Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак чыккан аймактарда журналисттер үчүн пресс-тур өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек "Азаттыкка" билдирди.
“Баткендеги окуя тууралуу дүйнө коомчулугуна туура, калыс маалымат жеткирүү үчүн эл аралык журналисттерди Баткенге алып бара жатабыз. Саат 16.00дө атайын учак менен Баткенге учуп кетебиз. Жеринде баарын көрсөтүп, айтып беребиз. Алар өз көздөрү менен көрүп, жыйынтык чыгарышсын”.
Расмий маалыматка караганда, чек арадагы чатак чыккан аймактарга 20 маалымат каражатынан 26 журналист барат. Алардын онго жакыны чет элдик басылмалар. Калгандары жергиликтүү мамлекеттик маалымат каражаттары.
Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын айрым аскер адамдарына жана жарандарына каршы кылмыш ишин ачты. Кошуна өлкө кыргызстандыктарды башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгонун айтып, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп мүнөздөдү.
Тажикстан чек арадагы кооганын башталышына кыргызстандыктарды күнөөлөп, бир канча берене менен тергөө баштады. Тажик Башкы прокуратурасынын билдирүүсү расмий сайтында жарыяланды.
2-майда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатак учурунда "Головной" тилкесинде минометтен атылган октон кыргызстандык 25 адам жапырт каза болгонун билдирип, тергөө башталганын маалымдаган. Чектеш аймакта бери дегенде 11 айыл, 5 тозот жабыркады, бир айыл толук өрттөлдү. Жергиликтүүлөр Тажикстандан кол салуу болгонун билдиришкен.
Кыргызстандын парламенти чек арадагы коогадан улам эл аралык коомчулукка кайрылуу жолдойт
Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, депутат Абдувахап Нурбаев "Азаттыкка" билдирди.
"Биздин комитет эл аралык коомчулукка кайрылуунун долбоорун даярдаган. Бирок депутаттар аны эл аралык юристтер менен дагы иштеп чыгып, бир-эки жерин тактап, парламенттин кийинки отурумунда, парламенттин атынан чыгаралы деген сунуштап жатат. Ошонун үстүнөн кайрадан иштеп жатабыз. Кайрылуунун долбоору бар, толук макулдаша элекпиз, талаш-тартыш болууда. Этият болобу, мамилелерге дагы зыян келтирип албайлы дегендер болууда, биз катуу жазган элек",- деди Нурбаев.
Парламенттин тармактык комитети бүгүн, 3-майда чек арадагы соңку кырдаалдан улам жабык жыйынга чогулган.
Өкмөт чек ара жаңжалында жабыркагандарга кенемте төлөйт
Маалыматты "Азаттыкка" өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Толкун Камчыбекова билдиргенди.
Ага ылайык, ушул тушта кыргыз-тажик чек арасындагы коогада мерт болгондорго жана жабыркагандарга төлөнүүчү кенемтенин көлөмүнө байланыштуу маселе каралып жатат.