Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Театр: сөөгү көмүлбөй басып кеткен Казангап


Спектакль учурундагы көрүнүш.
Спектакль учурундагы көрүнүш.

Нарын музыкалык драма театрынын артисттери Казакстанда өткөн эл аралык фестивалга катышып, ийгиликтүү кайтышты. Аймактык театр койгон "Маң" спектакли КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн 14 театры катышкан сынакта калыстардын өзгөчө баасына татып, алдыда өтө турган бир нече эл аралык сынактарга чакырылды. Адистер облустук театрлардын жанданышы ириде режиссерго жана маданият үйүнүн материалдык базасына байланыштуу экенин айтышат.

“Маң” спектакли - Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде жаралган татаал, философиялык чыгарма. Ал Астана шаарында өткөн VI Эл аралык SAMGAU театр фестивалында мыкты спектакль деп табылды.

Драманын автору Султан Раевдин айтымында, бул чыгарма - Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын театралдык инверсиясы.

“Маң” драмасы Айтматовдун идеясын материлизациялап, таптакыр башкача нукта чечмелейт. Драмада жети эркек, үч аял катышат. Бул чыгарманын өзөгүн Казангаптын өлүмү, башкача айтканда, анын сөөгүн ыйык жайга алып бараткандагы сюжет түзөт. Айтматовдун маңкурту зомбулуктун айынан аң-сезимден айрылса, бул каармандар - акылдан азган дүйнөнүн адам-элементи катары, бузулган коомдун философиясын алып жүргөн аты да, заты да белгисиз типаждардын галереясы.

Султан Раев.
Султан Раев.

- "Маң" спектакли фестивалга катышкан он төрт чыгарманын арасынан тандалган эң мыкты үч спектаклдин катарына кирди. Ошондой эле фестивалдын жыйынтыгында мыкты деп бааланып, башкы ролду ойногон Темирлан Сманбеков сынактагы эң башкы сыйлыктардын бири - "Эркектин мыкты ролун аткарганы үчүн" сыйлыгына ээ болду. Биздин драмабызга эл аралык фестивалдын статуэткасы, диплому жана 750 миң теңге акчалай сыйлыгы берилди. Бул эң башкысы 20 жылдан бери эч кайда чыкпай жүргөн Нарын академиялык драма театры үчүн эң жакшы жеңиш болду, - деди Султан Раев.

Спектаклде окуя Казангаптын сөөгүн көтөрүп бараткан табыттын алдында өтөт. Бул өтө символикалуу көрүнүш, ал табыт - алты жакка караган, белгисиздиктин табыты. Окуя ушул табыттын алдында ар кандай кырдаалда чиеленишет. Сөөк көтөргөндөрдүн сапарын поезддин үнү коштоп турат. Акырында сөөгү жерге берилбей сасып кеткен арбактын руху өзү кыймылга келип, бул адамдардан ырайым күтпөй, акыретке жол тартат да, көк мейкинди карай жөнөйт.

Нарын академиялык драма театрынын директору Темирлан Сманбеков акыркы убакта аталган аймактын маданият үйүндө чыгармачылык маанай көтөрүлүп калганын айтып, аны театрдын материалдык базасынын оңолушу менен байланыштырды:

Темирлан Сманбеков.
Темирлан Сманбеков.

- Муратбек Рыскулов атындагы Нарын академиялык музыкалык драма театры кезинде Союздагы он мыкты театрдын бири болгон. Бул жерден залкарлар чыккан. Кийинчерээк театр жакшы каралбай, бир аз чөгүп кеткен. Убагында бул жерге мурдагы президентибиз Алмазбек Атамбаев келип, театрдын оңдолушуна 25 миллион сом бөлдүргөн экен. Бул демилгени облус жетекчиси Аманбай Кайыпов өзү колго алып, жардам бере баштаптыр. Кийин мен келип калдым. Айтор биргелешип театрдын тегерегин ойдогудай кылып оңдоп алдык. Ичин оңдодук. Жакында имаратыбызга Кыргызстанда жок жарык берүү, үн берүү системалары келди. Башкача айтканда биз театрды заманбап техника менен жабдып жатабыз. Эл аралык фестивалда “Маң” спектакли чет элдик театр ишмерлерине жагып, бизди кубандырды.

Сманбеков мындан сырткары учурда Нарын театрында режиссер Жалил Мидинов Чыңгыз Айтматовдун “Жамила” повестин сахналаштырып, көрүүчүлөргө тартуулап жатканын айтты.

Театр ишмерлер бирикмесинин жетекчиси Жаныш Кулмамбетовдун пикиринде, учурда аймактын театрлардын ийгилиги анын көркөм жетекчиси менен режиссеруна байланыштуу:​

Жаныш Кулмамбетов.
Жаныш Кулмамбетов.

- Аймактык театрлардын контингенти түшүнүктүү да. Алардын адистиги, деңгээли биринчи кезекте ошол театрга ким көркөм жетекчи, ким башкы режиссер болуп келет - ошонун адистик деңгээлине, жөндөмүнө, талантына байланышкан. Кезинде Нарын театрынын даңазасын көтөргөн режиссер Алмаз Сарлыкбеков болгон. Ага чейин Бообек Ибраев эле. Алмаз Сарлыкбеков Нарын театрына режиссер болуп келгенде өмүрүндө эч жакка чыкпаган театрды Тбилисиге, Москвага алып барып келген. Бул театрдан Капар Медетбеков сыяктуу Эл артисти чыккан. Демек, театрдын өсүшү ага кандай режиссер келет - ошого байланыштуу. Аймактык маданий очокту андан башкача жол менен көтөрүүгө мүмкүн эмес.

Эл аралык фестивалда мыкты деп табылган "Маң" спектаклин анын автору Султан Раев жана коюучу-режиссер Жалил Мидинов сахналаштырган. Драманын бет ачары өткөн айда Нарын драма театрында өткөн.

Режиссер Жалил Мидиновдун айтымында, сөз болуп жаткан спектакль эми 24-июндан 29-июнга чейин Бишкекте өтө турган театр фестивалына катышмакчы.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG