Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонкулова 3-майдагы брифингде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жараат алган дагы бир жаран каза болгонун билдирди.
Анын айтымында, маркум 1967-жылкы Максат айылынын тургуну болчу.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны ушуну менен 35ке жетип, 183 киши жараат алды.
Ташиев: чек арадагы тилкелер жаңжалга чейинки абалында калат
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалды токтотуу тууралуу тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу учкай маалымат берди.
Ал 2-майда Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, тараптар тынчтык орнотуу чаралары тууралуу макулдашканын билдирди:
"Эки өлкөнүн бардык чек ара тилкелеринде тынчтыкты орнотуу тууралуу макулдаштык. Биз протоколго тынчтыкты орнотуу ыкмалары тууралуу жаздык. Биринчи ыкма - чек ара тилкелеринен оор техникаларды, чек арачыларга тиешелүү эмес курал-жарактарды жана адамдарды алып кетүү. Экинчиси - ар бир мамлекет ошол жаңжалга чейин ээлеген жерин гана ээлеп калуу. Кимдир бирөө кайсы бир мамлекеттин аймагына кирип кеткен болсо, ошол жерден адамдардын, аскердик техникаларын чыгаруу тууралуу. Ушул пункттардын аткарылышы боюнча комиссия түзүүнү макулдаштык", -деди Ташиев.
Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонкулова чек арадагы коогада жабыркагандардын арасынан 99 киши ооруканада жатканын билдирди.
"Алардын бири өтө оор, үчөө орточо оор абалда. Мамлекеттик бейтапканаларда дарыланышууда", деди ал 3-майда Бишкектеги брифингде.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге чамалады. Жүзгө жакын турак-жай талкаланып, өрттөлдү.
Тажик бийлиги соңку жаңжалда канча адам жабыр тартканын расмий кабарлай элек. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, 16 адам каза тапканын, 90 жараны жараат алганын жазды. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.
Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү макулдашкан. Жаңжал жер талаш катары мүнөздөлүүдө.
Баткенде милиция беш жаштагы баланын өлүмүнүн себептерин териштирип жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан "Азаттыкка" билдиришкендей, баланын өлүмүнүн жагдайына байланыштуу маалыматтар буга чейин катталган эмес.
Арка айылынын беш жаштагы тургуну чек арадагы коогада качып баратып, сууга агып кеткени айтылууда.