"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия боюнча баяндамачы Брюс Панниер "Азаттык" менен маегинде чек ара жаңжалдарын чечүүдө Шанхай кызматташтык уюмунун ролуна жана эки өлкөнүн тең чыр-чатакта курал колдонуп жатканы канчалык кооптуу экенине токтолду.
- Ушу тапта кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал уланууда. Ал эми Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүүдө. Аймактык уюмга кирген өлкөлөрдүн лидерлери, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен тажик лидери Эмомали Рахмон да жыйынга катышып, сөз сүйлөштү. Жалпы жыйында экөө тең чек арадагы жаңжал тууралуу унчуккан жок. Мындан кийин бул аймактык уюмдун мааниси канчалык деген суроо туулат?
- Албетте, эки президент тең Самаркандда чогуу жүрөт. Экөө бир отуруп сүйлөшүп, чек арада эмне болуп жатканын талкуулап, аскердик аракеттерди токтотуп, кырдаалды жөнгө салуунун жолун табууну макулдашканга жеңил болмок да. Мен маалымат каражаттарынан окуп, көрүп жаткандай, Рахмон менен Жапаров бир залда отурушпайбы. Эмдигиче алардын отуруп сүйлөшпөгөнүнүн өзү бир кызыктай жагдайды жаратат. Самаркандда ушундай иш-чарада жүргөн соң канчалык оор болсо да, чогуу отуруп чек арадагы куралдуу кагылышты токтотуу жолун талкуулап алганы бир четинен жеңил болмок да.
- ШКУ салмактуу аймактык уюм деп саналат. Анын негизги максаттарынын бири уюмдун аймагында экономикалык кызматташтыкты күчөтүү жана коопсуздукту камсыздоо. Бирок ага карабай, уюмга мүчө мамлекеттердин ичинде чыр-чатак, атургай куралдуу жаңжал такай эле уланып келет. Мындай учурда ШКУнун беделин жана дипломатиянын ролун кандай баалайсыз?
- Албетте, саммитте эки президент Жапаров менен Рахмон сүйлөшпөсө дагы уюмду түптөгөн беделдүү өлкөлөрдүн лидерлери Владимир Путин же Си Цзинпин “чек арадагы жаңжалды тынч жол менен чечкиле, зарыл болсо биз ортомчулук кызматыбызды сунуш кылабыз” деп айтышса болмок. Мен билгендей, азырынча эч бир лидер андай демилге көтөрүп, андай сөз айтылган жок.
Биз чети ШКУга кирген дээрлик бардык өлкөдө чыр-чатак бар. Кытайдын Шинжаң аймагында эмне болуп жатканын билебиз. Орусия Украинага басып кирип, согушуп жатат. Казакстанда "кандуу январь", Тажикстанда Тоолуу Бадахшандагы "атайын операция", Өзбекстанда Каракалпакстанда массалык нааразылык акциялары болду. Эгер саммитте бир жердеги жаңжал тууралуу сөз козголсо, арийне, анда аймактагы бардык жаңжалдар, көйгөйлөр жөнүндө сүйлөөгө туура келет. Азыр болсо Самарканддагы саммитте көңүл чордонунда - кантип кызматташууну өнүктүрүү. Ушул маселени гана талкуулап жатышат.
- Брюс, ШКУга кирген өлкөлөрдүн дээрлик ар биринде жаңжал, чыр-чатак бардыгына токтолдуңуз. Самарканддагы саммиттин алдында Азербайжан менен Армениянын ортосундагы талаштуу Карабакта куралдуу кагылыш болуп, ондогон кишинин өмүрүн алды. Айрым адистер Карабакта дагы, кыргыз-тажик чек арасында дагы орусиячыл чагымчыл күчтөрдүн ролун белгилеп жатышат. Бул канчалык негиздүү жүйө?
- Албетте, толук ыктымал. Мурдагы советтик республикалардын аймагында согуш же куралдуу жаңжал чыкканда баары эле «Москванын колун» же Орусияны көрсөтүшөт. Көпчүлүк учурда дал ошондой болуп чыккан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы ондогон жылдар бою чечилбей, кырдаал чыңалган бойдон келатат. Соңку жылдары чек арада эки өлкө тең куралдана баштаганын билебиз. Мурда чек арачылар гана турса, азыр аскердик техниканын санын эки өлкө тең көбөйттү. Азыр кенедей чырдан куралдуу жаңжалга чейин тез эле тутанышы мүмкүн.
- Сиз белгилегендей, эки өлкө тең курал-жарагын күчтөп жатканы маалым. Чек араны аскердин, курал-жарактын күчү менен чечсе болобу?
- Чек аранын эки тарабында эки коңшу тең аскердик каруу-жабдыгын чыңдаганы чоң кооптонууну туудурат. Мурда чыр-чатак жанаша айыл-кыштактардын ортосунда тутанып, жергиликтүү тургундар таш ыргытып, таяк көтөрүп чыкчу. Азыр болсо жаңжалда курал колдонулуп, танк, артиллерияга чейин жетип жатат. Андай учурда адам өмүр кыйылат. Мурда чыр-чатакта жараат алгандар болсо, азыр адамдар мерт болуп жатат. Жакындан бери дрондор колдонула баштады. Канчалык курал-жарак көп пайдаланылса, ошончолук кан төгүлөт эмеспи.
"Азаттык": Самаркандда Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун баштоо тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бээжиндин бул стратегиялык чоң долбоору ШКУнун ичиндеги чек араларды кесип өтөт. Кытай бул долбоорун ишке ашыруу үчүн аймактагы тынчтыкка жана туруктуулукка канчалык кызыкдар?
Брюс Панниер: Саммитте жабык жыйындарда андай мүнөздөгү сүйлөшүүлөр болушу толук мүмкүн. Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички ишине кийлигишип жатканын ачык көрсөткүсү келбейт. Бээжин азыр Кыргызстан аркылуу өткөн темир жол маршрутун салууга киришип турат. Ал эми чек арадагы жаңжалдар бул жараянга бут тосушу мүмкүн. Андыктан Си Цзинпин Рахмон менен Жапаровду чек арадагы жаңжалды токтотууга чакырышы мүмкүн.
Бээжинге Борбор Азиянын тынчтыгы зарыл. Аймактагы мындай чыр-чатактын айынан Бээжиндин көп пландары өзгөрүшү мүмкүн. Кытай аймактагы ар бир өлкөгө канча инвестиция салды, барандуу долбоорлорду баштады. Андыктан Бээжин Борбор Азияда чыр-чатактын чыгышына, ызы-чууга кенедей да кызыкдар эмес.