Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

"Депутаттардын этикасы боюнча көп кайрылуу болду"


"Жээнбеков менен Атамбаев достугу жеке мамиледен улам бузулду"
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:57 0:00

"Жээнбеков менен Атамбаев достугу жеке мамиледен улам бузулду"

“Бийлик сырлары” программасынын бул чыгарылышында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айнуру Алтыбаева аялдар партиясын кантип түзгөнүн, “Ар намыс”, КСДПга кантип кирип калганы, президенттик администрациянын ЖКга басымы, Жээнбеков менен Атамбаевдин достугунун кыйрашынын себептери тууралуу айтып берди.

- Айнуру айым, 2010-жылы “Аялдар кеңеши” коомдук уюмунун төрайымы, ошол эле жылы “Биримдик” партиясын негиздеп, лидер болгон экенсиз, партияны кандай максатта түзгөнсүз, саясатка чындап аттанайын дедиңизби?

- Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин элибиз көп көйгөйлөргө туш болду. Эмгекке жарамдуу адамдардын көбү, өзгөчө эркектер жумуш жоктугунан миграцияга кетүүгө аргасыз болду. Миграцияга кеткен үй-бүлөлөрдө балдар каралбай калган учурлар көп болду. Кароосуз калган балдардын борборлорун ачууга жардам бердик. Кыз-келиндердин укуктарына байланышкан маселелер чыкты. Мектептерде көйгөйлөр көбөйдү. Социалдык колдоо боюнча маселелер жаралды. Айтор ушундай коомдук суроолорду чечүүгө жардамдашалы деген ниетте “Аялдар кеңеши” деген коомдук уюм түздүк. Көп маселелерди чечип жүрдүк, катарыбызга башка аялдар да көп кошула баштады. Мына ошол шартта партия түзбөйлүбү деген демилгелер чыгып, ал колдоо таап, кийин саясий партияга айландык. Биринчи каттоодо биз Кыргызстан аялдары партиясы деп түзгөнбүз, кийин “Биримдик” деп кайра каттоодон өткөнбүз.


- Ошол кезде Токон Шайлиева айым жетектеген Кыргызстан аялдарынын демократиялык партиясы дагы түзүлгөн эле?

- Ал партияга биздин тиешебиз жок...

- Ошол сиз жетектеген аялдар партиясы 2010-жылы парламенттик шайлоодо “Ар намыс” партиясы менен биригип, анын тизмеси менен ЖКга депутат болупсуз, Куловго кошулууңуздун негизги себеби эмнеде болгон?

- Юстиция министрлигинин интернет сайтында саясий партиялардын каттоосу жөнүндө карасак, саясий партияларды түзүү шайлоо алдында көбөйүп кетет экен, шайлоо жок кезде каттоо сейрек. Ошентип партиялар шайлоо алдында күчөйт. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 300гө жакын саясий партиялар бар. Конституция боюнча саясий партиялар башка партиялар менен саясий бирикмелерди (блоктор) түзө алат. Шайлоо жакындап калды. Биздин партиянын негизги катмарын аялдар түзөт эле. Кандай болгону менен биз чыгыш менталитети менен жашайбыз, биздин аялдардын колунда каржылык мүмкүнчүлүк аз, жетишсиз экени белиглүү. Ошондой шартта бизге Феликс Куловдон сунуш түшүп калды. Мен ал киши менен 2010-жылкы Конституцияны иштеп чыгууда бирге комиссияда иштеп калганбыз, тааныш элек. Биздин партиянын демилгеси менен Конституцияга өзгөртүүлөр кирген эле. “Ар намыс” партиясына биз эле эмес, башка дагы жети партия, бир нече коомдук уюмдар бириккен.

- Ошол шайлоодо “Ар намыс” партиясынын тизмесиндегилер "шайлоо фондуна акча чыгарышкан эмес, партияны колдой турган каражат сырттан келген" деп айтышат...

- Мен фондго акча чыгарган эмесмин...

- Сиз ЖКга депутат болуп келгенде этика боюнча комитеттин төрайымы болупсуз, этика бузган депутаттар болду беле? Мисал айта аласызбы?

- Бизге көп кайрылуулар болчу. Бир окуяны айтсам болот. Мен да этиканы сактап ал депутаттын атын айта албайм. Биздин бир депутаттын жакын тууганы ооруп калат. Көргөнү барса тууганы жакшы каралбай, көңүл бурулбай жаткандай сезилет. Ачуусу менен барып дарыгерге кол көтөрөт...Бизге арыз түштү, карадык, депутат күнөөсүн моюнуна алды, дарыгерден кечирим сураган.


- 2015-жылкы шайлоодо КСДПнын тизмеси менен депутат болупсуз, Атамбаевдин партиясына эмнеге кошулдуңуз?

- 2010-жылы Апрель, Июнь окуялары болду. Андан кийин эле Конституция өзгөрдү, анын негизинде шайлоо болуп парламент жаңырды. Жаңы мыйзамдар кабыл алынды. Кыскасы, бир топ оор, түйшүктүү жылдар болгон. “Ар намыс” фракциясынын 10 депутаты коалицияга кошулуп кетти, партия үчүн бул дагы чоң сыноо болгон. 2015-жыл шайлоо жакындап калды. Мен негизинен социалдык маселелер, анын ичинде мугалимдер, мектептер, дарыгерлер, майыптар менен көп иштедим. Ал ишимди ал кездеги Ош облусунун губернатору Сооронбай Шарипович жакшы билет эле. КСДП партиясына кошулуу сунушун биринчи ал киши айткан. Андай сунуш “Ата Мекен” партиясынан да болгон. Анан мен Феликс Шаршенбаевичке барып айттым, алдынан өттүм. Ал мага ыраазычылыгын билдирди, “Ар намыс” партиясы бул жолку шайлоого барбайт деди. Ошондо мага ак жол каалап, КСДПга кошулуу туура болорун айтып калды, партиянын социалдык идологияны туу тутканы да кошумча болду. Айтор, мен макул болуп аталган партиянын тизмесине кирип калдым.


- Сиз Жээнбековду, Атамбаевди да жакшы билесиз, экөөнүн достугунун бузулушунун негизги себеби эмнеде?

- Саясий көз караш жагынан алганда Атамбаев, Жээнбеков да демократияны, парламентаризмди, көп партиялуулукту жактаган адамдар болчу. Бул жагынан ажырым болгон жок. Алардын ортосундагы достуктун бузулушуна жеке мамилелери, жеке карым-катыштары себеп болду окшойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG