Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:50

Өзбекстан: премьер менен журналист араздашты


Өзбекстандын өкмөт башчы өлкөдөгү бардык телеканалдарда жаңылыктан башка берүүлөрдү түз эфирде алып барууга тыюу салды.
Өзбекстандын өкмөт башчы өлкөдөгү бардык телеканалдарда жаңылыктан башка берүүлөрдү түз эфирде алып барууга тыюу салды.

Өзбекстанда премьер-министр Абдулла Арипов менен Эл аралык пресс-клубдун башчысы, түз эфирдеги берүүлөрдү алып барып жүргөн журналист Шерзод Кудратхажаевдин жаңжалы талкуу жаратты.

21-августта Медиа борбордогу жыйында Арипов Кудратхажаевди "чектен чыктың" деп жемелегени, берүүлөрүн сынга алганы маалым болду.

Ошондой эле өкмөт башчы өлкөдөгү бардык телеканалдарда жаңылыктан башка берүүлөрдү түз эфирде алып барууга тыюу салды. Муну жергиликтүү журналисттер өзбек медиасына кысым катары баалап жатат.

Шавкат Мирзиёев президент болгондон бери айрым мамлекеттик телеканалдар буга чейин айтылбай келген кээ бир маселелерди көтөрүп, ачык талкуулай баштаган эле. Алтургай мурунку президент Ислам Каримовду жамандаган берүүлөр да көрсөтүлгөн жана бул өзбек коомчулугун кыйла таң калтырган.

Өкмөт башчы Абдулла Арипов менен президенттин кеңешчиси Хайриддин Султанов катышкан Улуттук телерадиокомпаниянын кызматкерлеринин жыйыны дээрлик алты саатка созулду. Жыйындын алдында компаниянын коопсуздук кызматкерлери журналисттерди үйлөрүнө кетирбей таң атканча жумушта кармашканы маалым болду.

"Азаттыктын" өзбек кызматына жыйындагы жаңжалга күбө болгондордун бири премьер-министр журналистти кемсинткенин айтып берди:

- Премьер-министр Абдулла Арипов Эл аралык пресс-клубдун башчысы Шерзод Кудратхажаевди катуу эле жемеледи. "Сен, жигит, чектен чыгып кеттиң! Өзүңдү ким деп ойлоп жатасың?!" деп кыйкырды. Кудратхажаев да тим калбай "мени кызматыңыз менен коркутпаңыз, сиздин мага кыйкырганга, "сен" деп кайрылганга акыңыз жок" деп жооп берди. Экөө бир топко кайым айтышты. Премьер-министр Шерзодду "эгер сени бир тепсем мурунку ордуңа отуруп, шүмүрөйүп, кайра мугалим болуп каласың" деп коркутуп, катуу эле кемсинтип, мазактады. Жыйындын алдында журналисттерди компаниянын коопсуздук кызматкерлери жумуштан кетирбей, таң атканга чейин кармашкан болчу. Таңкы саат 6да жумуштан кеткен кесиптештеримди кайра эле саат 10до жумушка чакырып, жыйын өткөрүштү. Алты саатка созулган жыйында Абдулла Арипов менен Хайриддин Султанов журналисттердин баарын катуу тилдешти. Башкы директор Бабур Алиханов үч саат бою тикесинен тик туруп жеме укканга аргасыз болду.

Абдулла Арипов.
Абдулла Арипов.

Маалыматка караганда, Абдулла Арипов менен Хайриддин Султановго Эл аралык пресс-клуб уюштуруп жаткан түз эфирдеги берүүлөр жана анда көтөрүлгөн социалдык маселелер, ал көйгөйлөрдүн ачык, коомдун бардык катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланганы жакпай калган. Мындай берүүлөргө жергиликтүү кеңештин депутаттары, акимдер катышып жаткан эле.

Жыйынга катышкандардын бири өкмөт башчы мындан ары "өзүм билемдикти" тыюуну, бардык программаларды Хайриддин Султанов менен кеңешпестен эфирге чыгарбоону талап кылганын айтты:

- Эл аралык пресс-клубдун берүүлөрүнүн катышуучулары айтып чыккан маселелерди, көйгөйлөрдү соңку 25 жылдан бери эч ким айта эле болчу. Шерзод Кудратхажаев президент Шавкат Мирзиёевдин сөздөрүнө шыктанып алып, курч темаларды алып чыга баштаган. Журналист берүүлөрүнө депутаттарды, сенаторлорду чакырчу. Ал облустун акимдерин жыйнап берүү жасаган. Анда алар мындан ары дарыгерлерди, мугалимдерди пахта теримге мажбурлап жөнөтпөйбүз деп убада да берип жиберишкен. Мунун баары албетте премьер-министрге жана 25 жылдык цензураны башкарган Хайриддин Султановго жакпайт да. Премьер-министр "эми мындан ары эч кандай онлайн-понлайн болбойт. Эми мындан ары баарыңар жөн иштейсиңер" деди.

Маалыматка караганда, өкмөт башчы Улуттук телерадиокомпаниянын жетекчиси Бабур Алихановго сөгүш берди.

Жыйын кадрдык өзгөрүүлөр менен да коштолду. Аталган компаниянын мындан бир аз күн мурда иштен алынган жетекчи орун басары Хайрулла Нуриддинов "Өзбекстан" телеканалынын башчысы болуп мурдагы кызматына кайра дайындалды. Үч ай мурун кызматтан алынган Улуттук телерадиокомпаниянын техникалык маселелер боюнча жетекчи орун басары, премьер-министрдин аталаш тууганы Нустар Хакимов да кайра өз ордуна келди.

Жаңы ачылган, олуттуу темалар менен оозго алына баштаган "Өзбекстан 24" телеканалынын башчысы Озод Хамихожаев иштен алынды. Анын ордуна буга чейин кызматтан алынган Нодир Туляганов дайындалды.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин маданият, басма сөз жана чыгармачыл уюмдар боюнча мамлекеттик кеңешчиси Хайридин Султанов жалпыга маалымдоо каражаттарын соңку 17 жылдан бери көзөмөлдөйт. Ал бул кызматын Шавкат Мирзиёев келгенде дагы сактап калды. Мирзиёев кызматка келери менен өзбек телеканалдарынын көбүнүн жетекчилерин бир сыйра алмаштырган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG