- Элмурат Кочкор уулу - дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты. "Ислам - илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини" аттуу китептин автору.
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.
Коомдо түз жүргөн, адеп-ахлактуу адамдар болушу зарыл экендиги талашсыз чындык. Жумуш чөйрөсүндө, дос-жар, үй-бүлө күтүүдө баары жакшы кишилерди тандоого аракет кылышат.
Бирок биз ошол туура жүргөн, дурус кишини калыптандырууга коомдо канчалык туура кадам таштап жаткандыгыбызды бир талдап көрүшүбүз керек. Диндар/такыба адамдарга болгон эңсөөбүз менен так ошондой адамдарды өстүрүп тарбиялоодогу иш-аракетибиз канчалык шайкеш?
Бул макалада өлкөбүздөгү агартуу жаатындагы иштерге учкай, ал эми диний агартуу жаатына бир аз тереңирээк токтололу. Коомдо жакшы адамдардын катарын калыңдатуу үчүн бир катар чөйрөлөрдө иш-аракеттер жүргүзүлөт. Үй-бүлөдө ата-эне, чөйрө, мектепте, университетте мугалим, мечит-медреселерде диний таалим-тарбия берүүчүлөр дал ушул улуу максатка бел байлаган кишилер десек болот.
Коомубузда соңку жылдары диний мекемелер тарабынан жүргүзүлгөн таалим-тарбия иштеринин таасирдүүлүгү артканын эч ким тана албаса керек. Жаш-кары дебей текши кол телефонго жабышып, диний насааттарды муюп угуп, алардан таасирленип, алтургай өз ара кандайдыр бир талкуу жаралган учурда "баланча ажы/молдо айтты" деген сөз эл арасында далилге айланып бараткандыгы муну ырастайт.
Жеке пикиримде, диний ишмердик күтүлгөн натыйжаны бербей жаткандай биздин өлкөдө. Мунун бир топ себептери тууралуу сөз кылууга болот. Бирок бул макалада катуу урушуп, зекип, кээде угуучуларды, жамаатты басынткандай айтылган диний насааттардын таасири жөнүндө кеп кылгым келип турат. Анткени биз жогоруда суроо койгон темалардын дээрлик баары диний насааттарда козголуп, акыл айтылат. Көбүнчө жылуу-жумшак эмес, эмоциялуу, ачууланган тил менен, зекип, өктөм сүйлөшөт.
Урушуп, зекип тарбиялоо мүмкүнбү?
Диний кишилердин арасында насааттарында жамааттын урушкан, зекиген, өтө "маданияттуу" кылып паска урган фигуралар көп издетпей эле табылат. Сурай келсең, коомдо жаман кадамдардан/күнөөдөн узак болуп, жакшы иштерге/соопко жанашып жашаган кишилерди тарбиялап чыгаруу үчүн ушуларды кылып жаткан болушат. Ниет жакшыдыр, балким. Бирок жакшы натыйжа үчүн жакшы ниет гана жетиштүү болбойт. Бул абалды тереңдете сезип турган педагогдор "Үй-бүлө - бардык жамандыктар жакшы ниет менен жасалган жер" деп бекеринен айтпагандыр.
Мечит-медреселер болсун, жашыл фондогу айдын же каабанын сүрөттөрү чапталган Ютуб каналдарда болсун шарияттын эрежелерин алардын оюндагыдай тыкыр аткарбаган адамдарды айыптаган, орой сынга алган, уккан кишинин өзүн жаман сезүүсүнө жол ачкан видео "сабактар" дал ушул тескери таасирге өрнөк боло алат.
Анткени педагогика илиминен маалым болгондой, бир катаны оңдоодо урушуу, коркутуу, тилдөө эч кандай оң натыйжа бербейт. Адам уруш угуудан же кемсинип калуудан корккондугу үчүн кандайдыр бир жаман нерседен убактылуу гана кармануусу мүмкүн. Бирок мунун аты "адеп-ахлак" эмес, коркуудан улам аргасыз болуу гана. Мындай абалдагы киши коркуткан таасир жоголору менен мурдагы адаттарына кайра аралашып кетиши толук ыктымал. Мисалы, катуу талап койгон ата-эненин баласы/кызы мектепте окуп жүргөн кезде тартиптүү, адептүү болуп көрүнүп, университетке же жумушка башка шаарга келгенде көмүскөдөгү кызыктай кылыктары менен оозду ачтырган адамдарды баарыбыз эле көргөнбүз го... Эмне үчүн андай болду? Себеби ата-энесинин көзөмөлү, б.а. тыюусу болбой калган эле...
Демек диний мааниде да тозок оту, көр азабы менен коркутуу адамды адеп-ахлактуу кылып тарбиялоого өбөлгө түзбөйт. Кудум ушундай эле, арак ичкен адамды итке теңөө, аялы жоолук оронбогон эркекти чочкого салыштыруу, сакал койбогон кишини аялга салыштыруу, намазды такай окуй албаган, орозо тутпаган адамдарды кандай гана "пас/начар" киши экендигине басым жасаган сөздөрдү диний насааттарда жаңыртып туруу буларга мисал боло алат.
Кудум ушундай эле сабагы начар окуучуну мугалимдин тилдегени, башка окуучулардын алдына чыгарып уяткаруусу, үйдө ата-энелердин балдарын дайыма башкалардын балдарына салыштырып кемсинтүүсү, татыктуу уул/кыз эмес экендигине ишарат кылуусу менен диний жааттагы айтылуу каталардын натыйжасы бирдей. Бул кылыгыбыз коомдо адеп-ахлактуу катмарды түзүү аракетин оӊунан чыгарбайт десем жаңылышпайм.
Өзүн айыптуу сезген кишиден эмнелер күтүлөт?
Кишинин өзүн дайыма айыптуу сезүүсү ал адамдын чөйрөсү жана кайра эле өзү менен болгон мамилесине негативдүү таасир тийгизет. Жана бул абал жалгыздык, үмүтсүздүк, коркуу жана ачууга алдыруу сыяктуу сезимдерди кошо алып жүрөт (Өзлем Өзтүрк. "Стамбулдагы Х тибиндеги абактагы жеткинчектерде айыптуу сезүү жана уялуу сезиминин анализи". Магистрдик диссертация. Карабүк Университети, 2005-жыл).
Тез ачуусу келүү, үмүтсүздүккө кабылуу, өзүн жалгыз же керексиз сезүү адамдарды кандай гана тескери кадамдарга түртөт? Дүйнөдө адам үрөйүн учурган кылмыштарга барган кишилердин психикасында кудум ушуга окшогон тарбиядан кеткен залакалар жатарын унутпоо керек.
Же диний агартуунун "баатырлары" сөөмөй кезеп туруп (мисалы, "сен керек болсо бир тамчы жийиркеничтүү суудан жаралгансың..." деп) тозок оту, көр азабы тууралуу өтө аша чапкан нерселерди айткан соң үмүтсүздүккө кабылган киши үйүнө/жумушуна барганда жанындагыларга кандай мамиле кыларын ойлонду бекен? Мындай адам, албетте, ачууга тез алдырат, ичинде коркуу, үмүтсүздүк сезимдерин жашайт. Натыйжада аялына, балдарына зомбулук көрсөтөт, жумушундгы чөйрөсүнө чын ыкластуу мамиле жасабайт, жумушун сапаттуу бүтүрбөйт, диний жашоосу, ибадаттары жасалма болот. Кызыгы, мунусу үчүн бул адамдар молдолордон дагы бир жолу заар сөз, жеме угат...
Эл даяр болгондо сүйлөгүсү келгендерге...
Жеке пикиримде бүгүнкү диний жашоо абалыбыздын жаралышына "опол тоодой салым" кошкон кишилер аларды каралап, жаман көргөнгө акысы жок. Себеби, бул абалды сиздер жараттыңыздар. Мисалы, "Элмураттын жазгандары, сүйлөгөндөрү туура, негизи. Биз деле билебиз аларды айтыш керек экендигин. Бирок айталы десек, эл түшүнбөйт, даяр эмес..." деген сөздөр көп эле кулагыма келет. Айтыңыздарчы анда - сиз унчукпасаӊыз, мен айтпасам, ал жер тиктесе, эл укпай жүрө берсе, коом качан даяр болот? Аз. Мухаммед келгенде эли даяр беле?.. Элди даярдап алып анан пайгамбар жөнөтүү деген стратегия Кудайдын оюна келбей калды дейсиздерби? Эмне үчүн сизге келген укмуш пикир Кудайдын иш-планында болгон жок?.. Керек болсо өз коому пайгамбарды уруп, талап, кууп, өлтүргөнү аракет кылышпады беле?.. Пайгамбар дал ошол мамилеге карабай, сабырдуулук, кечиримдүүлүк, кең пейилдик менен аларды адам кылбады беле?
Бир учур келип элдин деңгээли өсүп, диний таалим-тарбияны ошондо кыйратабыз деп күткөндөр катуу жаӊылышат. Биринчиден, адамдар ойгонуп, билими өсүп даяр болгондо сиздердин эмне керегиңиздер бар? Бул даяр ашка төргө өтө калууну эңсеген сыяктуу эле жосун эмеспи. Маселе ошол билимге, түшүнүккө муктаж болуп жаткан элди эмгек, сабыр, кең пейилдүүлүк, даанышмандык менен айтылуу деңгээлге алып келүү эмеспи? Диний агартуунун башкы максаты бул эмес беле?
Экинчиден, эми асмандан бирөө түшүп пайгамбар болуп келип оңдоп бербейт өзүнөн өзү элдин даяр болуусун күткүдөй. Элдин диний аң-сезимин өстүрүүнү чын ыклас менен каалаган кишилер сөзүн, билимин, эмгегин бөлүшүү менен гана коомду оңдошот. Агартуу тармагында чын дилден эмгектене турган киши менен жасалма агартуучулардын айырмасын ушул жерден көрүүгө болот.
Биздин өлкөдө диний жана салттык түшүнүктөрдүн бурмаланышынан улам, мисалы, арак ичкендер менен күйөөдөн чыккан аялга начар көз карашта болушат. Ажырашкан аялды ушактап, жаманатты кылууга ыктагандар көп экенин билебиз. Ичимдикке жакын адамды да каалагандай кемсинтип, каралоону сооптуу иштей көргөн пенделер да аз эмес. Бирок мындай “такыбалардын” таасири тескери гана болот.
Демек, коомду жакшыртуу үчүн ажырашкан келин менен алкоголдон өзүн тарта албай жаткан кишинин тагдырын ашкере салтчыл жана динчил "мээ жегичтердин" талоонуна калтырбоо керек. Андан көрө "Бул келин эмне үчүн турмуш жолун улай албай калган? Бул киши эмне үчүн ичип кеткен?” деп ойлонуу керек.
Достоевскийден "Коомдун өсүш деӊгээли андагы күнөөкөр адамдарга жасалуучу мамиледен белгилүү болот" деген сөзүнө маани берүү керек. Жакшы адамга жакшы мамилени баары кылат. Бирок көпчүлүктүн көзүндө "күнөөкөр" болуп калган ага, эже, бурадар, замандаш, мекендештердин абалын туура түшүнүп, аларды анчалык жектегенге негиз жок экендигин аңдай билүүгө ар ким эле аракет кылбайт. Саал эле кыйналган адамды ого бетер басмырлап, анча-мынча жаӊылган кишини биротоло тебелеп салуу үчүн чоӊ акылдын кереги жок. Менимче, дал ушул жерден диний таалим берүүчүлөр көп ката кетирип жатат.
Бакыруу, заарын чачуу, кол кезеп жекирүү, өзүнүн башкаларга болгон таарынычын такыр бөлөк эле “күнөөкөрдөн” чыгаруу, Кудайдын атынан коркутуу аркылуу адеп-ахлакты жакшыртуу мүмкүн эместигин, андан көрө жылуу-жумшак сөз менен түшүндүрүү, агартуу, билим берүү аркылуу гана адептүү адамдардын катарын калыңдатуу мүмкүн экенин дагы бир жолу эстетким келет.