АКШнын президенти Дональд Трамп алдыдагы эки аптада Орусия жана Украина боюнча позициясын аныктай турганын билдирди.
"Эки жумадан кийин Орусиянын жана чынын айтканда, Украинанын дагы мамилесин түшүнөм деп ойлойм. Экөө тең керек. Эмне кыларыбыз боюнча чечим кабыл алам. Бул өтө маанилүү чечим болот. Мейли, масштабдуу санкциябы, тарифпи, же башкабы. Же эч нерсе кылбайм, "бул силердин согушуңар" деп айтам", — деди Трамп 22-августта Ак үйдө Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино менен жолугушууда.
Трамп украин жана орус президенттеринин ыктымал жолугушуусуна катышууну кааларын айтып, бирок көбү "ал эч кандай маселе чечпейт" деп эсептей турганын моюнга алды.
Politico жазгандай, Трамп сүйлөшүүлөрдө Москвага басым жасоону ниет кылбайт, Батыштын колдоосуна муктаж болгон Киев эпке келип, Орусия койгон шарттарга ылайыкташкан макулдашууга көнүшү керек деп эсептейт. Басылма АКШ президенти прогресс көрбөсө, сүйлөшүү процессине бат эле кызыгуусун жоготушу мүмкүн экенин белгиледи.
Коопсуздук кепилдиктери боюнча сүйлөшүүлөр, анын ичинде Украинанын аймагына чет элдик контингентти жайгаштыруу өзүнчө маселе туудура турганы айтылууда. Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүгө чакырып келген Украинанын президенти Владимир Зеленский Москва саммитти болтурбоо үчүн “баарын жасап жатат” деди.
Трамп Инфантиного Путин менен Аляскада түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, орус президенти 2026-жылы дүйнөлүк чемпионатты көрүү үчүн АКШга келип калышы мүмкүн деп сөз кылды.
"Ал шартка жараша келиши же келбеши мүмкүн. Бизде алдыдагы эки жумада көп нерсе болот. Мен эмнегедир бул анын жакшы сүрөтү деп ойлоп кеттим", - деди Трамп.
Инфантино дүйнөлүк чемпионаттын кубогун Ак үйгө алып келди. Трамп ФИФАнын башчысынан аны өзүмө алып калсам болобу деп тамашалап, кубок Сүйрү кабинеттин дубалына көрк кошуп турмак деди.
Инфантино кубокту чемпионаттын жеңүүчүсүнө берүү керектигин, ал эми АКШнын президенти аны кармаса болорун айтты.
Дүйнө чемпиондугунун финалдык бөлүгү 2026-жылы жайында АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Орусия 2022-жылдан кийин ФИФАнын турнирлеринен четтетилген.
Шерине