Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Коронавирус 26 өлкөгө тарады


Коронавирус.
Коронавирус.

Кытайдын Хубей аймагынан чыккан коронавирус илдети учурда 26 өлкөгө тарады. Илдеттин айынан өлкөлөр бири-бири менен алака-катышын убактылуу токтотууда.

Кытай бийлиги оорунун жугуу ылдамдыгы кыйла басаңдаганын кабарлап жатат. Бирок башка өлкөлөрдө коронавирус жугузгандар тездик менен көбөйүп баратат. Ушундан улам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус кедей өлкөлөр өзгөчө коркунучта экенин эскертти.

Коронавирус илдетинин тарашы жагынан Түштүк Корея Кытайдан жана 660 жүргүнчүсүн илдет чалган «Даймонд Принцесс» кемесинен кийинки үчүнчү орунга чыкты.

Буга байланыштуу Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин атайын билдирүү таратып, өлкөдө коопсуздуктун эң жогорку чегин жарыялады:

Мун Чже Ин.
Мун Чже Ин.

«Жугуштуу оорулар боюнча адистердин кенешин угуп, өкмөт тийиштүү иштерди жүргүзүп, коопсуздук чарасын эң жогорку деңгээлге көтөрүп жатат. Учурда кырдаал «Шин-чонжи» диний тобунун арасында коронавирус жайылган жагдайга салыштырганда кооптуу болуп калды».

23-февралга карата Түштүк Кореянын Тэгу шаарында илдетти жугузгандардын саны 550 адамга жетти. Анын ичинен төртөө каза болгон. Буга чейин Түштүк Кореяда илдеттин очогу «Шин-чонжи» деп аталган жашыруун диний топтун клубу болгон.

Орусия 22-февралда Жапониянын жээктеринде турган «Даймонд принцесс» саякат кемесинен 8 жаранын эвакуациялап кеткен. Алардын ичинен төртөө жугуштуу илдетке кабылган болуп чыкты. Орус бийлиги жүргүнчүлөргө кошуп, аларды алып келген куткаруучулардын баарын 14 күндүк карантинге алды.

«Даймонд Принцесс» кемесинен куткарылган европалыктардын баары Англияда карантинге алынган.

Израил болсо Түштүк Кореядан келген учактан жөөт улутундагы 12 жүргүнчүнү гана кабыл алып, калган 200 чет өлкөлүк жүргүнчүнү жугуштуу илдеттен улам өлкөгө киргизүүдөн баш тартты.

Ал арада Италияда коронавирусту жугузгандардын саны жүздөн ашты. Вирустан эки адам каза болду. Италиянын түндүгүндөгү Ломбардия аймагынын губернатору Аттилио Фонтана вирусту жугузгандар 89 адамга жеткенин билдирди.

Илдетти жугузган эки адам көз жумганы белгилүү болгондон кийин премьер-министр Жузеппе Конте өкмөт мүчөлөрүн чукул жыйынга чакырды. Өлкөдө футбол боюнча Италия чемпионаты баш болгон спорттук жана маданий иш-чаралар токтотулду. Карнавалга камынып отурган жарандар өкмөттүн мындай чараларына нааразы пикирде.

«Карнавалды токтотобуз деген акылсыз чечим. Мына, канчалаган ооруканалар, бар-ресторандар, дүкөндөр, поезддер, кемелер – баары ачык асман алдында. Анан кантип бул маселени чечкени турасыңар? Карнавалга тыюу салыппы? Бул чектен чыккан акылсыздык», - деди алардын бири.

Өлкөнүн түндүгүндөгү 20 шаар карантинге алынды. 50 миңдей адамга бийлик үйдөн чыкпоо тууралуу эскертүү берди. Карантинге алынган аймактарды көзөмөлдөө милдети азырынча полицияга жүктөлдү. Бирок кырдаалга жараша ал аймактарга армия да киргизилиши мүмкүн экени эскертилди.

Премьер-министр карантинге алынган аймактардан бир да адам атайын уруксатсыз чыкпай турганын айтты.

Коронавирус Иранга да жетти. Өлкөдө илдетке кабылган 43 адам катталды. Бул тууралуу 21-февралда Ирандын саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Киануш Жаханпур билдирди. Анын айтымында, акыркы суткада илдет жугузган 15 жаңы учур аныкталды.

«Анын ичинен жетөө Кум шаарынан, төртөө Тегерандан, экөө Гиландан, Меркез жана Мазендеран шаарларынан бирден болуп, жалпысынан 15 адамга жетти. Бул илдет Иранга кытайлык жумушчулар аркылуу келиши мүмкүн», - деди Жаханпур.

Учурда кытайлык компания Иранда күн нурунан электр энергиясын өндүрүүчү станция куруп жатат.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарларына караганда Кум шаарында чогулуп намаз окууга убактылуу тыюу салынды.

Иранга кошуна турган өлкөлөр коопсуздук чараларын күчөттү. Сауд Арабиясы өз жарандарынын Иранга барышына тыюу салды.

Дүйнө жүзү боюнча 23-февралга карата коронавирус жугузгандар 76 936 адамга жетти. Бул илдеттин айынан каза болгондордун саны 2442 киши. Айыгып чыккандардын саны 22 888.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG