Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Каримовдун инсульт алганы ырасталды


Ислам Каримов
Ислам Каримов

Ислам Каримов мээсине кан куюлуп, өткөн ишембиде реанимацияга жаткырылганын кызы Лола Каримова-Тилляева Instagram, Facebook баракчаларына бүгүн, 29-августта жазды.

Өзбекстанды 27 жылдан бери башкарып келаткан 78 жаштагы Ислам Каримовдун ооруканага жаткырылганы тууралуу расмий кабар 28-августта Өзбекстандын өкмөттүк маалымат каражаттарында жарыяланды.

Өзбек президентинин маалымат кызматынын сайтында президент Ислам Каримов стационардык ооруканага жаткырылганы, дарыгерлер аны толук медициналык текшерүүгө алуу зарылдыгын билдиргени кабарланды.

Бул расмий маалыматтарда, президент Каримовдун абалы жана ооруканага жатууга эмне негиз болгону айтылган эмес. Ал эми Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова атасы инсульт алганын бүгүн Инстаграмдагы баракчасына жазып, учурда реанимацияда жатканын ырастады. Ал атасынын абалын "туруктуу" деп, азыркы кезде "кандайдыр бир божомол жасоо эрте" экендигин билдирди.

Эксперттер болсо президент Каримовдун ооруканага жаткырылганы жана аны дарылоо, толук текшерүү үчүн кандайдыр бир убакыт талап кылынат деген маалыматтарга таянып, Каримовдун дарты жана абалы тууралуу тыянак чыгарууга аракеттенүүдө.

Маселен, Борбор Азия региону боюнча адис эсептелген журналист Аркадий Дубнов Ислам Каримов “өтө оор абалда жатат, буга чейин расмий Ташкент бир да жолу анын ден соолугу тууралуу имиштерди бышыктаган эмес, бүгүнкү күнү ооруканада жатат жана дарылоо үчүн убакыт талап кылынат дегени баарын айдан ачык айтып турат” деп жазды.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын журналисти Сиражиддин Ислам өзбек өкмөтүнүн маалыматы президент Ислам Каримовдун абалы оор экенинен кабар берет дейт:

​- Ислам Каримов ооруканага түштү деген расмий маалыматты Өзбекстан министрлер кабинети таратты. Өзбекстандын тарыхында бул биринчи ирет болуп отурат. Каримов 27 жылдан бери Өзбекстанды башкарып келаткан болсо, бул мезгилден бери ден соолугу тууралуу бир да маалымат чыккан эмес. Демек, Ислам Каримовдун ден соолугу өтө оор. Биз ушундай тыянак чыгара алабыз.

Сиражиддин Исламдын айтымында, азыркы кезде Ислам Каримов Ташкент шаарынын Луначарский көчөсүндө жайгашкан мамлекеттик ооруканада жатат. Ал жер курчоого алынган. Эч кандай маалымат чыгарылбайт.

Президент Ислам Каримовдун ооруканага жатканы тууралуу маалымат анын мураскери ким болушу мүмкүн деген суроолорду жаратты.

Өзбекстан Конституциясына ылайык, эгерде президент ишке жөндөмсүз болуп калса, анда мамлекет башчынын милдети Өзбекстан сенатынын төрагасына жүктөлөт. Бул кызматта учурда Нигматулла Юлдашев отурат. "Анын реалдуу бийлиги да, таасири да жок" дейт, Сиражидин Ислам.

Шавкат Мирзиеев
Шавкат Мирзиеев

Чыныгы таасир жана бийлик Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиёев жана биринчи вице-премьер-министр Рустам Азимовдун колунда экени айтылууда. Бул экөөнүн кайсы бирин Өзбекстан улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Рустам Иноятов колдосо, ошонун бийликти алып кетүү мүмкүнчүлүгү артат.

Шавкат Мирзиеев да, Рустам Азимов да Ислам Каримовдун жетегинде көптөгөн жылдардан бери иштеп келаткан жогорку даражалуу кызматкерлер. Маселен, Мирзиёев 2003-жылдан бери өзбек өкмөтүн жетектеп келатат. Ал эми Рустам Азимов ага чейин эле Ислам Каримовдун эң ишенимдүү кадрларынан болуп келген. Ал өзбек өкмөтүнүн финансы-экономика, банк тармагын жетектейт.

Өзбекстан 1-сентябрда эгемендүүлүгүн белгилейт. Бул күнү Ислам Каримов ар дайым өзбек бийин бийлечү.

Бул жылкы майрамга мамлекет башчынын катышаар-катышпасы азырынча белгисиз.

Ислам Каримов 1989-жылы СССР мезгилинде Өзбекстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчылыгына дайындалган. 1991-жылы эгемендүүлүк жарыялангандан кийин биринчи президенти болуп калган.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG