Эл аралык уюмдардын билдирүүсүндө, Борбор Азиядагы Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Ооганстандан жыл сайын тонналаган баңгизат Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жеткирилет.
Бирок анын так саны тууралуу маалымат жок. Баңгизат Кыргызстан аркылуу негизинен «Түндүк транзит» деп аталган жашыруун жол аркылуу ташылып турат. Акыркы чуулгандуу окуядан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары транзитке каршы күрөштө чабал болуп жатат деген сынга кабылды.
Таттууга катылган баңгизаттын таржымалы
Июнь айынын башында немис басылмалары Польша менен чек арада жүк ташуучу автоунаадан 670 килограмм героин кармалганын жазып чыгышкан.Баңгизаттар Кыргызстандагы «Элит Шоко» фирмасы өндүргөн таттуулардын ичине катылып, Белгияга ташылып баратканы айтылган. Ал эми Грузиянын номуру тагылган автоунаанын айдоочусу Түркиянын жараны экени, көптөн бери Кыргызстанда иштеп, Бишкекте жашай турганы да кабарланган.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги окуядан кийин Сокулук районунда жайгашкан «Элит Шоко» фирмасында тинтүү жүргүзүп, ишкананын жетекчиси Аида Жолдошеваны суракка чакырган. ИИМ иликтөөнүн жүрүшү тууралуу мындан башка маалымат берген жок.
«Кыргызстан жөнүндө сөз болуп жаткандан кийин сөзсүз текшерүү жүргүзүлөт. Бирок качан, каякта экенин азырынча айта албайбыз», - деди ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев.
Германия-Польша чек арасында баңгизаттын ири көлөмү быйыл 31-майдан 1-июнга оогон түнү кармалган. «Түркиянын балы» жүктөлдү деген автоунааны текшерген учурда «Рахат лукум» деген жазуулары бар кагаз кутулардын ичинде героин салынганы аныкталган.
Немис басылмалары муну Германиянын тарыхында кармалган баңгизаттын эң чоң партиясы катары жазып жатышат. Героин Ооганстандан өндүрүлүп, транзит аркылуу бир нече өлкө, анын ичинде Кыргызстан аркылуу өткөн деген жоромол бар. Бул баңгизат Европага кирсе, аны менен шугулдангандар 40-56 миллион евро тапмак. Айдоочу, түрк жараны немис полициясына берген көрсөтмөсүндө жашыруун жүк тууралуу кабары жоктугун билдирген. Азыр ал камакта отурат.
Немиc полициясы бул партия тууралуу мурдараак Нидерландда кармалган баңгизат соодагеринен маалымат алган. Бирок ал жүктү кармагыча эки жумадан ашык жашыруун иш жүргүзүп, коомчулукка операция ийгиликтүү ишке ашкандан кийин гана маалымат беришкен. Азыр Германия баңгизат ташыган трафиктин жолун ачыкка чыгаруу боюнча иш жүргүзүп жатканы маалымдалды.
Ал эми Кыргызстанда «Элит Шоко» эле эмес андан башка чет мамлекеттерге товар экспорттогон кондитердик ишканалар текшерилди. Бирок немис-поляк чек арасынан кармалган баңгизаттарга Сокулукта жайгашкан «Элит Шоко» кондитердик цехинин катышы тууралуу эч кандай илинчек табыла элек. Фирманын ээлери да ага тиешеси жок экенин билдирип жатышат.
«Азаттык» ишкананын жетекчиси Аида Жолдошеванын адвокаты Март Абдрахманов менен байланышты. Ал Жолдошева Түркиянын жаранынан 20 тонна таттуу азыктарга буюртма алып, анын 17 тоннасын даярдап бергенин билдирди:
«Фирма ээлери мындай чоң көлөмдөгү буюртма болгонуна сүйүнүп, сунушту кабыл алышкан экен. Бирок анын баарын толук даярдай алган эмес. 17 тоннасын гана даярдап, жүктөп беришкен. Андан ары эмне болгонунан кабары жок. Германияда кармалган баңгизаттарда ишкананын аты чыкканын Интернеттен билишкен. «Баңгизат кайдан чыгып калды?» деп баш катырып, таң калып отурушат. Алардын 17 тонна жүгүнө дагы 2,5 тоннадай халваны кошуп жүктөшкөн экен. Негизи Аида Жолдошевага фирманы чогуу иштеткен өнөктөшү Хусейн Фарат деген түрк жараны «Белгияга 20 тонна шириндик керек» деп буюртма берген. Андан кийин ал түрк эмне кылганын ким билет? Азыр ал түрк жараны Түркияда экен. Кармалган айдоочу башка. Жолдошева чет мамлекетке экспортко буюртманы биринчи жолу алган. Ага чейин Кыргызстандагы кафе-ресторан, дүкөндөр менен эле иштешип келген. ИИМ фирманы текшерип чыкты. Бизди бир жолу күбө катары суракка чакырды, барып келдик».
Айта кетүүчү жагдай, «Элит Шоко» фирмасы катталган жай расмий документтерде Бишкектин Шевченко көчөсүндө жайгашканы көрсөтүлгөн. Бирок иш жүзүндө ал Сокулуктун Киркомстром аймагында иштейт. Адвокат жана Юстиция министрлиги бул жагдай каттоо мыйзамына каршы келбейт деп түшүндүрүштү.
Ошентип, Кыргызстанда катталган «Элит Шоко» фирмасы даярдаган азыктардан өтө чоң өлчөмдөгү героиндин Германиядан кармалышы өлкө аркылуу ташылган баңгизат көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурду.
Кыргызстан наркотрафиктин боюндагы мамлекет экени жашыруун эмес. «Борбор Азиядагы наркосаясат борбору» коомдук фондунун жетекчиси, эксперт Александр Зеличенко Германияда кармалган баңгизаттар Кыргызстандагы наркотрафикке каршы күрөшкөн мекемелердин ишинин шалаакылыгын, чийкилигин айгинелей турганын айтты:
«Мамлекеттик бажы жана чек ара кызматтарынын баңгизат ташууга бөгөт коюуга кошкон салымдары өтө аз. Бажычылардан бюджетти толтурууну, чек арачылардан тыңчыларды жана жасалма паспорт менен өткөндөрдү кармоону талап кылышат. Ал эми баңгизат соодасы гүлдөп жатат. Алардан Германияда кармалган 670 килограмм баңгизаттын чоо-жайын сураш керек. Мындай көлөмдү Кыргызстанда 10-15 жылдан бери алышкан эмес. Эч ким миллиондогон акчага бааланган жүктү биринчи алып өтүп, тобокелге баргысы келбейт. Демек, канал көптөн бери бар».
Кыргызстандан өткөн «Түндүк транзит»
Кыргызстандын Баңгизаттарга каршы күрөш кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылы Орусия жана Казакстан менен бирге жүргүзүлгөн баңгизат ташыган каналдарды ачыкка чыгаруу боюнча операцияда жалпы 70 килограммдан ашык баңгизаттар алынган.
Негизи эле өлкөнүн укук коргоо органдарынын расмий маалыматтары бир жылда 20 тоннага жетпеген баңгизаттар алынарын көрсөтөт. Мисалы, ИИМдин 2016-2018-жылдагы статистикасында бир жыл ичинде кармалган баңгизаттар 14-19 тоннаны түзгөн. Байкоочулар бул көрсөткүч өтө эле аз экенин, Кыргызстан аркылуу жыл сайын ташылып өткөн ооган баңгизатынын көлөмү мындан да көп экенин айтып келишет.
Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, дүйнөдө апийимдин 90 пайызы Ооганстанга туура келет. Бул өлкөдө бир жылда орто эсеп менен 6 миң тоннадай апийим өндүрүлсө, анын 50 пайызы өлкө ичиндеги эле лабораторияларда химиялык ыкмалар менен героинге айланат. Анын дээрлик баары экспортко ар кайсы каналдар аркылуу ташылат. Соңку 25 жыл ичинде оогандар өндүргөн героиндин көлөмү 96 миң тоннадан ашкан.
БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, жыл сайын Ооганстанда мыйзамсыз өндүрүлгөн героиндин 20 пайызга чукулу Кыргызстандан өткөн «Түндүк транзит» деп аталган канал аркылуу ташылат. Ошентип, Кыргызстан Ооганстанда өстүрүлгөн апийимдин дүйнөгө таралуучу экинчи багытында турат. Андан тышкары Карачи шаары жана Балкан багыты аркылуу дүйнөгө тараган жол бар.
Кыргызстанда укук коргоо органдарынын кызматкерлери өздөрү баңгизатка каршы күрөшпөй эле, тескерисинче аны ташыгандарга кол кабыш кылып, акчага туйтунган учурлары ачыкка чыккан.
Буга 2018-жылдын февралында ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөш кызматынын полковниктери сегиз килограмм нашаа менен кармалып, камакка алынганын, ага чейин Ала-Букада милиция кызматкери 5 килограммдай апийим, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 7 килограммдан ашык героин менен колго түшкөндөрүн мисал келтирсек болот.
Ооганстан жана Борбор Азия боюнча адис Таалатбек Масадыков трафикке тыюу салууга жемкордук жолтоо болуп жатканын белгиледи:
«Мурдагы советтик өлкөлөрдө коррупция абдан чоң мүшкүл болуп жатат. Наркотрафиктин күчөп, токтобой жатышы да коррупцияга байланыштуу. Анткени, чек арачылар, бажычылар, баңгизат менен күрөшкөн органдардын кызматкерлери, баары ушул коррупциялык схемага киришкен. Мен эксперт катары эмес, жаран катары айтсам, Кыргызстанда байлардын пайда болушу, байыгандын эки гана булагы бар. Бири наркотрафик болсо, экинчиси - коррупция. Өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Баткенде. Андан кийин түндүк аймактарда. Биздин ИИМ, УКМК, прокуратура органдарынын баары эмес, көбү ушул «бизнеске» кирип, ошол аркылуу жашап атат десек жаңылбайбыз».
«Чоң бизнестин» артындагы күчтөр
Баңгизат каттамы катардагы кызматкерлер эмес, жогору жактан көзөмөлдөнүп тураарын мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров да «Азаттыктын» «Бийлик сырлары» программасынын орусча чыгарылышында айтып өткөн. Анын баамында, каттамды көзөмөлдөөгө умтулуудан, таасир талашуудан улам буга чейин кандуу окуялар да болгон:
«Бизде бир чыныгы факты бар. Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин тушунда да ошондой болуп келген. Ошту, түштүктү дайыма аткезчилик менен наркотрафикти көзөмөлдөгөндөр кармайт. Акаевдин мезгилинде Баяман (Ред: парламенттин мурдагы депутаты, маркум Баяман Эркинбаев), Бакиевдин тушунда Жаныш (Ред: Жаныш Бакиев), Атамбаев бийликте турган кезде Райымбек Матраимов көзөмөлдөгөн. Аткезчилик менен наркотрафикти кармагандар аймактагы №1 таасирлүү киши болуп эсептелет».
«Азаттык» бул айтылгандар боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын да пикирин сурады. Мекеменин басма сөз катчысы Жаманак Мусурканов Бекназаровдун айткандарына эч кандай далил жок деген мааниде жооп кайтарды:
«Кыргыз Республикасынын экс-башкы прокурору Азимбек Бекназаровдун айткандары далилсиз болгондуктан, Мамлекеттик бажы кызматы комментарий берүүнү негизсиз деп эсептейт».
Мурдагы чекист Артур Медетбековдун айтымында, Германияда кармалган баңгизаттардын чоң көлөмдөгү каттамы көптөн бери эле иштеп келатканын далилдейт. Бирок ага эмне себептен бөгөт коюлбаганы суроо жаратууда.
Кыргызстанда мындан үч жыл мурун өкмөткө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги жоюлуп, анын милдеттеринин баары Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.
Бийлик мындай кадамды баңгизаттарга каршы ишти бир органга берүү аркылуу күрөштү күчөтүү зарылдыгы катары түшүндүргөн. Артур Медетбеков наркотрафикке каршы күрөштө кыргыз бийлигинин ушул кадамын сынга алып, Кыргызстан аркылуу баңгизат ташуу күч алганын, зыяндуу заттарды колдонгондор өлкө ичинде да, абактарда да көбөйгөнүн кошумчалады:
«670 килограмм героин - Кыргызстан аркылуу өткөн өтө чоң партия. Үч-төрт чек ара, бажынын көзөмөлүнөн өттү да. Анын кантип өткөнү таң калычтуу болуп жатат. Аны өзүнчө халва деген баштыкка салып атышат. Бул баңгизат ташуу менен шугулданган жана жогорку деңгээлдеги уюшкан чоң топ бар дегендин белгиси. Бул жерде биринчи адамдар, укук коргоо органдарынын чоң өкүлдөрү аралашкан болушу ыктымал. Ансыз өтө албайт эле. Жалаң эле Кыргызстандын эмес, Казакстандын, Орусиянын, Беларустун жана Польшанын өкүлдөрү аралашкан болушу ыктымал. Мурдатан келаткан чоң канал, чоң система. Ошол себептүү үч-төрт чек арадан өтүп, Германиядан кармалып отурат да. Бүгүнкү күндө баңгизатка каршы күрөшүүдө биздин тиешелүү органдар алсыздык кылууда. Жумуш жогорку деңгээлге чыкпай жатат. Мурда Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги бар болчу. Аны Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда жоюп жиберишип, чекилик кетиришти. Мындай мекемелердин иши баңгизатка каршы күрөштө өз жемишин бермек. Тилекке каршы, азыр бул иш бир эле министрликке берилип калды дагы, «карга карганын көзүн чукубайт» болуп кээ бир кызматкерлердин баңгизат менен шугулданган учурлары бар».
ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматы баңгизат ташууга каршы күрөш жетиштүү эмес деген сынга кошулбайт. Мекеменин өкүлү Жанна Сатарбаева быйыл жыл башынан берки баңгизатка каршы күрөштүн жыйынтыгы тууралуу статистика даярдалып жатканын билдирди:
«Маалымат сураган сайттар, телеканалдар көп. Биз аларга да «алты айдын жыйынтыгы чыккандан кийин жооп беребиз» деп айтып жатабыз. Жыйынтык даяр болгон. Тиешелүү органдар карап чыккандан кийин жарыяланат».
Баңгизаттарга каршы күрөш кызматынын билдирүүсүндө, 2018-жылы Кыргызстандын укук коргоо органдары баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча 1 миң 424 кылмышты каттаган. Бирок анын канчасы сотко жетип, тиешелүү жазасын алганы тууралуу так маалымат жок. Өлкөдө бул кызмат тарабынан өткөн жылы мыйзамсыз айлантуудан 16 тонна 318 килограмм 517 грамм баңгизат алынган.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык Наркология борборунда 2019-жылдын 1-январына карата баңги катары 5 миң 562 киши каттоодо турат. Былтыр баңгизаттарды ашыкча колдонуудан өлгөндөр мурдагы жылга салыштырмалуу азайган. 2017- жылы 23, былтыр 12 киши маң кылуучу заттарды чектен аша пайдаланып каза тапкан.
Ошол эле маалда БУУ быйыл 24-июнда жарыялаган баяндамасында дүйнө жүзүндө баңгизат колдонгондордун саны мурда болжолдонгондон 56 пайызга көбөйгөнүн жарыялады.
Ооганстандан өндүрүлгөн баңгизат террорчулукту каржылоого жумшалып жатканы да негизги мүшкүл экени эл аралык жыйындарда көтөрүлүп келет. Ал эми Кыргызстандык байкоочулар баңгизат ташууга каршы күрөштө ортомчулар эле колго түшүп, аны менен камсыз кылгандар, дүң соодагерлердин кармалганы өтө сейрек экенин белгилешет.
Чоң киреше алып келген бул «бизнес» уюшкан кылмыштуу топтордун катышуусуз жүрбөй турганы да айтылып келет. Кыргызстанда баңгизаттарды колдонууга, ташууга каршы күрөшүүгө ИИМ эле эмес, чек ара жана бажы кызматтары да милдеттүү.
Маселен, Мамлекеттик бажы кызматынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү уюштуруу бөлүмүндө беш кызматкер эмгектенет. Мекеменин билдирүүсүндө, алар негизинен баңгизат жана прекурсорлорду кармоодо эл аралык операцияларга катышып турат. Быйыл жыл башынан тартып баңгизат жана прекурсолор боюнча 15 фактыны аныкташкан. Анын ичинен 1 килограммдан ашыгы марихуана, 33 килограммдан ашыгы гашиш, 1,6 килограммы психотроптук заттар, 27 тоннага жакын прекурсорлор болсо, 71 грамм героин алынган.
Германияда кармалган баңгизаттардын чоо-жайын иликтөөгө Мамлекеттик бажы кызматы тиешеси жок экенин билдирип, ИИМге кайрылууну сунуш кылды. Министрликтин Тергөө кызматы 670 килограмм героин боюнча Жазык кодексинин 270-беренесинин экинчи бөлүгүнүн үчүнчү пунктуна ылайык иш козгоп, иликтеп жатканы маалым болду. Бирок иликтөө тууралуу ачык маалымат бере элек.