Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:36
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
09:25 29.4.2021

Баткен облусундагы "Азаттык" радиосунун кабарчысы бүгүн, 29-апрелде эртең менен кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен районунун Көк-Таш айылынан аялдар менен балдарды салган алгачкы микроавтобус Баткен шаарына келгенин маалымдады.

Көк-Таш айылынын тургундары Баткендеги мектептердин биринин имаратына жайгаштырылууда. Жаңжал чыгып, ок атышуу уланып жаткан айылдагы жайкын тургундарды алып келүү опурталдуу болуп жатканы айтылууда.

Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы бүгүн эртең менен 5:45 чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюндагы Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытыла баштаганын кабарлаган.

Ок атышуудан 30 жаштагы жаран жарадар болуп, жергиликтүү айылдын ооруканасына жеткирилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тууралуу маалымат берип, азыр абал чыңалган абалда деген.

"Головной" тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан үч адамга таш тийип жарадар болду.

УКМК Чек ара кызматы тажик тарап маалыматтарды бурмалап, эки элди козутуп жатканы тууралуу билдирүү таркатты. Кырдаалды жөнгө салуу боюнча Тажикстандын расмийлери менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын кабарлады.

09:25 29.4.2021

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 29-апрелде таңкы саат 4:40тар чамасында Баткен районунун Көчө-Бою аттуу жеринде абал курчуп кеткенин кабарлады.

Чек ара кызматы: "Айылда тажикстандык тарап Кыргызстанга таандык тургундардын үйлөрүнө таш ыргытып, кырдаал курчуп кетти. Андан соң тажикстандыктар жолдон өтүп бара жаткан Кыргызстандын машинелерин мергенчи куралы менен аткылап башташкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жарадар болгондор бар. Тажик тараптын ок атуусу токтобой жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалууда. Тажикстандын чек ара кызматынын жетекчилиги менен телефондон байланышуу мүмкүн болбой жатат", - деген билдирүү таратты.

09:37 29.4.2021

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 29-апрелде эртең менен 5:45тер чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолундагы боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаганын кабарлады.

"Бул факты Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш жана жазыктарды каттоо реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.

Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай да Баткен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан катталып, Жазык кодексинин 39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

"Азыркы учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда", - деп билдирди Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Баткендеги "Азаттыктын" кабарчысы азыркы тапта Көк-Таш айылынан жергиликтүү бийлик балдар менен аялдарды алып чыгып кете албай убара болуп жатышканын кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тууралуу маалымат берип, азыр абал чыңалган абалда деп билдирген.

"Головной" тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан үч адамга таш тийип жарадар болгону айтылган.

УКМКнын Чек ара кызматы "тажик тарап маалыматтарды бурмалап, эки элди козутуп жатат" деп билдирүү таркатты.

09:45 29.4.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG