Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:26

Коронавирустан каза тапкандар кескин көбөйдү


Ухань шаарындагы оорукана. Хубэй провинциясы, Кытай. 10-февраль 2020-жыл.
Ухань шаарындагы оорукана. Хубэй провинциясы, Кытай. 10-февраль 2020-жыл.

13-февралда Кытайда коронавирустан өлгөндөрдүн жана ооруну жугузуп алгандардын саны кескин көбөйүп кетти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытай бийлигине шилтеме берип, 10-11-февралда вирус 2 миң кишиге жукканын кабарлаган.

Бирок мындан эки күн өтүп-өтпөй бейшембиге караган түнү бейтаптардын саны көбөйүп, 15 миңге жеткени маалым болду.

Жаңы вирустун очогуна айланган Кытайдын Хубэй провинциясынын жетекчилиги бир күндө 243 киши илдеттен көз жумганын билдирди.

Буга чейин бир күндө эң көп 103 киши өлгөн эле.

Ухань шаарындагы оорукана. 5-февраль, 2020-жыл.
Ухань шаарындагы оорукана. 5-февраль, 2020-жыл.

Бийлик ооруну аныктоонун жаңы ыкмасына өткөнүн жана буга чейинки диагноздорду кайрап карап чыкканын, ушул себептен статистика өскөнүн айтууда.

"Жаңы коронавирус козгогон пневмонияны бышыктоо үчүн клиникалык диагнозго бейтаптын эпидемиологиялык тарыхын коштук. Мисалы, Ухань же Хубэйде бары анык. Бирок чөлкөмдүн сыртындагы жерлердеги бейтаптын эпидемиологиялык тарыхын, клиникалык анализдерди, илдеттин симптомдорун, белгилерин эске алышыбыз керек", - деди Бээжиндеги Чао Ян ооруканасынын вице-президенти Тун Чжаохуэй.

Бардыгы болуп ушу тапта COVID-19 деп атап коюшкан вирус Кытайда 1355 кишинин өмүрүн алып кетти, жугузуп алгандардын саны 60 миңге жакындады.

Шейшембиде оорудан 4 миңден ашуун киши айыкканы маалымдалган. Хубэйде 56 миллион киши карантинден улам эки жакка чыга албай отурат. Кытайдан тышкары 30 чакты жерде коронавируска чалдыккан 565 киши катталды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейсус эпидемия соңуна чыгууда деп болжолдоого эрте экенин шаршембиде эскерткен.

"Diamond Princess" кемеси. Иокогама, Жапония. 7-февраль, 2020-жыл.
"Diamond Princess" кемеси. Иокогама, Жапония. 7-февраль, 2020-жыл.

Ал тапта Жапониянын “Diamond Princess” саякат кемесинде дагы 44 киши вирусту алып жүргөнү аныкталып, ооруну жуктуруп алгандардын жалпы саны 218 кишиге жетти.

Жапон бийлиги 3-февралдан бери карантин киргизилген кеменин улгайган жүргүнчүлөрүнө жээкке түшүүгө уруксат берди. Алар ооруканаларда догдурлардын көзмөлүндө болушмакчы.

Саякат лайнеринде 3,5 миңдей киши бар.

Кытайдагы жергиликтүү жашоочулар өлкө башында турган Коммунисттик партияны "кризиске реакциясы жай болуп жатат, так маалымат жок" деп сынга алууда. Бийликтин дарегине мындай доомат авторитардык өлкөдө сейрек айтылат.

Кошмо Штаттардын расмий адамдары да Кытай өкмөтүн эпидемия тууралуу маалыматтарды жаап-жашырбай берип турууга үндөшүүдө.

Алар 2002-2003-жылдары SARS оорусуна байланышкан кризисти жөнгө салууда Бээжин көп кемчиликтерди кетиргенин эске салышат. Анда өпкө кагынынан 800гө чукул киши өлгөн, дүйнөлүк соодага чоң зыяны тийген.

Муну менен катар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытай жаңы вирусту аныктоо жана ооздуктоо жаатында жакшы иш алып барганын, башка өлкөлөр алардан үлгү алса болорун белгиледи.

Уюмдун Чукул программалар боюнча аткаруучу директору Майкл Райян Женевадагы брифингде билдиргендей, сасык тумоо күчөп турган чакта жаңы коронавирусту ажыратып диагноздоо өтө татаал. Анын үстүнө Кытай дүйнөдөгү калкы көп өлкө.

Уюмдун маалыматына ылайык, окумуштуулар ушу тапта ооруга каршы төрт түрдүү вакцинанын үстүнөн иштеп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG