Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

ИМ тобу жаштарды азгыруу ыкмасын өзгөрттү


«Ислам мамлекети» тобуна кошулуп ант берүү тууралуу видео тасмадан алынган кадр.
«Ислам мамлекети» тобуна кошулуп ант берүү тууралуу видео тасмадан алынган кадр.

Радикал динчилдин жетегиндеги төрт тажик жигиттин чет элдик туристтердин өмүрүн алган кандуу чабуулу тажик коомчулугун ойго салды.

Чет элдик жана жергиликтүү маалымат каражаттары "18-19 жаштагы уландар өлкөдөн чыкпай туруп кантип террорчуга айланды?" деген суроону талкуулап жатышкан чагы.

"Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобу Тажикстандагы кол салууга жоопкерчилик алып, аны "халифаттын жоокерлери" уюштурганын билдирген. Бул тууралуу уюмдун "Амак" сайты кабарлап, кийин видеосун да чыгарган.

Мурда Сирия менен Иракка жашы 20дан өтүп калган тажик эркектер барса, соңку окуя террордук топтор эми өспүрүмдөрдү Интернет аркылуу азгыра баштаганын көрсөттү.

Адистер террордук топтордун чет өлкөдө жатып алып кандуу чабуул уюштурууга жетишкени Борбор Азияда кооптуу кырдаал түзүлгөнүнөн кабар берерин айтышат.

Кылмышка шектүүлөр Тажикстанда саякаттап жүргөн төрт чет өлкөлүк саякатчынын жанын кыйганы айтылууда.
Кылмышка шектүүлөр Тажикстанда саякаттап жүргөн төрт чет өлкөлүк саякатчынын жанын кыйганы айтылууда.

- Өспүрүмдөрдү жана жаш балдарды кылтакка илүү алар үчүн оңой. Менин тажрыйбамда экстремисттердин катарына кошулгусу келген өспүрүм бала кармалды, ага курал кармаган жагат экен. Ошондуктан өспүрүмдөрдү азгыруу оңой, - деди өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн атын атагысы келбеген кызматкери.

Негизи тажикстандык жаштар Ооганстандын аймагындагы террористтерге​ кошулган учурлар буга чейин да катталган. Бир ай мурда өлкөнүн атайын кызматы 17-18 жаштагы төрт боз уланды чек арадан өтүүгө аракет кылганда кармаган. Сурак учурунда алар ИМ тобуна кошулууга ниеттенгенин айтышкан.

Куляб шаарындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө бюросунун директору Мухаббат Абдуллозода ал балдар чек арага нечен жолу келип кетишкенин, акыркы ирет Сарычашма районундагы Шашсиддин Шохин айылы аркылуу Ооганстандын чек арасына өтүүгө аракет кылышканын билдирди. Аларга бул боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган балдар жакыр үй-бүлөлөрдөн экени жана мектепти жаңы эле аяктаганы белгилүү болгон.

Өспүрүмдөр менен иштеген психолог Гүлчехра Гүлмирзоева “Азаттык” менен болгон маегинде, мындай балдар адатта үй-бүлөсү менен коомго өзүнүн "жөндөмүн" көрсөткүсү келерин айтты:

- Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө эрезеге жете элек балдарга болгон мамиле жакшы эмес. Алардын балдарында тандоо жок, ою менен эч ким эсептешпейт. Мындайда алар өзүнөн өзү түнт тартып кетет. Мындай өспүрүмдөр кимдир-бирөөгө баатыр болуп көрүнгүсү келет. Ошол кезде алар үчүн анын артында ким турганы маанилүү эмес, аны түшүнбөйт дагы. Мындай коркунуч 14-15 жаштагы балдардын арасында көп кездешет. Бул курак өспүрүмдөр үчүн өтө кооптуу.

Психологдордун пикиринде, экстремисттик жана террористтик уюмдар өспүрүмдөрдү азгыруу ыкмаларын жакшы өздөштүрүшкөн.

- Алар динди бетке кармайт, бул жашоодо орду маанилүү экенин түшүндүрүп берүүгө аракет кылат. Акырындык менен ал өспүрүм Интернеттеги "жылуу" сөздөргө ынана баштайт, бул жашоого болгон көз карашын өзгөртүүгө алып келет. Жыйынтыгында алар өз жанын кыюуга да даяр болуп калат, - дейт Гүлмирзоева.

Тажик талдоочусу Рустам Азизи “Азаттык” менен болгон маегинде "Ислам мамлекети" тобу Жакынкы Чыгышта жеңилгени менен анын идеясы эч кайда кетпегенин, коркунуч бар экенин айтты:

Рустам Азизи.
Рустам Азизи.

- Террористтер азыр согуш ыкмасын өзгөртө баштады. Аларда каражат, күч болсо армиясы бар мамлекет сыяктуу эле согуш ачууга даяр, ал эми мындай мүмкүнчүлүгү жок кезде ар кандай теракттарды уюштурганга өтөт.

Рустам Азизинин айтымында, башкы коркунуч - террордук топтордун үгүт-насыят иштеринде, алар элдин кайсы катмары болбосун, жашына карабай тартууга жөндөмдүү.

Байкоочулар ИМ тобунун катарына жаштарды тартуунун бир нече жолдору менен себептерине көңүл бурушат. Алар: жумушсуздук, миграция, диний көз караш, экономикалык каатчылык. Тажикстанда мындай көрүнүштү азайтыш үчүн атайын адистердин тобу түзүлгөн. Алар аймактарга маал-маалы менен чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат.

Бирок адистер мындай профилактикалык иштер жаштарга таасир этпейт деген пикирде.

- Мен өзүм ушундай жолугушуулардын бир нечесине катышкам. Бирок жыйынтыгы купулума толгон эмес, сүйлөшүүгө келгендер баягылар эле - күнүгө келип жүргөн жигердүү адамдар. Жаштар жана аялуу топтор менен эч ким, эч кандай жолугушуу иштерин өткөрбөйт, - деди тажик эксперти Негматулло Мирсаидов.

Буга чейин бийлик миңден ашуун тажикстандык Сирия менен Ирактагы согушчандардын катарына кошулуш үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин маалымдаган. Алардын 60% ашыгы 35 жашка чейинки жаштар.

29-июлда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан 150 чакырымдай жердеги кан жолдо велосипед тээп саякаттап жүргөн чет элдик туристтер тобуна белгисиз адамдар күтүүсүздөн жеңил машине менен сүздүрүп, андан соң автоунаадан чыгып, бычак жана курал менен кол салышкан. Окуядан улам Нидерланд менен Швейцариянын бирден, ошондой эле АКШнын эки жараны мерт болгон.

Окуя тартылып калган учур

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG