Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
17:18 29.4.2021

Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматынын билдирүүсүнө таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан эки жаран жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын билдирүүсүндө 29-апрелде Баткендин Көкташ айылына жакын жерде кыргыз чек арачылары ок атып, Чорку айылынын 32 жаштагы тургуну Окил Амаков башынан жараат алган.

32 жаштагы дагы бир тургун Саттор Самадов колу-бутунун бир нече жеринен жараат алган. Эки тургун тең Исфаранын борбордук ооруканасына жеткирилгени айтылат.

Ошондой эле билдирүүдө “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында 13.05те кыргыз чек арачылары ок атууну баштаганы кабарланган. 28-апрелде Тажикстандын чек ара мекемеси жети тажик жараны жабыркаганын билдирген.

Ал эми Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы тажик аскерлери Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан "Головной" суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоону 29-апрелде баштаганын жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык, учурда окуянын жеринде Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Уларбек Шаршеев жүрөт. Буга чейин Баткен облусунун акимиятынын өкүлү төрт кыргызстандык жараат алып, ооруканага түшкөнүн билдирген болчу.

28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болгон. 29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кетти. Андан соң бул жерде ок атылып жатканын жергиликтүү тургундар кабарлаган.

17:32 29.4.2021

Кыргызстандын акыйкатчысы, күч түзүмдөрү боюнча мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов Баткенде кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн чек араны жабуу зарыл деп эсептейт. Мындай пикирин ал 29-апрелде “Азаттыкка” курган маегинде айтты:

“Жайылып, чоң жаңжалга айланып кетпеш үчүн кыргыз өкмөтү чечим кабыл алып, чек араны жабышы керек. Бүт жаап, күчөтүлгөн режимге өтүп, нөлгө келтирип, “Силерге да жок, бизге да жок. Эл кыйналып жатат” деп отуруп, сүйлөшүү туура. Парламент чогулуп, ушул маселени президент менен карап, чечкиндүү кадамга барышы керек”.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

29-апрелде да жаңжал уланып, Кыргызстандын Чек ара кызматы “Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемет жана автомат менен жапырт аткылоо башташты” деп маалымдады.

Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын айтууда.

Токон Мамытов 2009-жылы жана 2013-жылы Чек ара кызматын жетектеген.

17:53 29.4.2021

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-апрелдеги саат 16:30 карата маалыматына ылайык, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган 11 адам ооруканага кайрылды. Анын ичинен 10 киши ар кандай жараат алганы белгилүү болду. Жети кишиге ок тийген. Анын үчөөнүн абалы орто оор, төртөө ырааттуу оор деп бааланып жатат. Учурда эки бейтапка операция жасоо чечими кабыл алынды.

Бейтаптарды тейлөө үчүн Ош шаарынан беш дарыгер Баткенге келди. Мындан тышкары Бишкек шаарынан да тогуз дарыгер барганы жатат.

28-апрелде чек арадагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылышуу чыккан.

29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кеткенин билдирди. (

18:14 29.4.2021

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кечки саат 18:00дө “Фейсбуктагы” расмий баракчасына кайрылуу жазды.

“Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам. Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз. Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат. Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам”, - деп жазды Жапаров.

Ал арада Баткенде чек ара жаңжалында жараат алган бир адам каза болду. Бул тууралуу 29-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Жалпысынан жараат алган кыргызстандыктардын саны 17ге жетти, бирөө үйдөн дарыланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG