Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

"Ургаачы бузулса, улут бузулат..."


Драматург Бурул Калчабаева.
Драматург Бурул Калчабаева.

Жакында Бурул Калчабаеванын драмалар жыйнагы басмадан чыкты. Китеп “Баяндуу махабат” деп аталып, алты пьесадан турат. Алардын ичинен биринчи жолу жарык көрүп жатканы - “Шер ше ля фам” ("Мен жазга кетким келет").

“Шер ше ля фам” француз тилинде “Аялды издегиле” дегенди түшүндүрөт. Бирок мазмуну “Баарына аял күнөөлүү” дегенди каңкуулайт. Пьесадагы каармандын сөзүн пайдаланып, Бурул Калчаеванын драмасын “Катыныңды таап ал!” деп атасак жаңылбайбыз.

Пьесанын окуялары Бишкектин дал ортосундагы медициналык борбордун директору, 36 жаштагы Жибектин тегерегинде өнүгөт. Кызынын атасы курдуу кишиге ылымтада коюндаш болуп жүргөнүн уккан апасынын Жибекти теске салып турган кербези:

- Асманым түштү. Жылдызым өчтү, Жибек деген. Тилим кыскарды. Бир тебетейге тең боло турган акылың, келбетиң, билимиң деле бар эле го, ыя? Мынча эмне кемсиндиң, арсар катын болуп? «Атабыз издетип жатат» дейт. «Атаңар ким эле?» десем, «Жибек Мусаевнанын досу» дейт. Бул азыр эмне? Ойнош «ата» деп аталабы? Атадан айлангырлар! Сени ушул үчүн чоңойттук беле?

Пьесанын экинчи баш каарманы - кесиби архитектор Калыс. Ал депутат аялынын саясий сойкулугуна жаны кашайып, шаардан айылга качып баратып, Жибек менен сапарлаш болуп калган. Жашы 50гө чукулдаганда сүйүүдөн жаңылганын түшүнгөн Калыстын ымандай сырын Жибек менен бөлүшүп турганы:

- Аял деген Обо энени азгырган кызыл алмадай… Эркек деген бир дөбөт… Жылуу карап койсо болду, шыйпаңдап кете берет…

Жибектин өзүнүн же эрден жок, же сүйүүдөн жок абалын Калыска ачылып айтып жатканы:

- Мен киммин ага? Анын көп байлыгынын биримин… менчигимин… Каалаган учурда келет… каалаган учурда кетет… Башында билинчү эмес. Кийин… Элестетиңиз, ал кеткенден кийинки менин акыбалымды?! Төрт дубалдын ортосунда… сүйлөшөргө жан жок.

Бурул Калчабаеванын эки бөлүмдүк пьесасынан биз болгону алты каарманды көрөбүз. Бирок камтыган окуясы төбөлсүздүк менен кошо кыргыз элинин башына түшкөн алешем жашоонун көрүнүштөрү: өкмөттүк деңгээлдеги коррупция, саясий туругу жок депутаттар, экиден-үчтөн катын алган чөнтөгү калыңдар, ариет-намысты уруп ойнобогон эргулдар.

Менин баамымда, бийликтин жогорку эшелонундагы берегидей былыктарга Казат Акматовдун 1988-жылы сахнага чыккан «Ажырашуу түнү» спектаклинен бери аттуу-баштуу кыргыз драматургдарды даабай жүрүшкөн. Себеби - драма жазган калемгерлер, Эл жазуучусу Мелис Абакировдун айтымында:

- Абдан эски окуяларды же болбосо эпостор менен санжыраларды сүрөттөп, драма кылганды жакшы көрүшөт. Биз оңой сюжетке, оңой окуяга көнүп калган экенбиз да...

Б. Калчабаеванын Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында коюлган "Баяндуу махабат" спектаклинен бир көрүнүш. Реж. Э. Бекболиев.
Б. Калчабаеванын Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында коюлган "Баяндуу махабат" спектаклинен бир көрүнүш. Реж. Э. Бекболиев.

“Шер ше ля фам” пьесасын Мелис Абакиров "өлкө эрктүү жылдары түптөлгөн азыркы системаны, айрыкча казынаны чөөдөй талап-тоногон улуттук буржуазиянын сугалак мүнөзүн ачып көрсөткөн трагедиялуу социалдык драма" деп аттады.

- Биз (төбөлсүздүк жылдары) абдан бузук коомдук түзүлүштү калыптадык, жапайы капитализмди орноттук. Орноткон кишилердин баары тең башка жактан келген жок, өзүбүздүн эле, мурдагы коммунисттик системанын балдары. Булар биздин буржуйларыбыз, жалаң жеп-ичкендер, алдым-жуттумдар болуп алышты. Мына ошонун четин чыгарып, иттей орой жактарын көрсөтүүгө батынган чыгармалар бизде жок болуп жаткан. “Шер ше ля фам” - бул социалдык драма, болгондо дагы социалдык трагедиялык драма.

Акын-жазуучу, публицист Олжобай Шакир “Шер ше ля фам” ("Аялды издегиле") пьесасын бүгүнкү турмушту таамай чагылдырган социалдык чыгарма катары сыпаттады:

- Бурул эженин биз сөз кылып жаткан пьесасын бүгүнкү күндү таамай чагылдырган, калктын кайнаган турмушунан сыгылып чыккан чыгарма десек болот. Драматургдун тили курч, жандуу болгондуктан, сөздү жөн эле суудай сапырган эмес. Бурул эже дасыккан драматург катары драманын элементтери бардык каармандарынын диалогдорунда толук сакталган. Ошону менен автор пьесанын текстин көрүүчүнүн бүйүрүн кызыткан чеберчилик менен жазган. Ошондой эле театрлардын каржыга тартыш абалын эске алып, окуяларды өтө жупуну жагдайда көрсөткөн.

Б. Калчабаеванын "Коңгуроо" жомок-спектакли. Реж. Э. Бекболиев.
Б. Калчабаеванын "Коңгуроо" жомок-спектакли. Реж. Э. Бекболиев.

Бурул Калчабеванын бул драмадагы курч тилин артында жалтыраган из калтырган окко же темирди тешчү снарядга салыштырса болот.

- Пьесада жан күйдүрчү ачуу-ачуу сөздөр бар, - деп сөзүн улады Мелис Абакиров. - Мен кээде “Аялзат ушул сөздөрдү каяктан айтат?” деп ойлоп коём. (Күлөт). Себеби, Бурулга ыраа көрбөйм да. “Кантип айтып иет? Кантип сүйлөтүп атат?” дегим келет. Сен айткандай, алар жөн эле сатиралык сөздөр эмес. Бизге, кыргызга “кызыл камчы” сөз керек да! Азыркыдай заманда элге мына ушундай “Көзүңдү ач!” деген сөздөр менен айтсаң жетет. Антпесе сөз бизге жетпейт. Бурул дал ошол “кызыл камчы” сөздөрдү пайдаланган.

Кээ бир бетке чабар эркек да чакан коомдо айта албаган көөнө сөздөрдү Бурул Калчабаеванын пьесасында Жибек менен апасы жаны күйгөндө арга жоктон айтканга мажбур. Мисалы, Жибек:

- Таң калбаңыз…«Ургаачы сиерде же эрге тиерде көзү эч нерсе көрбөй калат» - дечү таенем, - деп Калысты таң калтырса, апасы Жибекке "сенден кечем" деп турганда айтканы:

- Силер "элдин баары" эмессиңер. Менин кызымсыңар. Өлүп эле калсамчы ушуну укканча… "Кыйын катынмын" деп жүрбөймүнбү… элге акыл үйрөтүп. Көрсө накта ылай жатын мен турбаймынбы… жакшы тукум тууй албаган?! (Каңырыгы түтөп, жашка муунат. Эки кызы элейе карайт. Даап жакын баралбайт. Ушунун баарын албууттанбай, акырын, бирок ныгыра басып айтат.) Эй, эшек мээлер… Ургаачы бузулса улут бузулат, ушуну билесиңерби?..

Жибек. Көңүл улабай эле коюңуз. «Кырктагы жигит кыз алат, кырктагы кызды ким алат?!.» – деп кыргыз бекер айтпаса керек.

Мындай куйкумдуу сатира, юмор өзгөчө атактуу ирланд драматургу Бернард Шоуга мүнөздүү. Андай укканда сөөктү да зыркыратып, күлкү да жараткан сөздөрдү каармандарга айттыра билүү Бурул Калчабаевадан чоң чеберчиликти жана табигый кайбарлыкты талап кылганы талашсыз.

- Сен абдан туура баамдагансың да, - деди М. Абакиров. - Чынында да сөздүн ток этерин таамай берип, таштай тегиз тизген жагынан драматург Мурза Гапаровдун стилин Бурулдун аябай өздөштүргөнү бул пьесада көрүнүп турат. Мурзанын стилин өздөштүргөндүн өзү биздин драматургдар үчүн чоң бакыт болушу керек. Ал үчүн маданият керек, окумал болуш керек. Жана сен айткандай, Бурулдун бул пьесасы анын Бернард Шоунун пьесаларын, драмаларын, трагедияларын окугандыгын, жалпы эле дүйнөлүк адабияттын бийик деңгээли менен сугарылганын көрсөтүп турат.

Биз сөз башында белгилегендей “Шер ше ля фам” пьесасынын кошумча аты: “Мен жазга кетким келет”. Бул аталыштын өзүнөн желпүүрдөй болуп, лирикалык маанайга ылайыктуу шапата же Мурза Гапаровдун драмаларына мүнөздүү лиризм сезилет. Бул сөз башкы каармандар Калыс менен Жибекке да таандык.

Б. Калчабаеванын Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук театрында коюлган "Бөрү заман" спектаклиндеги актрисалар. Реж. Ж. Исакова. 2016-жыл.
Б. Калчабаеванын Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук театрында коюлган "Бөрү заман" спектаклиндеги актрисалар. Реж. Ж. Исакова. 2016-жыл.

Ырасында эле, Калыс депутат зайыбы Айсалкындын сөзүнө кирсе, анын архитектуралык долбоорлору ар кандай тендерде оп-оңой жеңип, жыргап жашамак. Жок, Калыс ачка калса да андай пастыкка барбайт. Ал коомдогу мыйзамсыздыкка ичтен бышып кыйналган, бирок руханий дүйнөсүн ууздай таза сактаган интеллигенциянын сейрек өкүлү. Өз көз карашы, өз баалуулуктары үчүн кыл чайнап күрөшө албаганы - алардын шору. Жаштыгынан улам шефинин бал сөзүнө алданып, тузагынан чыга албай жаны кыйналып жүргөн Жибек ай талаадагы биринчи кездешүүдө эле Калыстын агынды эркектерге окшобогон аруу дүйнөсүн байкап, магниттей тартыла баштайт. Жибек ошон үчүн апасынын алдында абийири төгүлгөндөн кийин майлуу-сүттүү ордуна кайыл болуп, Калыска жолукканга шашат.

Бурул Калчабаеванын каармандары бийик пафос менен эмес, жөнөкөй турмуштук сөздөр менен сүйлөшөт. Мисалы, Калыс өтө катуу кеткенде: “Кечээки аракечтер беш маал намазга жыгылып бүгүн молдо болду… Кечээки партократтар демократ болуп чыга келди. Аты өзгөргөн менен заты өзгөргөн жок, кара курсак үчүн жашап жүрөбүз. Жан дүйнө унутта калды,” – деп каңырыгы түтөсө, башка учурда: “Айбандар… аракка «Канчоро», «Тазбаймат», «Кыргылчал» деп ат коюш керек. Эй, сен сессияда ушундай сунуш киргизбейсиңби? Баары бир өтпөйт. Иче берсин шордуу кыргыз. Азыр атасынын канын ичсе деле окшош болуп калды. Мас элди, ач элди башкарыш оңой. «Жаман өзүнө тап, табарсыкка кап»”, -деп, зайыбына догурунат.

Ал эми Жибектин арсар абалына ойлонбогон, тескерисинче, анысын пайдаланган эжесичи?

"Э-э-э (кол шилтеп). Мындан артык бакытты байлап коюптурбу?! Азыркы жашоосу керек болсо кээ бирөөнүн түшүнө кирбеген жашоо…", - деп сиңдисинин атасы менен тең байга арсар катын болуп жүргөнүнө суктанат. Бул нерсе бүгүн көпчүлүккө көндүм эмеспи.

Кыргыз Эл жазуучусу Мелис Абакиров. 23-март,.2017-жыл.
Кыргыз Эл жазуучусу Мелис Абакиров. 23-март,.2017-жыл.

Мелис Абакиров дДраматургдун күчү ошол эл наркына шек тийгизген жаңы көрүнүштөрдү байкай билгенинде экенин айтат:

- Биз баарыбыз мен баштап эле коммунисттик идеологиянын жоокерлери болгонбуз. Ошондуктан биздин көз карашыбыз такыр башка болчу. Азыркы, айталы, “вестернизация” биздин бүт аң-сезимибизди жаңылады да. Ошол жаңыланууну драма жанрында Бурулдар баштады окшойт. Бурулдун коомго сынчыл көз менен карап, казактар айткандай, “оппозициячыл маанай менен системаны чукулап турганына" мен кубанып жатам. Бизге ошо керек, азыркы заманда.

Бурул Калчабаеванын драмасындагы дагы бир кызыктуу каарман- Үчүке-Түлкү. Бул сымаптай ойноктогон жигит жакшы жашоо үчүн өзүнөн улуу аялдардын чачпагын көтөрүп, этегин кармаганга кан-жаны менен даяр бүгүнкү жаш муундун өкүлү. Ал Жибектин жардамчысы. "Сезимимди ачык айтсам жылуу-жумшак ордумду жоготуп коюшум мүмкүн" деген Үчүке-Түлкү Жибекти күн сайын кылдат байкап, виртуалдык мейкиндикте бал сөздөрдү жазып, жыландай арбайт. Жибектин шефи менен мамилесин үзүп, белгисиздикке кетип жатканын көргөндө жанында көлөкөдөй пайда болот. Бирок Жибектин жүрөгү Калыска байланганын көргөндө, Үчүке-Түлкү эч өкүнбөй, түлкүдөй жылт коёт.

Жазуучу, публицист Олжобай Шакир.
Жазуучу, публицист Олжобай Шакир.

Автордун пьесага Интернет дүйнөсүн заманыбыздын бир чындыгы катары киргизишин Олжобай Шакир драматургдун жаңычылдыгы катары баалады.

- Биздин акын-жазуучуларыбыздын көбүнүн Интернет деген жашоо бар экени менен иши да жок. Биз, адамдар - адам сыяктуу жашап жатканыбыз менен робот болуп калганыбызды билбейбиз. Жибек робот болуп калганын байкабайт. Апасынын сөзүн укканга чейин үй-бүлө эмне экени анын оюна да келе элек. Драматург Жибек аркылуу үй-бүлө жөнүндө жашамал куракка жеткен кыз-келиндерди ойлонтот. Калыс аркылуу аялзатына "үй-бүлө маанилүүбү же карьера, мансап маанилүүбү" деген маселе коюлат. Автор бирок “Аял мансапкор болбошу керек, сөзсүз эле үйдө отуруш керек” деп гендер маселесине чек койбойт. Бирок бүгүнкү коомдун чындыгы ушул: көпчүлүк аял заты үй-бүлөдөгү бала тарбиялоо, бала төрөө жана үй-бүлө түйшүгүн таштап койду.

Олжобай Шакир Бурул Калчабаеванын “Шер ше ля фам” ("Мен жазга кетким келет") чыгармасын өзү башындагы “Рух Эш” сайтынын окурмандарына тааныштырган.

Драманын финалында Жибек шефине физиологиялык ырахат берип, ордуна алган бейкам байгерчилик жашоонун өзү мурда байкабаган тушоосун кесип салып, жазга - дили каалаган жаңы жашоого жол алат.

- Жок. Качпай эле. Баарын калтырып баса бердим. Жазга кетким келди… тоо тарапка… (Пауза) Мен да бирөөгө өкүл эне болгум келет. Качандыр бир «Апа!» деген сөздү уккум келет. Ургаачынын чырагы канча дедиңиз эле?

Өзү аздектеген принциптер жана баалуулуктар үчүн кызыл кыргын, сары сүргөн болбосо да, тил жоорутуп же жанына күч келтирип күрөшпөгөн Калыс өз арбайын өзү согуп жүрө берет. Коомдогу терс көрүнүштөргө өзөгү күйсө да, өз дүйнөсүн булгабай, таза сактап калат. Бирок, минтип зарлагандан не оопа?

- Шоруңду урайын ХХI кылымдын эркектери ов! Биз да эркекпиз деп басып жүрөбүз ээ?! Аялдарыбызды тентитип коюп… Биздин ордубузда ата-бабабыз болсо ычкырына муунуп өлмөк.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG