10-октябрда Дашогуз облусунда ондогон адамдар бала бакча алымынын кескин көтөрүлгөнүнө каршы чыгышкан. Бул тууралуу адегенде “Түркмөнстан хроникасы” порталы, андан кийин “Азаттыктын” түркмөн кызматы жазган.
Нааразылар адегенде облустук билим берүү башкармалыгына келгенде тосуп чыккан башкармалык өкүлү аларга “акимчиликке барып, арызданууну” сунуштаган. Ушундан соң митингчилер мэрияны карай жөө жөнөшкөн.
Алар балдар бакчасындагы алымдын он эсе жогорулашына нааразы болушкан. Маселен, мурда бир айлык төлөм 8 манат же 160 сом болсо, 1-ноябрдан тарта 80 манатка көтөрүлөт деп пландалган.
“Азаттыктын” түркмөн кызматына атын атагысы келбеген билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери багыт берген ал чиновник ошол эле түнү кармалганын билдиришти. Андан тышкары бала бакчада иштеген аялы, мектепте иштеген уулу да жумушунан айдалган. Үй-бүлө бийликке каршы көтөрүлдү деп шектелип жатканын 18-октябрда жагдай менен тааныш дагы эки киши ырастады. Бирок азырынча кармалган аткаминердин аты-жөнү белгисиз, болгону курагы 50дө делет.
Маалыматка караганда ал азыр Дашогуздун паспорттук каттоо мекемесинин жанындагы убактылуу абакта. “Азаттыктын” булактары тагылган айыпты уккан соң мамлекеттик адвокат аны жактоодон баш тартканын айтышууда. Ушундан соң үй-бүлө башка адвокат жалдаган. Бирок ал камактагы кардарына алигиче жолуктурула элек.
Аткаминер “мамлекетке каршы протестке чакырган жана элдин бакубатчылыгын жакшыртуу боюнча президенттин мүдөөсүн көңүлгө алган эмес деп шектелүүдө" дейт облустук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин бири.
- Сыягы Дашогуздун бийлиги каршылык акциясын уюштурууга күнөөкөрлөрдү издеп жаткандай. Ошону эми ага эч тиешеси жок кесиптешибиздин мойнуна арта салууну көздөшүүдө. “Азаттык” радиосу аркылуу тиешелүү органдарга биздин кесиптеш жана анын бүлөсү эч кандай каршылык акциясына тиешеси жоктугун айткыбыз келет, - дейт ал.
Түркмөнстандык жазуучу, “Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын серепчиси Аманмурат Бугаев мына ушул окуяны жазып чыкты. Бирок ал байланышкан тиешелүү адамдар өз атынан сүйлөп бербей коюшканын, кармалган кишинин атын атоодон да чочушканын айтты:
- Башка маалымат таба алган жокмун. Ал тескерисинче бийликке жардам гана бергиси келген. Нааразылык билдирип келгендерге биз бул жерде эч нерсе чечпейбиз, андан көрө акимчиликке барганыңар оң деп жооп берген. Анан элдер кайрылып мэрияга кетишкен. Мен облустук билим берүү башкармалыгына чалсам жарытылуу эчтемке билбейбиз деп жатышат. Баары коркушат. Эмнеге экенин жакшы билем. Силер деле биздеги режимди түшүнүп турсаңар керек. Анын үстүнө менин телефон сүйлөшүүлөрүм тыңшалып эле калбастан, жазылып да турат. Ошондуктан эл эмне болгону тууралуу так, ачык айтуудан чочушат.
"Азаттык": Мындан тышкары да аз күн мурда эле Түркмөнстандын президенти коммуналдык төлөмдөрдү көтөрүү жарлыгына кол койгонун жаздык эле. Ага ылайык эми 1-ноябрдан тарта суу, электр, газ жана башка кызматтардын баасы эселеп кымбаттайт деп жатасыздар. Бул эл үчүн канчалык оор?
- Абдан сезилерлик. Анткени түркмөндөрдө орточо айлык акы 600 манат. Андан бир баланын бакчасына кетчү 80 манатты алып салыңыз. Анан 200 манат батир акысын чыгарыңыз. Автобуста жүрүү акысы мурда 5 тыйын болсо, азыр 50 тыйын. Күнүнө кеминде төрт жерге барсаң эле 2 манат кетет. Дагы коммуналдык төлөмдөр бар. Ушундан кийин базарга барып азык-түлүк алганга болбогон эле акча артып жатпайбы. Биринчи январдан тарта айлыкка 10 пайыз кошобуз дешти. Бирок баалар 35-40% секирип кетпедиби. Ушундай абалда мындан ары элим кантип жашарын элестете албай турам.
Түркмөнстандыктар буга чейин газ, электр кубатынын бир бөлүгүн бекер жана жеңилдетилген баа менен алып келишкен. Бирок октябрдын башында президент Гурбангулы Бердымухамедов “ал субсидиялар өлкө кыйын экономикалык абалга кептелген кезде киргизилген, эми калктын кирешеси өсүп жатат жана жумуш орундар түзүлүүдө" деген негизде алып салган болчу.