Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

Кариб кризисине 60 жыл: дүйнөнү өзөктүк алааматка кептеген чыңалуу


Кариб кризисин түшүндүргөн коллаж. Сүрөттө СССРдин Биринчи катчысы Никита Хрущёв, АКШнын ошол кездеги президенти Жон Кеннеди жана Кубадагы советтик ракеталардын сүрөттөрү чагылдырылган.
Кариб кризисин түшүндүргөн коллаж. Сүрөттө СССРдин Биринчи катчысы Никита Хрущёв, АКШнын ошол кездеги президенти Жон Кеннеди жана Кубадагы советтик ракеталардын сүрөттөрү чагылдырылган.

Дүйнөнү өзөктүк согуштун кырына алып келген Кариб кризисине 60 жыл толду. 1961-жылы АКШ Түркияга баллистикалык ракеталарын орноткондон кийин, 1962-жылы СССР Кубага атомдук бомбаларын жеткирген. Мындагы чыңалуудан улам тараптар аз жерден согушуп кете жаздашкан. Узак сүйлөшүүдөн кийин гана алар куралдарын кайра чыгарып кеткен.

Бирок ушунча жылдан соң – Украинада уланып жаткан куралдуу жаңжалдын айынан дүйнө кайрадан өзөктүк согуш коркунучуна кептелди.

Өзөктүк чыңалуунун төркүнү

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин эки ири держава АКШ менен СССРдин тиреши "Кансыз согуш" деп аталган формага өтөт. Алар жарыша куралдануу менен бирге өз таасирин жайылтуусун күчөтөт.

Москва ар кайсы өлкөлөрдө социалисттик революцияларды колдоп, советтик бийликке ыктаган мамлекеттерге курал-жарак жана аскердик жардам бере баштайт. Советтер союзу Африкадагы жана Латын Америкадагы бир нече өлкөгө, көбүнчө кайтарымсыз көмөк көрсөтөт.

Өз кезегинде Вашингтон да ушуга окшош саясат жүргүзүп, “демократияны орнотуу үчүн революцияларга” шыкак берип, Америкага ыктаган режимдерди колдоп турат. Ал Батыш Ервопадагы өлкөлөрдү, Түркияны, Азиядагы жана Африкадагы айрым мамлекеттерди өзүнө тартат.

Советтер союзу 1958-жылы социалисттик бийлик башкарган Германия Демократиялык Республикасына Р-5 тибиндеги орто аралыктагы баллистикалык ракеталарды жайгаштырат. Ушул эле жылы Кошмо Штаттары “Тор” деп аталган баллистикалык ракетасын Улуу Британияга, “Юпитер” деп аталган баллистикалык ракетасын Италияга алып келет.

Үч жылдан соң – 1961-жылы президент Жон Кеннединин тушунда АКШ Түркиянын Измир шаарына жакын жерге 15 даана “Юпитер” ракетасын коёт. Орто аралыктагы баллистикалык бул куралдардын радиусу 2400 километрге чейин деп саналат. Иш жүзүндө ал Москвага болгону 10 мүнөттө учуп жетмек.

Никита Хрущёв менен Жон Кеннединин биринчи жолугушуусу. Вена, Австрия. 1961-жылдын 3-июну.
Никита Хрущёв менен Жон Кеннединин биринчи жолугушуусу. Вена, Австрия. 1961-жылдын 3-июну.

Советтик стратегдер бул ракеталардан корголбогонун түшүнүп, өзөктүк паритетке жетүү үчүн АКШга жакыныраак жерге ракеталарды орнотууну бийликке сунушташат. 1962-жылы май айында Советтер союзунун башчысы Никита Хрущёв Кубада өзөктүк курал жайгаштыруу чечимин кабыл алат. Ал жактан ракеталардын Вашингтонго жетүү убактысы өтө эле кыскармак.

СССРдин Биринчи катчысы Никита Хрущёв бул жылдардагы жыйындардын биринде Батыш өлкөлөрүндө мындай деп кайрылат:

“Ошондуктан урматтуу мырзалар, “кыңкылдап” жатканда айланаңарды бир карап алгыла. Биз силерди Сталинграддын алдында, Украинада, Беларуста толук талкалаган эмеспиз. Эгер бизге каршы дагы “кың этсеңер” жана чабуул даярдасаңар, биз ушундай жооп беребиз дейсиңер, экинчи “кың дегис” болосуңар”.

Кубадагы 40 өзөктүк дүрмөт

Кубанын лидерлери макулдук бергенден кийин куралдар жана техникалар менен аскерлердин жоон тобу ал жакка жашыруун жөнөтүлөт. Советтик алгачкы кемелер август-сентябрда Кубанын борбору Гаванага келип түшөт.

Ага чейин күмөн санап келген АКШнын бийлиги өзөктүк бомба Кубага жайгаштырылганын октябрдын ортолорунда гана так билет. Аскердик учак тартып келген ракеталардын сүрөтү 16-октябрда президент Кеннедиге көрсөтүлөт. Соңку эсептерде аралга кеминде 40 өзөктүк дүрмөт жайгаштырылганы белгилүү болот.

Кубада жайгаштырылган советтик ракеталардын сүрөтү. 1961-жылдын октябры.
Кубада жайгаштырылган советтик ракеталардын сүрөтү. 1961-жылдын октябры.

АКШнын бийлиги Кубага тандалма сокку уруу, толук масштабдуу аскердик операция баштоо же блокадага алуу сыяктуу варианттарын караштырат. Аскердик түзүмдөр Кубага жакын Флорида штатына жыйналып, толук күжүрмөн даярдыкка келтирилет.

Армиянын кол башчылары бийликти кол салууну токтоосуз түрдө баштоого чакырат. Алар ракеталар толук орнотулган соң баары кеч болорун эскертишет. Бирок америкалыктар кол салса анда Кубадагы советтик аскерлер өзөктүк куралдан сокку урушу мүмкүн эле. Мунун арты атомдук чоң согушка алып келмек.

22-октябрдагы кайрылуусунда президент Жон Кеннеди Кубага СССРдин ракеталары жайгаштырылганын биринчи жолу телеканалдар аркылуу жарыялайт. Ал Кубанын аймагынан атылган бир эле ракета АКШга каршы согуш акты деп кабыл алынарын жар салат.

Президент Жон Кеннединин ошо күнкү кайрылуусунан үзүндү келтирели:

“Мен Куралдуу күчтөргө бардык учурларга даяр болууга тапшырма бердим. Куба эли да, объектилердеги советтик техниктер да, бул кооптуу жагдайдын уланышы бардык тараптарга коркунуч экенин түшүнүп турат деп ишенем. Кубадан атылган бардык өзөктүк ракеталар Советтер Союзунун Кошмо Шттарга кол салуусу катары кабыл алынат жана ага толук кандуу жооп болот”.

Жон Кеннединин Куба деңизде блокадага алуу тууралуу жарлыкка кол коюп жатат. 24-октябрь, 1962-жыл.
Жон Кеннединин Куба деңизде блокадага алуу тууралуу жарлыкка кол коюп жатат. 24-октябрь, 1962-жыл.

Ошентип Кеннединин чечими менен 24-октябрда Куба деңизде блокадага алынат. АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн 180 кемеси аралды толук курчоого алат. Бирок алардын капитандарында президенттин жеке буйругусуз советтик кемелерге ок чыгарбоо тапшырмасы болгон. СССРдин бийлиги бул блокадага моюн сунбай турганын айтканы менен калган кемелерди артка кайтарат.

Чыңалуу жана ультиматум

Советтик Союзу элчилердин деңгээлинде да, жогорку деңгээлде да акыркы убакка чейин Кубага өзөктүк курал жайгаштырганын ырастаган эмес. Хрущёв 26-октябрда Кеннедиге жолдогон телеграммасында биринчи жолу аралда советтик ракеталар бар экенин моюнуна алып, аны СССРге кайтаруу вариантын сунуштаган. Ал Кошмо Штаттарга Кубага кол салбоо жана Түркиядагы ракеталарын чыгарып кетүү боюнча эки талап коёт.

Кубада коюлган советтик ракеталардын жете турган радиустарын түшүндүргөн карта.
Кубада коюлган советтик ракеталардын жете турган радиустарын түшүндүргөн карта.

Бул арада Кубаны курчаган АКШнын аскерлери суу астындагы советтик эки кемени сигнал катары жарылчу граната менен опузалап, артка кайтарат. Аралда жайгашкан СССРдин жоокерлери болсо америкалык бир учакты атып түшүрөт, учкуч ошол жерде каза болот. Бир нече сааттан кийин Кошмо Штаттардын фото чалгын милдетин аткарган дагы эки учагы аткылоого кабылат.

Орусиянын экс-офицери, аскердик эксперт Владимир Бекишал учурдагы чыңалуунун олуттуулугун “Настоящее Время” телеканалынын эфиринде мындайча мүнөздөдү:

Владимир Бекиш
Владимир Бекиш

“Оперативдик-тактикалык же тактикалык ракета – бул талаа куралы. Талаада полктун командири, ракеталык дивизиондун командири бар жана аларга ракетаны атууга укук берилген. Ооба, өз алдынча коё берүүгө укук берилген. Анткени согуштук шартта башкаруу системасы үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн, спутниктик байланыш болбой, радиобайланыш жок, мобилдүүлүк жоголуп кетиши ыктымал. Кариб кризиси маалында да ушуга окшош жагдай болгон. Кубада советтик ракета турган учурда өтө коркунучтуу абал түзүлгөн. Иш жүзүндө Кубадагы ракеталык аскерлердин командирине Америка Кошмо Штаттарына сокку урууда өз алдынча чечим кабыл алууга укук берилген”.

Кырдаал курчуп, чыңалуу туу чокусуна жетет. Кеннединин аскердик кеңешчилери президентти Кубага тез арада кол салууга ишендиргенге аракет кылышат. Америкалык лидер окуянын мындай курчушуна иш жүзүндө даяр болуп калат, бирок акырына чейин тынчтык жол менен чечүүгө үмүттөнөт.

Кубанын лидери Фидел Кастро менен СССРдин лидери Хрущев.
Кубанын лидери Фидел Кастро менен СССРдин лидери Хрущев.

Изилдөөлөрдө Кубанын лидери Фидел Кастро СССРдин жетекчилигине АКШга алдын алуучу өзөктүк сокку урууну сунуштаган. Бирок изилдөөлөрдө Хрущёв “америкалыктар менен сүйлөшүү ийгиликтүү жүрүп жатканын” айтканы белгиленет.

Кантсе да, 1962-жылдын 27-октябры дүйнө глобалдык өзөктүк согуштун босогосуна кептелген “Кара ишемби” деген ат менен тарыхта калган. Ушул түнү Вашингтондо америкалык президенттин иниси менен советтик элчи сүйлөшүү өткөрөт.

Ачык макулдашуу, көмүскө шарт

28-октябрдын таңында Кеннеди Кремлге жөнөткөн катында СССР аралдан куралдарын чыгарып кетсе, АКШ Кубаны блокада кылууну токтоторун жана кол салбай турганын ырастайт.

Хрущёв ага жообунда Вашингтон Түркиядагы ракеталарын чыгарып кетсе гана Москва Кубадагы куралдарын алып кетерин билдирет. АКШ иш жүзүндө буга макул болот, бирок аны атайын макулдашууга жаздырбайт.

АКШнын Улуттук коопсуздук архивинин адиси Питер Корнблук “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун англис тилиндеги сервисине бул шарттарды мындайча баяндап берди:

“Биз эгер СССР Кубадан ракеталарын чыгарып кетсе, Кубага кол салбоо тууралуу пактка кол коюуга расмий түрдө макул болгонбуз. Бирок ошол эле маалда биз СССР чек аралаш аймак деп эсептеген Түркиядан өзүбүздүн ракеталарды чыгарып кетерибизди расмий жарыялаган эмеспиз”.

Тараптар келишкени менен СССРдин ракеталык орнотмолорун жана аскердик күчтөрүн Кубадан чыгарып кетүүсү үч аптага созулат. Ошол жылдын 20-ноябрында АКШ Кубаны блокадасын токтотот. Бир нече ай өткөн соң АКШ Түркиядагы баллистикалык “Юпитер” ракетасын “эскирди” деген шылтоо менен чыгарып кетет.

Кубадагы иштен чыгарылган советтик өзөктүк ракеталар. 2012-жылкы сүрөт.
Кубадагы иштен чыгарылган советтик өзөктүк ракеталар. 2012-жылкы сүрөт.

Бул чечимдерди АКШда, СССРде сынга алгандар болгон. Америкалык айрым аткаминерлер Кубага кол салуудан баш тартууну “тарыхый жеңилүү” деп аташса, НАТОнун өкүлдөрү Түркиядан ракеталарды чыгарып кетүүнү “чабалдыкты көрсөтүү” деп баалашкан. Бир жылдан кийин президент Кеннедини атып кетишкенде айрым конспирологдор аны ушул окуя менен байланыштырышкан.

Кубанын коммунисттик жетекчилиги кризиске чекит койгон компромиссти эки тарап өз алдынча эле чечип койгону үчүн, аны СССРдин “саткындыгы” катары кабыл алган. Советтер Союзунда болсо эки жылдан кийин Хрущёвдун кызматтан алынганы кайсы бир деңгээлде АКШ менен жаралган кризиске байланыштырылып жүрөт.

Кыргызстандык коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов “Марал ФМ” радиосуна курган маегинде Кариб кризисин төмөнкүчө сүрөттөдү:

Алмаз Кулматов
Алмаз Кулматов

“Советтер союзу менен Америка мына-мына деп, согушууга кнопка басууга чейин жетишкен, ошого даяр болуп калган. Соңку тарыхтагы эң чоң глобалдык кризиске алып келе турган өзөктүк согуш ачылайын деп калган.

Жон Кеннедини мына согушту баштайбыз деп аябай коколоп турган. АКШнын Чалгындоо кызматы улам маалымат берип, тигилер талкалаганы жатат, Кубага жайгаштырылган ракеталарды Хрущев ата турган болду деп ынандырып коюшкан. Хрущевго да тигилер талкалаганы жатат деп ишендиришкен. Бирок интеллект, жоопкерчилик экөөнү тең токтоткон. Экөө тең айлана-тегерегиндегилерди уккан жок. Кеннеди биринчи кадам шилтеп, шашылыш кат менен кайрылды. Хрущев КППСтин саясий бюросунун чечими менен макул болду. Жон Кеннеди, иниси Роберт Кеннеди жана расмий эмес кеңешчиси Дик Ачесон үчөө эле согуш чыгарганга каршы болушкан, калгандары алка-жакадан алып турган. Ошентип согуш башталбай токтогон. Кийин Кеннедини да, Хрущевду да айыпташкан, коркоктук, чабалдык кылды деп айтыпташкан. Хрущевду кызматтан алып, Кеннедини атып тынышкан”.

Дүйнөнү өзөктүк согуш коркунучуна кептеген бул окуя тарыхта Куба кризиси же, Кариб кризиси деген аталыш менен калган. Бирок өзөктүк курал жарышы андан кийин да токтоп калган жок.

Кайталанган тарых жана жаңы коркунучтар

Кариб кризисинен 60 жылдан кийин – быйыл Украинада башталган согуштан улам өзөктүк курал конфронтациясы кайрадан жаралды. Дүйнө атомдук согуш коркунучуна экинчи жолу реалдуу туш келди.

Орусиянын президенти Владимир Путин бийликке келген алгачкы жылдары өзөктүк куралдарды азайтуу чакырыгын таштап келсе, быйыл аны колдонушу ыктымал экенин жарыялады. Февралда орусиялык армия Украинага кол салганда Путин эгер башка өлкөлөр кийлигишсе тийиштүү жообун аларын эскертип, өзөктүк курал колдонорун кыйыткан. Февралдын аягында өзөктүк күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирди. Андан берки кайрылууларында риторикасы дагы ачыгыраак болуп калды.

Август-сентябрларда орус аскерлери Украинадагы согушта бир катар позицияларын алдырып, чегинүүгө аргасыз болду. Эл аралык коомчулук украиндердин жеңишине кубанганы менен, ошол эле маалда “ага чычалаган Москва катаал куралдарын согушка салбайбы” деген чочулоого туш болду. Кремлдин опузасынын улам-улам кайталап жатканы отко дагы май чачкандай болду.

Владимир Путин 21-сентябрдагы кайрылуусунда өзөктүк куралды колдонорун кайрадан эскертти:

Владимир Путин
Владимир Путин

“Биздин мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч жаралган маалда, Орусия жана элибизди коргоо үчүн колубузда бар бардык каражаттарды сөз жок колдонобуз. Ойноп айтып жаткан жокмун. Орусиянын жарандары толук ишенип коюшсун, Ата Мекендин аймактык бүтүндүгү, биздин көз карандысыздыгыбыз жана эркиндигибиз толук камсыздалат”.

Путиндин сөзүндө ал аты аталбаган курал мекенди коргоо үчүн колдонулары айтылып жатканы менен Орусияга азыр эч ким кол салган жок. Ошондуктан дүйнө коомчулугу Москва колунда бар куралдарын Украинага каршы колдонушу мүмкүн деп чочулап турат. Антсе, ага башка өлкөлөр кандай карайт? Эгер алар да жооп берсе анда, бүтүн дүйнө атомдук согушка кептелип калбайбы? Элестетсеңиз, дүйнө ушул суроолорду талкуулаган күнгө жетип калды.

Октябрдын башында АКШ президенти Жо Байден да куду ушундай ойлорун ачык айтты. Ал украин күчтөрүнүн контрчабуулдары ийгиликтүү болуп, оккупацияланган аймактарда орус армиясын сүрүп чыкса, Москва өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин эскертти.

Жо Байден
Жо Байден

Байден Владимир Путин “зарыл болсо өзүнүн өзөктүк арсеналын колдонорун” айткан сөздөрүн комментарийлеп, “Путин тамашалаган жок” деп белгилеген.

“Биз өзөктүк Армагеддон коркунучуна Кеннединин жана Куба ракеталык кризисинен бери биринчи жолу туш болуп жатабыз”, – деди Жо Байден Нью-Йорктогу сөзүндө.

Жакын арадан бери Орусия Украинаны “ыплас бомба” колдонгону жатат деп айыптай баштады. Расмий Киев андай куралы жана ниети жок экенин билдирип, дооматты четке какты. Украина жана Батыш өлкөлөрү Москва бул айыптоону атайын алып чыкканын, ошону шылтоолоп өзү өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин эскертүүдө.

"Ыплас бомба" - бул динамит сыяктуу кадимки жардыруучу заттар менен радиоактивдүү заттардын кошулмасы. Тактап айтканда, радиоактивдүү заттар толтурулган кадимки дүрмөт. Ал жарылганда атомдук бомба сыяктуу жапырт адам өлүмүнө алып келбейт. Бирок ошол жердин калкынын ден соолугуна жана экологияга олуттуу зыян келтирет. Адистердин айтымында, мунун баары бомбанын көлөмүнө жана анын ичиндеги заттарга көз каранды.

Орусиялык көз карандысыз аскердик эксперт Ян Матвеев “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” программасында мындай ою менен бөлүштү:

Ян Матвеев
Ян Матвеев

“Теориялык жактан алганда өзөктүк курал колдонулушу толук мүмкүн. Бирок өзөктүк курал, анын ичинде стратегиялык курал дайым күжүрмөн даярдыкта турганын эстен чыгарбаш керек. Антпесе, анын пайдасы жок болмок. Аны колдонуш үчүн көп деле даярдыктын кереги жок. Мына биз акыркы жумада стратегиялык кыргын салуучу учактардан атылган Х-101 ракеталарынын колдонулганын көрүп келдик. Кудум ошондой эле Х-102 деген термо-өзөктүк курал менен дүрмөттөлгөн ракета бар. Аны учакка жүктөп туруп таштаса, өзөктүк жардыруу болот. Ошондуктан мен Батыш алдын ала кабарлай алат деп ойлобойм. Албетте, кайсы бир бункерлердин айланасында кандайдыр бир кыймылдын байкалышы же мамлекеттик учактардын ары-бери учушу сыяктуу белгилер бар. Бирок алар деле кыйыр түрдө болгондуктан андан бир нерсени таасын жоромолдоо мүмкүн эмес. Негизи эле өзөктүк доктринада эгер бир мамлекет өзөктүк чабуул баштаса, башкалары жарым сааттын ичинде жооп бериш керек деген шарт бар. Анүчүн олуттуу деле даярдыктын кереги жок. Баары даяр турат”, – деди Матвеев.

Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдогу эл аралык институт (SIPRI) мурдараак тараткан билдирүүсүндө “өзөктүк курал колдонуу тобокелдиги "Кансыз согуш" доорунан бери мынчалык жогору боло элек болчу” деген бүтүмгө келген.

Жаңы докладда айтылгандай, атомдук куралы бар мамлекеттердин - Орусия, АКШ, Британия, Франция, Кытай, Индия, Пакистан, Израил жана Түндүк Кореянын риторикасы күчөгөнү, кырдаал курчуп баратат.

SIPRI өзөктүк дүрмөттөр жылдан жылга кыскарып жатканын маалымдайт. 2021-жылы эле дүйнөдө өзөктүк арсеналдын саны 13 миңден 12,7 миңге түшкөн. Мунун 9,4 миңи активдүү жана колдонууга жарактуу. Запастардын кыскарышын аталган мекеме Орусия менен АКШ эски системадагы дүрмөттөрдү куралдануудан алып салганы менен түшүндүрөт. Бирок институт келерки жылдары арсенал дагы өсөт деп эсептейт.

2022-жылдын январына карата, АКШда – 1744 (запас менен чогуу – 3708), Орусияда – 1588 (запас менен чогуу – 4477), Францияда – 280 (запас менен чогуу – 290), Улуу Британияда – 120 (запас менен чогуу – 180). Мындан сырткары – Пакистанда 165 даана, Индияда – 160 даана, Израилде — 90 даана жана Түндүк Кореяда – 20 даана өзөктүк бомба бар деп эсептелет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG