Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Өзбекстанда Жогорку Сотко "чабуул" болду


Жогорку Соттун имараты. Ташкент
Жогорку Соттун имараты. Ташкент

Иран Түркмөнстандан газ албайт, Кыргызстанда ВИЧ жугузгандар көп катталууда, Тажикстан Орусия менен мигранттарга пенсия чегерүүнү макулдашууга бел байлады. Орусиялык басылмаларга сереп.

EurAsia Daily басылмасы Ташкентте 400 адам Жогорку Соттун имаратына "чабуул" койгонун баяндайт.

Окуя 15-августта болгон. Жогорку Соттун жетекчисинин кабыл алуусуна жазылган адамдар ысыкта кезек күтө берип жадаганда дарбазаны талкалап, короого кирип барышканы баяндалат.

Имарат жана анын ичиндеги буюм-терим эч кандай бүлгүнгө учураган эмес. Ачууланган топ судьянын аларды кабыл алуусун гана талап кылышкан. Өзбекстандын Жогорку Сотунун иш тартиби боюнча анын жетекчиси Козимджан Камилов айына эки жолу гана жарандарды кабыл алары белгиленет.

Ушул эле басылма "Өзбекстанда биринчи жолу бийлик өкүлдөрү мугалимдер менен догдурларга кысым көрсөтүлөрүн моюнга алды" деп жазды.

Намаган облусунун башчысы Хайрулло Бозоров улуттук телеканалдын түз эфиринен мугалимдер менен догдурларды айыл чарба жана айлана-чөйрөнү жакшыртуу ишине кыстоо менен алып чыгууну токтотуу керектигин айткан. Облус башчысы адистердин иш таштоосунан бул эки тармак оор абалга туш болгонун белгилеген.

Ошол эле маалда Самарканд облусунун башчысы бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин көчөлөрдү жакшыртууга чыгышын талап кылып, кагаз түрүндө буйрук таркаткан. Буйрукта мамлекеттик кызматкерлер он күн ичинде бузула турган үйлөрдү уратып, аянттарын тазалап, курулуш таштандыларын чыгарууга милдеттендирилген.

Иран Түркмөнстандан газ албайт

Ведомости басылмасы Иран Түркмөнстандан газ алууну токтотконун жазды. Август айынын башында Иранда түндүк аймактарды газ менен камсыздоочу түтүктөр ишке кирген.

Бул Дамган – Нека газ түтүктөрү толугу менен Түркмөнстандын газына муктаждыкты жоймокчу. Былтыр Түркмөнстан Иранга 6,7 млрд куб. м газ экспорттогон. Иран эми түркмөн газын сатып алуудан баш тартса, Түркмөнстан экинчи ири кардарынан кол жууйт делет макалада.

2016-жылы орусиялык «Газпром» баа боюнча келишпестиктерден улам түркмөн газынан баш тартканы эскертилет.

Кыргызстанда ВИЧ жуктургандар көбөйүүдө

Регнум агенттиги Кыргызстанда ВИЧ менен күрөшүүгө каражат жетпей жатканын жазды. Өлкөдө ВИЧ инфекциясы менен ооруган 7,5 миң адам катталган, алардын 6,4 миңи – кыргыз жараны.

Макалада ВИЧ оорусу кооптуу делген аялуу топтордо гана эмес, калктын бакубат жашаган катмарына дагы тарай баштаганы айтылат. Акыркы жылы эл аралык уюмдардын донордук жардамы кыскарганына байланыштуу өлкө бюджетинен бөлүнчү каражатты көбөйтүү керектиги белгиленет.

«СПИД» республикалык борборунун жетекчиси Улан Кадырбеков быйылкы жылга өкмөттөн 40 миллион сом, борбордун казынасынан 3 миллион сом бөлүнгөнүн билдирген. Каржы министрлиги дагы 20 миллион сом бөлүнөрүн маалымдаган.

Ал эми СПИД жана кургак учук менен күрөшүү Глобалдык фонду эки жылга 23 миллион доллар грант берген. Республикалык «СПИД» борборунун башчысы өлкөдө ВИЧ-инфекциясынын таркашынын алдын алуу жана оорукчандарды дарылоого бул каражат жетишсиз экендигин билдирген.

Тажик мигранттары пенсия алгысы келет

Росбалт. Ру Тажикстан Орусия менен мигранттарга пенсия чегерүүнү макулдашууга бел байлоодо деп баяндайт. Тажикстандын миграция министрлиги азыркы кезде келишимдин долбоору иштелип жатканын маалымдаган.

Пенсия Орусияда мыйзамдуу иштеп, салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү жүргүзгөн мигранттарга чегерилмекчи. Учурда Орусияда 800 миң тажикстандык эмгектенет. Мындай пенсия долбоору Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөр ортосунда түзүлүп жатканы белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG