Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

Баш мыйзамдын күнү, оппозициянын жыйыны


Кыргызстан. Жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу. 2021-жылы 11-апрель.
Кыргызстан. Жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу. 2021-жылы 11-апрель.

Эгемен Кыргызстандын алгачкы Баш мыйзамынын кабыл алынганына 29 жыл толду.

Ал эми өлкө толук президенттик башкарууга өткөн Конституция күчүнө киргенине бир жыл болду. Оппозициялык Бириккен Демократиялык кыймыл Баш мыйзамдын оош-кыйышын карап, күчтүү президенттик бийликти жана анын жоопкерчилигин талдап, “Бүгүнкү Конституция туңгуюкка алып барат” деген аталышта жыйынга чогулду. Анда оппозиция өкүлдөрү бийликти бир колго топтоонун кесепеттерин эскертип, анын жоопкерчилиги менен отчеттуулугу тууралуу маселени көтөрдү. Президенттик бийликти жактаган бийлик башкаруунун натыйжалуулугу менен жоопкерчилиги өскөнүн айтып, оппозициянын дооматын четке кагууда.

"Парламенттик демократияга багыт"

Оппозициялык кыймыл жыйында былтыр референдумда кабыл алынган Баш мыйзамды талдап, ал күчтүү президенттик бийликти камсыздаган менен жоопкерчиликти жана ыйгарым укуктардын карама-каршылыгы сыяктуу көйгөлөрдү көргөзгөнүн белгиледи. Эсеби боюнча онунчу жолу оңдоо киргизилген соңку Баш мыйзамда парламенттин ролу төмөндөп, президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлгөн.

Бириккен Демократиялык кыймылдын төрагасы Равшан Жээнбеков бул Баш мыйзам бийликтин кызыкчылыгына гана иштеп жатканын айтып, Кыргызстан чыныгы парламенттик демократияга багыт алышы керек дейт:

Равшан Жээнбеков, Кыргызстан Бириккен Демократиялык кыймылынын төрагасы.
Равшан Жээнбеков, Кыргызстан Бириккен Демократиялык кыймылынын төрагасы.

"Башка көз караштагылардын, саясатчылардын, жарандык коом менен бийликтин ортосунда диалог болсун. Бийлик басмырлаганын, куугунтуктаганын жана теңине албаганын токтотсун. Биз парламенттик демократияга алып бара турган, адам укугун жана эркиндигин урматтаган, бийлик бутактарынын тең салмагын камсыздаган жаңы Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү демилгесин көтөрдүк".

Президент Баш мыйзамдын артыкчылыктарын айтты

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров тескерисинче, жаңы Баш мыйзамдын артыкчылыктарын белгиледеди. Ал 5-майда кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктаган кайрылуусунда 2021-жылы 11-апрелдеги референдумда кабыл алынган Баш мыйзам адилеттикке умтулууну жана теңчиликти камсыздай турганын билдирди:

Садыр Жапаров, президент
Садыр Жапаров, президент

"Жалпы кыргызстандыктар саясий системанын туруктуулугун, ата-бабалардын каада-салтынын сакталышын, социалдык кепилдиктер менен камсыз болуу жолун тандашты. Аракеттеги Баш мыйзамыбыздын негизги жоболору аркылуу ишкердик активдүүлүк, жарандык демилге жана коом турмушу ишенимдүү түрдө корголмокчу. Бул Конституция мамлекеттик башкарууда жана мыйзам чыгаруу системасында олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, жарандарыбыздын жашоо-шартын жакшыртууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө укуктук негиздерди түзөт. Бүгүн биз үчүн ыйык болгон Ата Мекенибизди өзүбүз гана алга сүрөп, өз тагдырыбызды өзүбүз гана чечишибиз керек экенин аңдап-түшүнүүбүз кажет", - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Күчтүү президенттик бийликтин жоопкерчилиги

Оппозициянын жыйынында бийликти бир колго топтоо өзүм билемдикке, жеке басарлыкка жана көзөмөл менен жоопкерчиликтин жоголушуна алып келери айтылды.

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова Баш мыйзам коом менен мамлекеттин келишимин ичине камтыбай, бийликти бөлүштүрүүнүн жана тең салмактуулукту сактоонун принциптери бузулганына басым жасады:

Клара Сооронкулова, Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү.
Клара Сооронкулова, Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү.

"Булар "парламенттик башкарууда өкмөт улам алмаша берет экен" деген жүйөнү келтиришкен. Бирок президенттик башкаруу болгон кезде деле өкмөттөр тез-тез алмашып турган. Азыр эми кризис улам тереңдеп, күчөп, жашоо кыйындап баштаганда эл жоопкерчилик кимде экенин сурайт. Ошондо көрөсүңөр. Ошондо, кайра эле Министрлер кабинети күнөөлүү болуп, аны айыптап чыгышат. Акаев менен Бакиевдин тушунда деле ошондой болгон. Анткени баш мыйзамда бири-бирине карама-каршы келген ченемдер абдан көп. Мисалы, "президент аткаруу бийлигинин иши үчүн жооптуу" деп жазылган. Бирок ошол эле кезде бюджеттин аткарылышы үчүн парламентте Министрлер кабинетинин төрагасы отчет берип, ал жооптуу деп турат. Демек, жоопкерчилик Министрлер кабинетинде калып жатат. Ошол себептен президент бардыгына "жооптуу" деген менен, иш жүзүндө ал эч нерсеге жооп бербейт".


Ал эми оппозициялык саясатчы Бектур Асанов Баш мыйзамдагы президенттин аткаруу бийлигин жетектеп, анын иши үчүн жекече жооп берүү ченеми иштебей турганын сынга алды. Ал бийликти бир колго топтоп алуунун кесепети оор болорун соңку тарых бир нече ирет далилдегенин айтты:

Бектур Асанов, саясатчы.
Бектур Асанов, саясатчы.

"Алар бүтүндөй бийликти колуна топтоп алууну каалап жатышат. Бирок Акаев дагы, Бакиев дагы ошонун айынан кеткен. Ошонун бардыгы эмне менен аяктады. Отуз жылдагы айрым бир жетишкендиктерибизди бир жарым жылды жок кылып алдык. Дүйнөдө коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 124-орундан 148-орунга жылдык. Адам укугу, сөз эркиндиги сыяктуу демократиялык жетишкендиктерден четинен кол жууп баратабыз. Мурда биз "гибриддик демократияга" кирген болсок, азыр авторитардык өлкөлөрдүн тизмесине кошулдук".

"Жоопкерчилик бир адамда"

Анткен менен азыркы Баш мыйзамдын жактоочулары "ал башкаруунун натыйжалуулугун арттырып, жоопкерчилигин жогорулатты" деген ойдо. Алар күчтүү президенттик бийлик бюрократиялык тоскоолдуктарды жөнгө салып, чечимдерди тез арада кабыл алууга өбөлгө түзгөнүн мисал келтиришти.

Президенттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев бир жылда башкаруунун эл тандаган формасы оң жыйынтыгын көргөзгөнүн айтты:

Алмазбек Акматалиев, Президенттик башкаруу академиясынын ректору.
Алмазбек Акматалиев, Президенттик башкаруу академиясынын ректору.

"Жоопкерчилик укук менен гана келет. Эгерде сенин укугуң жок болсо, анда жоопкерчилигиң да жок. 2010-жылы парламентаризмди туу көтөрүп жүргөн саясатчылар кийин аны "бул парламенттик демократия эмес" деп сынга алышты. Ал абдан түшүнүксүз болчу. Азыркы башкаруу формасы жөнөкөй жана түшүнүктүү. Буга чейинки Баш мыйзам боюнча президенттер көмүскө башкарганга шарт түзүлгөн эле. Азыр болсо президент жекече жоопкерчиликти алып жатат. Конституция ага ыйгарым укуктарды берди. Эми ошого жараша, түшүнүктүү жана жоопкерчиликтүү бийлик пайда болду".

Кыргызстандын эгемен мамлекет катары алгачкы Баш мыйзамы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Тунгуч президент Аскар Акаевдин тушунда анын жеке бийлигин чыңдоо үчүн Конституция 1994-1996-1998-2001-2003-жылдары, баш-аягы беш жолу өзгөрүүгө дуушар болгон. 2005-жылы 24-марттагы "Жоогазын" ынкылабына президенттин чексиз бийлиги жана үй-бүлөлүк-кландык башкаруу себеп болгону жыйында белгиленди.

Ал эми кийинки президент Курманбек Бакиевдин учурунда Конституция үч ирет оңдолуп-түздөлгөн. 2010-жылдагы элдик толкундоодон кийин парламенттик демократияга багыт алган Баш мыйзам кабыл алынганы, бирок андан да бир топ өксүктөр чыкканы айтылды.

Мурдагы президент Атамбаев 2016-жылы Баш мыйзамга дагы бир жолу оңдоо киргизүүнү сунуштап, анда өкмөт башчысынын ыйгарым укуктары кеңейген.

2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Баш мыйзам өлкөнү түп-тамыры менен президенттик башкарууга кайра кайтарып, саясий системаны баштапкы абалга алып келген.

XS
SM
MD
LG