Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Мектептерде туура тамактануу боюнча маалымат берүү акциясы башталды


Бишкектеги мектептердин бири. Тамактанып жаткан окуучулар.
Бишкектеги мектептердин бири. Тамактанып жаткан окуучулар.

Кыргызстанда «Туура тамактануу» деп аталган бир айлык компания башталды. Анын алкагында мектептерде окуучулардын ден соолугун чыңдоо, пайдалуу азыктарды тандоону бала кезинен үйрөтүү үчүн маалыматтар берилет.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Долбоорду Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге Орусиянын агартуу министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Өнөр жай тамактануу институту ишке ашырып жатат.

2017-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму беш жаштан 19 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр арасында ашыкча салмактан жабыркагандар көбөйгөнүн белгилеп, 2022-жылга чейин бул чоң көйгөйгө айланарын эскерткен.

Лондондогу Империялык коллеж жүргүзгөн изилдөөдө 213 млн. бала ашыкча салмактан жабыркай турганы аныкталды.

1975-жылы дүйнөдө 11 миллион бала ашыкча салмак менен катталган. Изилдөөнү жетектеген профессор Мажит Иззати балдардын семирип жатканы акыркы 40 жылда глобалдык көйгөйгө айланганын билдирет.

Окумуштуулар туура эмес тамактануу ашыкча салмак кошууга алып келет дешет. Ашыкча салмак жүрөк жана башка ушул сыяктуу оорулардын күчөшүнө себепкер болот. (TSh)

XS
SM
MD
LG