Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
12:46 10.5.2021

Түштүк Кореяда жашаган кыргызстандыктар 10-майда Тажикстандын Сеулдагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар 29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жайкын тургундар набыт болгонун айыпташты.

Акциянын катышуучулары колдоруна чек ара чырында каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын, прапорщик Бекзод Юлдашевдин сүрөттөрүн көтөрүп турушту.

Буга чейин Германияда, Италияда, Швейцарияда, Британияда, Канадада жана АКШнын бир катар шаарларында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышкан.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажик бийлиги 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну "биринчи баштаганын" билдирүүдө. Тажик бийлиги болсо кыргызстандыктарды "башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон" деп айыптаган жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп мүнөздөгөн.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө.

12:41 10.5.2021

АКШнын Чикаго штатында жашаган кыргызстандыктар Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылып, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө үндөштү.

30 чакты кыргызстандык 9-майда Чикагодо акция өткөрүп, колуна тынчтыкка чакырган, агрессияны токтотууну талап кылган жазууларды кармап турушту.

Алар эл аралык уюмдарды жабыркагандарда жардам берип, талкаланган үй-мүлкүн жана социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө, эвакуация болгондордун кадимки жай турмушка кайтуусуна көмөктөшүүгө чакырышты.

Чикагдогу акциянын катышуучулары.
Чикагдогу акциянын катышуучулары.

Буга чейин мындай акциялар Германияда, Италияда, Швейцарияда, Британияда, Канадада, Түштүк Кореядажана АКШнын бир катар шаарларында өткөн.

11:15 8.5.2021

Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарындагы куралдуу жаңжалды иликтөө жана чыгымдарды эсептөө үчүн Ички иштер министрлигинин 52 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

“Өлкөнүн бардык аймактарынан жөнөтүлгөн топтор чыгымды тактоо менен бирге тажик тараптын курал колдонгону жөнүндө далилдерди документтештирип, чогултуп жатат”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 8-май саат тогуз жарымдагы маалыматка караганда, абал туруктуу, түндө чыр-чатак катталган жок.

Баткен облусунун аймагында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин “Шер” атайын багыттагы, Чек ара кызматынын “Бөрү” атайын багыттагы курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 7-майдын түнү маалымат таратып, саат 22.30га карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экенин билдирген.

Мекеменин билдирүүсүндө, 7-майда Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-1 аймагынын тушуна тажик тарап чек ара кезметин коюуга аракеттенген. Кыргызстандын чек арачылары такталбаган аймакта чек ара кезметин алууну талап кылып, коңшу тарап аны ошол замат аткарганы кабарланды.

УКМК кулпунай аткезчилик жол менен өткөрүлүп жатканы тууралуу интернетте тараган видео боюнча да комментарий берди.

"Бүгүн Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына жакын жерден Тажикстандын жараны 10 килограмм кулпунай сатууга аракет кылган. Тажикстандын чек арачылары анын аракетине өздөрү бөгөт койгон".

Атайын кызмат кыргыз-тажик чек арасындагы аткезчиликке бөгөт коюуга мамлекеттик органдардан тышкары жарандык коом да жардам берип жатканын жарыялады.

19:20 7.5.2021

Министрлер кабинети Баткенде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Маргун айылынан Даркумга чейинки жолду куруу башталганын билдирди. Иш андан ары Самаркандек-Даркумге чейин уланат жана жолдун жалпы узундугу 44,1 чакырымды түзөт.

Ошондой эле 10,1 чакырымды түзгөн Кулунду-Максат-Арка автожолуна асфальт-бетон төшөө иштери башталат.

3-майда өкмөттүн токтому менен Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда кыйраган социалдык жана чарбалык объектилерди калыбына келтирүүгө 500 миллион сом бөлүнгөн.

Буга чейин ттранспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев коогада 3,5 миң чарчы метр жол жарактан чыкканын, бир топ жол белгилери уурдалып, бүлүндүрүлгөнүн маалымдаган.

Кайынбаевдин ырасташынча, алдын ала эсеп менен жол инфраструктурасынын чыгымы 11 миллион сомдон ашкан.

28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG