Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
14:36 29.4.2021

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында ушу тапта кайрадан ок атылып, эки адам ооруканага жеткирилгенин "Азаттык" радиосунун кабарчысы жеринен билдирүүдө.

Ал ок тынымсыз атылып жатканын саат 14:10дө маалымдады.

Буга чейин төрт кыргызстандык жараат алып, ооруканага түшкөн.

28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылышуу чыккан.

29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кетти.

Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин, чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.

Кыргызстандын чек ара мекемеси тажик тараптын бул билдирүүсүн четке кагып, алар чек арадагы чыныгы абал тууралуу маалыматты бурмалап, абалды курчутуп жатканын айтты.

15:25 29.4.2021

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда эмес. Бул тууралуу 29-апрелде "Азаттык" радиосуна мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ташиев 28-апрелде дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кеткен.

УКМК жетекчиси кайсы өлкөгө кеткени так айтылган жок.

Ташиев ден соолугуна байланыштуу быйыл кышында да чет жакта дарыланып келген. 12-февралда ал Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгон.

Өкмөттүн жаңы структурасына ылайык, Чек ара кызматы УКМКга өткөн.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган жаңжал токтой элек

15:26 29.4.2021

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына чогулган ондогон активисттер президент Садыр Жапаров, өкмөт башчы Улукбек Марипов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрөгасы Камчыбек Ташиевдин эл алдына чыгып кырдаалды түшүндүрүп беришин талап кылышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, бийликке бир канча талап коюлду:

-Баткен районунун (Ак-Сай, Көк-Таш, Ак-Татыр, Самаркандек) жана Лейлек районунун (Максат, Арка, Бешкент) Тажикстан менен чектеш аймактарында чек ара кызматы күчөтүлсүн.

-Элдин бейпил жана тынчтык жашоосу камсыздалсын.

-Кыргыз өкмөтү жаңжал чыккан жерге барып, кырдаалды жөнгө салсын.

"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысынын айтымында, учурда кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз ок атылып жатат.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам жараат алган төрт адамдын үчөө ооруканада жатат. Мекеменин маалыматына караганда, бейтаптардын абалы орточо, туруктуу.

Жараат алгандардын үчөөнө таш, бирөөнө ок тийген. Таш тийген эки адам Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген адам Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин, чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.

28-апрелде чек арадагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылышуу чыккан.

29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кеткенин билдирди.

Кыргызстандын чек ара мекемеси тажик тараптын бул билдирүүсүн толугу бойдон четке кагып, алар чек арадагы чыныгы абал тууралуу маалыматты бурмалап, абалды курчутуп жатканын айтты.

16:27 29.4.2021

Саясатчы Илим Карыпбеков чек ара маселесинде чагымга алдырбай, интернет аркылуу ар кандай козуткан сөздөрдү айтуудан карманууга, баарын сабырдуулук менен чечүүгө чакырды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG