АКШда B1/B2 визаларын (туризм/бизнес) айрым өлкөлөрдүн жарандарына берүүдө $5 000, $10 000 же $15 000 өлчөмүндө күрөө киргизилгени тууралуу кабарлардын чыгуусуна байланыштуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги билдирүү таратты.
Андагы маалыматта программа визанын мөөнөтүн ашыруу (overstay) учурларын азайтууга багытталганы жазылган.
"Күрөөнүн суммасы консулдук кызматкер тарабынан аныкталат жана визалык режимди сактоо жана АКШдан убагында чыгуу шартында толугу менен кайтарылат. Шарттарды бузуу күрөөнүн мамлекетке конфискацияланышына алып келет. Күрөө менен берилген визалар бир гана жолу кирүүгө жарактуу жана үч айдын ичинде колдонулушу керек, ошондой эле белгиленген аэропорттор аркылуу гана кирүү жана чыгуу каралган. Программага ылайык, АКШ чек ара кызматтары өлкөдө жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин чектөөгө укуктуу. Азырынча Кыргызстандын жарандары программага кирбейт. Бирок элчилик визалык режимди жана мөөнөттөрдү катуу сактоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Элчилик визалык режим катуу бузулган болсо, болочокто Кыргызстандын жарандары да программага киргизилиши мүмкүн экенин эскертти. Кыргызстан менен социалдык-экономикалык байланышты тастыктаган бардык документтерди алдын ала даярдоо жана визалык режимди так сактоону жарандарга сунуштады.
Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык визасы жактырылган 55 миллиондой адамдын ыктымал мыйзам бузууларга барган-барбаганын текшере баштаганы маалым болгон.
Ага ылайык, текшерүүгө колунда америкалык визасы бар бардык жарандар кабылат. Виза берүүдө эреже сакталбаган болсо, андай визалар жок кылынат, виза мөөнөтү өтүп кеткенине карабай Америкада жүргөндөр депортацияланат.
Мамлекеттик департамент АКШ визасын алып саякаттап келгендер мөөнөтүнөн ашык жүргөн-жүрбөгөнүн, коомдук коопсуздукка коркунуч жаратпайбы, кылмыштуу, же террорчул аракеттерге тиешеси жокпу деген маалыматтарды да текшере турганын билдирген.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 22-августтан тартып чоң жүк ташуучу машинелердин айдоочуларына жумушчу виза берүү токтотуларын айткан.
АКШнын Мамлекеттик департаменти мындан мурда бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын билдирген. Анда мындай чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген.
Ага ылайык, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, мындан ары үч ай болуп кыскарган жана бул виза менен АКШга бир гана жолу кирүүгө болот.
B-1/B-2 визалары – АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.
Июнь айында АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыяланган. Washington Post гезити 15-июнда Мамлекеттик департаментинин катына шилтеме кылып жазган тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана Африка, Кариб, Тынч океан аймагындагы өлкөлөр кирген.
Андан соң Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси Бишкектеги АКШ элчилиги жана Вашингтондогу элчи Айбек Молдогазиев сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. (NT)
Шерине