Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
16:45 29.4.2021

17:02 29.4.2021

Ушул тапта Коопсуздук кеңеши жыйынга чогулганын айрым маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиевага шилтеме кылып жазышты.

Айрым маалыматтарга караганда, Коопсуздук кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров, парламенттин төрөгасы Талант Мамытов, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган бийлик өкүлдөрү катышууда.

Жогорку Кеңеш дагы чукул жыйынга чогулуп, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяны жабык карап жатат.

Айрым бир маалыматтарга караганда, анда президент Садыр Жапаровду парламентке чакыруу сунушталды, ошондой эле өкмөт башчы Улукбек Мариповду кызматтан алуу демилгеси көтөрүлдү.

"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысынын айтымында, кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтой элек. Турак жайлар өрттөнүп жатканы кабарланууда.

Буга чейин төрт кыргызстандык жараат алып, ооруканага түшкөн. Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына ылайык, Баткенде, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чыр жыккан жерде кырдаалды Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев көзөмөлдөп жатат.

17:03 29.4.2021

Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 16:30да Баткендеги соңку кырдаал боюнча маалымат таратып, абал курчуганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, “тажик тарап атайылап чатак чыгарып, кырдаалды курчутууну улантып жатат”.

Кыргыз тарап “Жараат жана ар кандай травма алган жай тургундар үчүн бардык жоопкерчилик чек арадагы абалды турукташтыруу чараларын иштеп чыгуудан качып жаткан Тажикстандын Чек ара аскерлеринде” деп белгилеп, тажик тарапты чырды тынчтык жолу менен жана эл аралык укук нормаларынын, эки тараптуу макулдашуулардын негизинде чечүүгө чакырды.

Ошону менен катар Кыргызстан «Головной» суу бөлүштүрүү жайы Кыргызстандын аймагында жайгашканын жана Кыргызстандын стратегиялык объектиси экенин белгиледи.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

29-апрелде да жаңжал уланып, Кыргызстандын Чек ара кызматы “Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемет жана автомат менен жапырт аткылоо башташты” деп билдирди.

17:15 29.4.2021

Президент Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттө атайын жумушчу топ түзүлдү жана аны вице-премьер министр Артем Новиков жетектейт, кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасын аткарат. Мындан тышкары Тышкы иштер министрлиги окуяны тынчтык жолу менен чечүү үчүн дипломатиялык иштерди жүргүзүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG