүн тарифтик милдеттенмелерин өзгөртүү, эки уюмдун ортосунда соода шарттарын шайкеш келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү Бишкек мындан ары да жүргүзүшү керек. Өзү Кыргызстандын тышкы соодасынын 90% ашууну Дүйнөлүк соода уюмуна кирген мамлекеттердин үлүшүнө туура келет. Ушу тапта ДСУнун реформасы башталды деп айта алабызбы, башталса бул жараян канчага созулат?

Хукман: - Бир аз башталды десек болот. Кээ бир конкреттүү маселелер боюнча өлкөлөрдүн чакан тобу сүйлөшүп жатат. Маселен, Евробиримдик өз сунуштарын берди.

Менимче, 2020-жылга барып, Дүйнөлүк соода уюмуна кирген мамлекеттердин министрлер деңгээлинде Астанада өтүүчү XII конференциясына чейин сунуштар топтому иштелип чыгып, күн тартибине коюлушу зарыл. Бул албетте, убакытты талап кылат, андыктан даярдык азыртан башталышы абзел. Анан ошол 2020-жылдын июнь айына Астанада мерчемделген жыйында министрлер реформаны кантип жүргүзүүнү макулдашса керек.

Испаниядагы портто товар салынган контейнерлер. 31-май, 2018-жыл.
Испаниядагы портто товар салынган контейнерлер. 31-май, 2018-жыл.

«Азаттык»: - Урматтуу профессор, жыйынтыктап айтканда, глобалдык сооданы либералдаштыруу деген изги тилек, идея бар эле. “Соода согуштарынан” кийин бул идея азыр деле актуалдуубу же өлдүбү?

Хукман: - Жок, жок, бул азыр деле жакшы идея. Салыштырып, карап көрөлү: биз бүгүн каердебиз, отуз жыл мурда каякта элек? Дүйнө экономикасы ал кездегиден кыйла ачык. Мунун дүйнө боюнча керектөөчүлөрдүн, кожолуктар баарына пайдасы тийди.

Экономикалык изилдөөлөргө деле көз чаптырсак, эгер биз отуз жыл мурдагы акыбалыбызга кайра кайтып барсак, таасири кыйла эле терс болмок. Андыктан глобалдык сооданы либералдаштыруу азыр да жакшы нерсе.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG