Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык 1-майда мекенине кайтарылды. Алар ушул тапта Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп жатышат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-апрелде тажик жарандары Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди баш кылып 10 тургунду барымтага алышкан.
Барымтадагылар Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Согди облусунун жетекчиси Ражоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында бошотулду.
Жоокер Нурсултан Манасбек уулу өмүрүн мекенге арнады
29-апрелде Баткенде окко учкан аскер Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү 1-майда Аксы районуна караштуу Дейрес-Сай айылында жерге берилди. Маркумдун жакындары Нурсултан мекен үчүн курман болгону, артында туяк калбаганы, мекенчил жигиттин шамы өчкөнүн айтышты. Жоокердин айылдаштары маркумдун аты тарыхта түбөлүк калып, жаштар үчүн мекенге болгон сүйүүсүн ойгото алды дешет.
Түркиянын башкы дипломаты кыргыз элине көңүл айтты
1-майда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефондон сүйлөшкөнү кабарланды. Бул тууралуу кабар Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин «Твиттер» баракчасына чыкты.
Чавушоглу кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Анкара эки өлкөнүн кырдаалды турукташтыруу жана абалдын курчуп кетишине жол бербөө үчүн көрүп жаткан аракеттерин кубаттарын билдирди. Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда жетишилген келишимдерди колдой тургандыгын кошумчалады.
Ошондой эле Түркия чек арада жабыркагандарга медициналык, гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин да айтты.
Мекендештер жаңжалда жабыркагандарга онлайн жардам көрсөтүүгө даяр
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктарга чет жактагы кесипкөй психолог мекендештер онлайн жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Германиядагы кыргыз диаспорасынын активисти Калыгул Жунушбеков «Азаттык» радиосуна билдирди.
Францияда, АКШда, Германияда, Түркияда жана Канадада эмгектенген мекендештер чек арадагы жаңжалда жабыркагандарга, жакындарын жоготкондорго жана жалпы эле бул кырдаалда моралдык-психологиялык жактан запкы жегендерге жардам көрсөтүү үчүн Интернетте атайын портал ачышты.
Ал үчүн психологиялык жардамга муктаждар kg-psy.com сайтына кирип, өз телефон номерлерин калтырып койсо болот.
Портал Германиядагы кыргызстандыктардын демилгеси менен түзүлдү. Ал жактан ошондой эле Бишкектеги психологдор менен да байланышса болот.
Буга чейин Түркия жана Германиядагы журтташтар эки элди ынтымакка чакырган видеокайрылуу жасашкан.