Германияда чыккан Tagesspiegel басылмасынын талдоочусу Кристоф фон Маршалл дүйнө кайрадан атомдук согуш коркунучуна кептелип турганын жазды. "1962-жылдагы Куба кризисинен кийин дүйнө азыр тең салмакты таба албай убара. Азыр Американы ал кездеги Кеннеди эмес, Трамп башкарып жатса, анын атаандашы СССР эмес, бийликке тойбогон Түндүк Кореянын диктатору болуп жатат", - деген Маршалл глобалдык коопсуздукка Кытай кепилдик боло аларын кошумчалайт. Дүйнө азыр Вашингтон менен Пхеньяндын кайым айтышуусунан олку-солку болуп турат.
"Бээжин гана согуш коркунучун санкциялар жана дипломатия жолу менен жоё алат. Анткени Түндүк Кореянын соода-сатыгынын 90% Кытайга туура келет. Бээжин кааласа, катаал санкцияларды киргизип, Түндүк Корея режимин тизелетип койо алат, бирок андай жагдай эки Кореянын биригип батышчыл болуп калышына алып келерин сезген Бээжин азыр ашыкпай маалкатып турат" деп жазат немис аналитиги.
Ал эми Asia Nikkei Review журналына да бул багытта бир нече талдоо макалалары жарык көрдү. Анын биринде Орусия Түндүк Кореяны согуш баштоодон токтото алат деген көз караш айтылган. Москва азыр Пхеньян менен экономикалык эле кызматташтыкты ишке ашырбай, аскерий ымаласы да өрчүп баратат. Азыркы учурдагы Түндүк Кореянын позициясы Орусияны да ойлондуруп, дүйнөдө атомдук кыргын тутанбашына өбөлгө болушу керек. Пхеньянды опузачыл саясаттан чегиндире алса, Орусиянын эл аралык аброю алда канча артмак дейт Asia Nikkei басылмасынын аналитиги Жеймс Браун.
Берлинде фашисттерди туураган кытайлар кармалды
Кытайдын Германиядагы элчилиги бул өлкөгө келген мекендештерин чет элдин мыйзамдарын сактоого чакырды. Буга 5-август күнү Берлиндеги Бундестагдын маңдайында фашисттердей колун көтөрүп салют берген эки Кытай туристи себепкер болгонун China Daily гезити кабарлайт. Немис баш калаасынын тарыхый мурасы катары саналган районунда 36 жана 40 жаштагы эки турист колун алдыга көтөрүп сүрөткө түшкөнү үчүн аларды жергиликтүү полиция кармап кеткен. Германиянын мыйзамдарына ылайык, коомдук жайларда Адольф Гитлердин туусун алып жүрүүгө, кол көтөргөн ишарасын кылууга жана униформасын кийүүгө тыюу салынган. Мыйзамга моюн толгогондор турист экенине карабай камакка алынып, үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Берлиндеги Кытай элчилигинин кийлигишүүсү менен туристтер 500 евродон айып пул төлөп камактан чыгарылды. Элчилик эми Кытайдан каттай турган туристтерди бара турган өлкөсүнүн мыйзамын, маданиятын жана салт-санаасын сактоого чакырды.
Сөз эркиндиги сый-урмат менен коштолушу керек
Wall Street Journal басылмасына АКШдагы сөз эркиндигин окутууда жогорку окуу жайлар студенттерге башкалардын укугун, аброюн кемсинтпегенди да үйрөтүшү керектигин баяндаган макала жарыяланып, узаган аптада журналдагы кызуу талкууланган тема болду. Түндүк Каролина штаты университеттердин кампустарында сөз эркиндигин расмий жактап чыккан. Бирок ачык сүйлөөнү колдоо менен башкалардын укугун тебелеп, кемсинтпөө керек деген да принциптер иштеши керек дейт макаланын автору Роберт Бертли. Окуу жайларда студенттер профессордун көз карашына байланып, өз позициясынан чегинген учурлар ар дайым эле болуп келет. Сөз эркиндигине мындай шек келтирүүнү алдын алыш үчүн окуу жайлардын жетекчилиги академиялык кызматкерлерди да атайын даярдыктан өткөрүүсү зарыл. Ар кандай дискуссиялар учурунда адамдын абройуна шек келтирбеген лексиканын ырааты иштелип чыкса ыңгайлуу болот дейт Роберт Бертли.
Лондондо классикалык музыка кылмыштуулук менен күрөшөт
New York Post гезити Британиянын Ички иштер министрлиги кылмыштуулук менен күрөшүүдө Бетховенди колдонорун кабарлайт. Британиянын баш калаасынын түндүгүндөгү Тотенхем сыяктуу кылмыштуулук көп катталган аймактарда, ошондой эле шаардын 40 метро бекетинде мындан ары классикалык музыка жаңырып турмакчы. Мындай тажрыйба алгачкы ирет 2003-жылы метродогу бейбаштыкты токтотуу үчүн колдонулган. Ошол маалда кылмыштуулук 33 пайызга азайган. Негизи эле Лондондун түндүк райондорунда жергиликтүү эл менен тартип сакчыларынын ортосундагы ымала анча жакшы эмес. 1985-жылы, кийин 2011-жылкы башаламандыктар дал ушул Тотенхемден башталган. Саамалыкты уккан Нью-Йорк шаар башчылыгы өз пикирин билдирип, кылмыштардын санын азайтууга Моцарт эмес, полиция гана жарамдуу экенин белгиледи.