Баткендеги коогада жарандардын жоголгон документтери акысыз даярдалат.
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев 3-майда брифингде билдирди. Анын маалымдашынча, буга байланыштуу атайын жумушчу топ түзүлдү жана анын мүчөлөрү ушул учурда Баткенде документтерин жоготкон жарандардын тизмесин тактап жатат:
"Документтериңер күйүп кетсе, жоголуп кетсе, айрылып калса эч кам санабай биздин кызматкерлерди күтүп туруңуздар. Алар сиздерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогуу барып, катташат. Биз башка мамлекеттик органдардай эле бир күндүк маянабызды которуп жардам берели деп жатканбыз, бирок биз тамак-аш, кийим-кече, баарын жеткирип жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан айлыгыбызды сиздердин документтерге кеткен чыгымдарга жумшайлы деп өкмөттөн уруксат сурап жатабыз. Жоголгон, күйүп кеткен документтериңерди Мамлекеттик каттоо кызматы акысыз жасап берет", - деди Мамбеталаиев.
Азырынча окуяларда канча кишинин документи жок болуп кеткени тактала элек.
Кыргыз-тажик чек арасындагы коогада жабыркаган аймактарга электр энергиясын жана суу жеткирүү көйгөйү жаралды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев 3-майда билдирди.
"Аткылоо болгон учурда электр мамыларына, кээ бир жерлерде электр чордондоруна зыян тийген. Аларды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Сугат жана таза суу жеткирүүдө маселе бар. Анткени, чектеш аймактардын көбү шахмат түрүндө болгондуктан, суу жолдору Тажикстанды аралап өткөн. Азыр суу жеткирүү үчүн арыктар тазаланууда", - деди облус жетекчиси.
Суваналиев аймакта абал тынч экенин белгилеп, коогада коопсуз жайларга качып чыккандардын саны 58 миңден ашуун экенин айтты. Алардын арасынан турак жайына зыян тийбегендер үйлөрүнө кайтып кетишүүдө. Үйү талкалангандар мектептерде ачылган баш калкалоочу жайларда турушат.
1-2-майда «Азаттыктын» тажик кызматынын кабарчысы чек арага жакын Исфара районундагы Кожалы (Хожаи Аъло) жана Сомониён айылдарына барып келди. Жергиликтүү бийлик билдирген алдын ала маалыматка караганда, бул айылдарда кеминде 20 үй, административдик имараттар катуу жабыркаган. Тажик бийлиги азырынча расмий маалымат бере элек.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы коогада Арка-2 айылында беш жашар баланын өлүмүнүн себеби аныкталды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова "Азаттыкка" билдирди:
"29-апрелде Лейлек районунун Арка айылына тажик тараптан ок атыла баштаганда адамдар үйлөрүнөн качып чыгышкан. Ошол маалда 2016-жылы төрөлгөн Абидин Турсунбаев каналга түшүп кетип каза болгон".
Баланын өлүмүнө байланыштуу жагдайды Лейлек райондук милициясы териштирүүдө.