Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
16:33 29.4.2021

Баткенде, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чыр жыккан жерде кырдаалды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу 29-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, “29-апрелде саат 14.00дө Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоо башташты. Уларбек Шаршеев кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары козгогон куралдуу чыр-чатакты басуу боюнча чара көрүп жатат”.

28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болгон. 29-апрелде атышуу уланды.

Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.

16:40 29.4.2021

16:41 29.4.2021

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Германияга кетип, Баткендеги окуяга байланыштуу кайра Кыргызстанга кайтканын билдирди. 29-апрелде ал “Фейсбуктагы” баракчасына “28-апрелде ден соолугумду каратуу үчүн Германияга учуп кеткен элем, бирок бүгүнкү Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учуп чыктым, ооруканага жетпей кайттым, буюрса түнү менен жетип барам” деп жазды.

Бир аз мурдараак УКМКнын басма сөз кызматы Ташиев 28-апрелде дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кеткенин кабарлаган. Ал кайсы өлкөгө кеткени так айтылган эмес.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

29-апрелде да жаңжал уланып, Кыргызстандын Чек ара кызматы “Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемет жана автомат менен жапырт аткылоо башташты” деп билдирди.

Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын айтууда.

16:42 29.4.2021

Бүгүн 29-апрелде Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяны жабык карап жатат. Бул тууралуу парламент депутаты Жанарбек Акаев “Азаттыкка” ырастады.

Айрым бир маалыматтарга караганда, анда президент Садыр Жапаровду парламентке чакыруу сунушталды, ошондой эле өкмөт башчы Улукбек Мариповду кызматтан алуу демилгеси көтөрүлдү.

"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысынын айтымында, кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтой элек. Буга чейин төрт кыргызстандык жараат алып, ооруканага түшкөн. Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына ылайык, Баткенде, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чыр жыккан жерде кырдаалды Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев көзөмөлдөп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, “29-апрелде саат 14.00дө Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан "Головной" суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоо башташты.

Окуяга байланыштуу бүгүн, 29-апрелде Бишкекте активисттер митинг өткөрдү. Алар УКМКнын төрөгасы Камчыбек Ташиев элдин алдына чыгып кылдаалды түшүндүрүп беришин талап кылышты.

Атайын кызматтын төрөгасы Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин бүгүн, түштөн кийин УКМКдан билдиришти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG