18 жаштагы Даниил Исломов ишине тыюу салынган "Жахаба күбөлөрү" диний уюмунун мүчөсү. Өлкөдө диний же дагы башка себептерден улам армияга барбай, альтернативдүү жарандык кызмат өтөөнү каалагандарга жол ачкан мыйзам да кабыл алына элек. Укук коргоочулар ушундай учурлардан улам жарандардын дин тутуу эркиндиги чектелип жатканын айтышат.
Даниил Исломовду ушул жылы жазында Дүйшөмбү шаарындагы Фирдавси райондук аскер комиссариаты Курган-Төбө шаарындагы аскердик бөлүккө кызмат өтөөгө жөнөткөн. Хатлон облустук сотунун судьясы Алишер Рафикзоданын "Азаттыктын" тажик кызматына билдиришинче, сотко анын кылмыш иши боюнча материалдар жаңы эле келип түштү, азырынча сот жараянынын күнү аныктала элек:
- Ал ушул күнгө чейин бир дагы жолу аскердик форма кийген жок. Аскердик форма кийүү диний ишенимине шек келтирет деп жатат. Даниил Исломов ушул тушта аскердик бөлүктө, ал камакка алынган эмес.
Облустук прокуратура Даниил Исломовду аскердик милдетин аткаруудан баш тартты деп айыптап кылмыш ишин козгогон. Эгер күнөөлүү деп табылса, эки жыл эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Даниил Исломовдун апасы Оксана Исломова уулу аскер комиссариатына чакырылганда эле диний себептерден улам аскердик форма кийип, курал кармай албасын билдиргенин, альтернативдик жарандык кызмат өтөөгө макул болгонун айтып келет. Бирок аскер комиссариаты анын өтүнүчүн аткаруудан баш тартып, армияга жөнөтүп жиберген.
Тажикстанда армииянын ордуна альтернативдүү жарандык кызмат өтөө боюнча атайын мыйзам кабыл алына элек. "Жарандык эркиндиктер кеңсеси" бейөкмөт уюмунун башчысы Дилрабо Самадованын айтымында, ушул жазда Коргоо министрлигинин атайын тобу мыйзам долбоорун даярдап өкмөткө жөнөткөн. Укук коргоочулар да өзүнчө мыйзам долбоорун даярдаган, бирок документтин макулдашылган варианты даяр боло элек.
Тажикстанда "Жахаба күбөлөрү" диний уюмунун канча мүчөсү бар экени так белгисиз. 2002-жылы бир катар эскертүүлөрдөн кийин уюмдун иши убактылуу токтотулган жана беш жылдан кийин, тактап айтканда, 2007-жылы тыюу салынган. Бийлик өкүлдөрү бул уюмдун мүчөлөрүн "Дин жана диний уюмдар тууралуу" мыйзамды такай бузат деп айыптаган. Жахабачылар болсо тынымсыз куугунтукка кабылышарын, тартип коргоо органдары тандап алган дин жолунан кайтууга мажбурлашарын айтып арызданып келишет.
Кыргызстанда "Жахаба күбөлөрү" диний уюмунун ишине тыюу салынган эмес. Мындан эки жыл мурун Жогорку Кеңеш “Жарандардын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативалык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, диний ишенимдеринен улам армияга баруудан, курал кармоодон баш тарткан жарандар мамлекетке 18 миң сомдон 25 миң сомго чейин акча төлөөгө милдеттүү. Мыйзам долбоордун авторлору Кыргызстанда мындай жарандардын саны 200гө чамаларын, алардан түшкөн акчаны социалдык долбоорлорго жумшаса болоорун айтышкан.