30-апрелде Нью-Йоркто Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева дүйнөлүк уюмдун баш катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Йенча менен жолугушту.
Молдоисаева кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле уюмдан жаңжалда качып чыккан тургундардын үй-жайына кайтып келүүсүнө, талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.
Йенча эл аралык уюм кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көз салып жатканын билдирип, эки тараптын ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге жетишкендигин кубаттады. Ошондой эле БУУ Тынчтык орнотуу фондунун алкагында жаңжалда жапа чеккендерге жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.
Кыргызстан жана Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын 1-майдагы жыйынында төрт пункттан турган протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.
“Бүгүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында жолугуп, эки мамлекеттин кызыкчылыгындагы төрт пункттан турган протокол кабыл алдык. Ооба, Кыргызстан менен Тажикстандын элдери эң оор мезгилди башынан кечирип жатат. Эки өлкөдө трагедия орун алды. Бизге бул убакытта жолугуу оор болду, бирок мамлекет башчыларынын тапшырмасы менен биз бул иш-чараны өткөрдүк".
Ташиевдин айтымында, жолугушуунун жыйынтыгында ок атууну толук токтотуу жана чек арага жакын турган бардык аскерлерди чыгаруу макудашылды. Ал протоколдун мазмуну тууралуу айткан жок. Аймакта тынчтык орноп, протоколдо белгиленген чечимдер аткарылат деген ишенимин кошумчалады.
Британиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Чарлз Гаррет Баткендеги кандуу окуяларга байланыштуу Кыргызстанга н көңүл айтты.
Ал "Твиттердеги" баракчасына жазган катында Британиянын ханышасы менен өкмөтүнүн атынан чек арада каза тапкандардан улам кыргыз элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.
Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда жараат алгандардын саны 173 кишиге жетти. 34 киши каза тапты. 20-миңдей адам үй-жайын таштап, чыгып кетүүгө аргасыз болду. Кыргызстанда 1-2-май каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган.
"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, жаңжалда 15 жаран каза болгонун жазды. ММКлар 90 адам жараат алганын билдиришүүдө. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек.
Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын 2-май, саат 9.30дагы маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.
Өткөн түнү чыр-чатак жана ок атуулар катталган жок. Ош-Баткен-Исфана автожолундагы транспорт кыймылы үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Тараптар чек ара тилкесинен кошумча күчтөрдү жана каражаттарды ала баштады. Эки өлкөнүн ортосунда ок атууларды токтотуу жана аскерлерди чыгаруу боюнча 1-майда түзүлгөн келишимди ишке ашыруу комиссиясынын ишин кыргыз тараптан УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев координациялап жатат.
Кыргызстандын Чек ара отряддары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы кабарланды. Баткенде түн тынч өткөнүн облустук милиция да ырастады.