- Макала жарыялангандан кийин 2-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги БУУнун таза аба жана жашыл жаратылышта жашоону камсыздоону адамдын түпкүлүктүү укуктарынын бири деп тааныган резолюциясын колдой турганын билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан Улуттар Уюмунун экологиялык резолюциясына процедуралык жагдайлардан улам добуш бербей калган.
Кыргызстан БУУнун таза аба жана жашыл жаратылышта жашоону камсыздоону адамдын түпкүлүктүү укуктарынын бири деп тааныган резолюциясына добуш берген жок. Муну менен Кыргызстан дүйнөнүн 161 өлкөсү колдогон документке добуш бербеген сегиз өлкөнүн бири болду.
"Кыргызстан БУУнун "тарыхый чечимине" добуш берген жок"
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы таза аба жана жашыл жаратылышта жашоону камсыздоону адамдын түпкүлүктүү укуктарынын бири деп тааныды. Уюмдун 29-июлда кабыл алган резолюциянын дүйнөнүн 161 өлкөсү колдоду. Сегиз гана мамлекет, анын ичинде Кыргызстандын БУУдагы өкүлчүлүгү документти кабыл алууда добуш берүүдөн баш тартты.
Кыргызстан менен катар таза абаны негизги укук деп тааныган резолюцияны колдоодон баш тарткан өлкөлөр: Орусия, Кытай, Беларус, Сирия, Иран, Камбожа жана Эфиопия.
Бул өлкөлөр резолюциялар укуктук күчкө ээ эмес экенин, адам укугу боюнча маселе эл аралык келишимдерде камтылганда гана мыйзамдуу болорун жүйө келтирген.
БУУнун соңку чечими эл аралык уюмдун Адам укуктары боюнча кеңеши иштеп чыккан документтин негизинде даярдалган. Анда өлкөлөрдү, эл аралык уюмдарды жер жүзүндөгү бардык адамдарды таза аба менен камсыз кылуу үчүн аракет көрүүгө чакырык ташталган.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш соңку резолюцияны "тарыхый чечим" деп атап, дүйнө өлкөлөрү "үч баштуу балекет": климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнүн булганышы жана био ар түрдүүлүктүн жок болушуна каршы тура аларын көрсөткөнүн билдирди.
"Резолюция жаратылышты коргоодогу айрым кемчиликтерди жоюп, адамдын экологиялык укугу үчүн күрөшкөн активисттер, балдар, жаштар, аялдар жана түпкүлүктүү элдердин мүмкүнчүлүгүн кеңейтет", - деп айтылат Гуттериштин билдирүүсүндө.
БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясы милдетүү түрдө аткарылыш керек деген укуктук күчкө ээ эмес. Бирок дүйнө өлкөлөрүнүн глобалдык көйгөйлөрү боюнча тилектештик көрсөтөт.
ТИМ: Резолюцияны кабыл алууга эрте
Дал ушундай глобалдык экологиялык жана адам укуктарына байланышкан маселе боюнча Кыргызстан бул жолу тоталитардык бийлик системалар өкүм сүргөн азчылыктын катарында болду.
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги БУУнун аянтчасындагы соңку добуш берүү боюнча кенен түшүндүрмө бере элек. "Азаттык" тышкы саясий мекемеге расмий кайрылган учурда "Улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен азыркы этапта бул чечимди кабыл алууга эртелик кылат деп эсептейбиз" деген кыскача билдирүү менен жооп берди. Мекеме эл аралык документти кабыл алууга эмнеге "эртелик кыларын" жана Кыргызстанга кандай зыян болорун түшүндүргөн жок.
Ал эми Жаратылыш ресурстары жана экология министрлиги бул маселе боюнча комментарий бере албай турганын билдирди.
Бирок өлкөдөгү эколог, юрист, эл аралык укук боюнча адистер Кыргызстандын соңку чечимине айран-таң болуп турушат.
Экономика илимдеринин доктору, Бишкектеги ЕККУ академиясынын илимий кызматкери Рахат Сабырбеков өнөр жайы өнүккөн, мунай, газ өндүргөн Кытай, Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн бул резолюцияга каршы чыгышын түшүнсө болорун белгилеп, бирок таза табиятты башкы байлык деп жар салган Кыргызстандын БУУнун резолюциясын колдобой койгонун "акылга сыйгыс көрүнүш" катары баалады.
"Кыргызстан чакан өлкө, бизде индустрия, өнөр жай деле анчалык чоң көлөмдө эмес. Ошондуктан соңку чечим абдан кызык. Биздин жүргүзүп жаткан саясатыбызга да жатпайт. Ошол эле президент айткан көмүртекти кескин азайтып, таза табиятты сактайбыз деген билдирүүлөрүнө каршы келет".
Конституция тебелендиби?
Ошол эле учурда бир катар адистер Кыргызстандын БУУдагы соңку чечими өлкөнүн Конституциясына түздөн-түз каршы келерин эскертишүүдө. Президент Садыр Жапаров кызматка келгенден кийин, 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын 49-беренесинде:
- "Ар бир адам жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөгө укуктуу.
- Ар бир адам жаратылышты пайдалануу жаатындагы аракеттерден улам ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга укуктуу.
- Ар бир адам курчап турган жаратылыш чөйрөсүн, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоого жана аяр мамиле кылууга милдеттүү", - деп жазылган.
Башкача айтканда, Улуттар Уюмунун соңку резолюциясы Кыргызстандын Конституциясында көрсөтүлгөн берене менен дээрлик үндөш.
Дал ушул Баш мыйзамды иштеп чыгууга катышкан юридика илимдеринин кандидаты Нурлан Исмаилов Кыргызстандын БУУдагы өкүлүнүн соңку кадамы Баш мыйзамды түздөн-түз тебелөө катары сыпаттады.
"Мен да айран-таң болуп турам. Бул маселеде эки нерсеге көңүл буруу керек. Биринчиден, Баш мыйзамга тиешелүү маселеде эл аралык укуктарды ратификациялоо жана имплементациялоо. Экинчиден, ушул резолюциянын аркасында биздин мамлекетке жаратылышты коргоо боюнча тиешелүү жардамдарды алууга жол ачылмак. Дал ушул маселеде эмне себептен добуш бербей койгонуна юридикалык коомчулук түшүнбөй турат. Тышкы иштер министрлиги расмий түрдө коомчулукка түшүндүрмө бериши керек. Эгерде аны бере албаса, БУУдагы өкүл баш болуп ушундай чечим кабыл алгандардын кызматка ылайыктуулугун кароо кажет".
Бул маселе эмне үчүн маанилүү?
Чынында эле кыргыз бийлиги экологияны коргоо, таза табиятты сактоо боюнча маселени негизги иши катары атап келет. Президент Садыр Жапаров саясатка аралашкандан тарта Кумтөр кенинин айланасындагы маселени утур-утур көтөрүп, өлкө эл аралык компаниялардын ишмердигинен улам экологиялык зыян тартканын негизги урааны катары белгилеген. Бийликке келгенден кийин да улуттук жана эл аралык аянтчаларда дал ушул маселелерди бир нече эскерткен.
Маселен, 2021-жылы ноябрда Глазгодогу климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитиндеги сөзүндө Жапаров Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртексиз экономика түзүүгө аракет кыларын билдирген эле:
«Кыргызстан үчүн кылымдардан бери келе жаткан мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү. Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай прецеденттер бар, ошондуктан мен дүйнөлүк коомчулукту мындай бизнес практикасына биргелешип каршы турууга чакырам. Ыңгайлашуу программалары жана долбоорлору айыл чарба, суу ресурстары, энергетика, өнөр жай, өзгөчө кырдаалдар, калктын саламаттыгы, токойлор жана биотүрдүүлүк сыяктуу аялуу секторлордо ишке ашырылат. Биздин өлкөнүн токсон төрт пайызы тоолор экенин эске алсак, алдыдагы иштердин масштабы эбегейсиз. Аларды ишке ашыруу дээрлик үч миллиард АКШ долларын талап кылат, - деп билдирген.
Анын үстүнө Кыргызстанда экологиялык көйгөй, абанын булганышы жылдан жылга эң курч көйгөйлөрдүн бири болуп баратат. Айрыкча, Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Соңку жылдары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек сап башына чыгат.
Дал ушундай кырдаалда экологиялык риториканы колдонгон Кыргызстан таза табиятты коргоо боюнча глобалдык демилгени колдогон жок.
Бул резолюциянын экологияга таасирин эске албаганда да соңку добуш берүүнүн Кыргызстан үчүн саясий тарабына көңүл бургандар болууда. 29-июлда БУУда резолюцияга добуш берүүдөн баш таркандар Орусия, Беларус, Иран сыяктуу Батыштын санкцияларына туш болгон өлкөлөр тобу. Алардын ичинен Орусия жана Кытай - Кыргызстандын эң жакынкы өнөктөштөрү.
Айрым эксперттер БУУдагы добуш берүүдө дал ушул жакынкы эки өнөктөштүн позициясы рол ойношу мүмкүн деп божомолдошот. Себеби дүйнөлүк тажрыйбада эл аралык сахнада өнөктөштөр бири-бири менен кеңешип, позицияларын алдын ала тактаары кеңири жайылган практика.
Бирок юрист Нурлан Исмаилов экологиялык коопсуздук, жаратылыш сыяктуу маселелерде Кыргызстан өз кызыкчылыгын жогору коюшу керектигин белгиледи:
«Кытайбы же Орусиянын лоббиси болгон күндө дагы бул өтө чоң маанидеги мамлекеттердин ортосундагы мамилени аныктай турган, согуш же тынчтык маселелерин чечүүчү документ эмес. Эгер БУУнун аянтчасында ушундай мамиле кылсак, анда алдыда бир топ позициялардан ажырап калышыбыз мүмкүн».
Буга кошумча Кытай, Орусия менен Кыргызстан сыяктуу эле жакын мамиледе болгон Борбор Азиядагы башка мамлекеттер сөз болуп жаткан резолюцияны колдоп добуш берген.
Учурда кыргыз президенти баш болгон өлкө жетекчилиги соңку чечим боюнча комментарий берише элек. Өкмөттөгү булактардын маалыматы боюнча бул маселе Министрлер кабинетинин өткөн аптадагы жыйынында көтөрүлүп, Акылбек Жапаров соңку чечимдин жагдайларын териштирүү тапшырмасын койгон.
Бирок добуш берүү аяктаган соң териштирүү канчалык абалды өзгөртөрү белгисиз.