Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

"Британияга кулпунай тергенге жөнөтөбүз". Фейк фирмалардын тузагы


Борбор Азиянын жарандарына убактылуу жумуш сунуштаган британиялык жумуш берүүчүлөр келишим түзгөн рекрутинг компаниялары менен гана иштешкиле деп кеңеш берүүдө.
Борбор Азиянын жарандарына убактылуу жумуш сунуштаган британиялык жумуш берүүчүлөр келишим түзгөн рекрутинг компаниялары менен гана иштешкиле деп кеңеш берүүдө.
  • Фарангиз Наджибулла

Борбор азиялык жүздөгөн тургундар виза тариздеп, жумуш таап берүүчү чет өлкөлүк фирмалардын өкүлдөрүбүз деген алдамчылардын тузагына илинип, чоң өлчөмдөгү акчасынан айрылууда.

Ташкентте чет өлкөдөгү жок эле жумушка чакырымыш болуп, ишенчээк адамдардан 50 миңдей долларын алган алдамчы топту ашкерелешти. Бул тууралуу Өзбекстандын Баш прокуратурасынын басма сөз кызматы июнь айында кабарлады.

Прокуратуранын билдирүүсүндө, алдамчылар (Өзбекстандын жарандары) "Батыштагы элчиликтерде иштеген тааныштарыбыз бар, виза тариздеп беришет" деп, адамдардан алдын ала акча талап кылышкандыгы тууралуу айтылат.

Мындай окуялар кошуна Кыргызстан менен Казакстанда да болду. Бул республикаларда алдамчылар негизинен соцтармактар аркылуу өздөрүн жарнамалашат.

Жумуш таап беребиз деген алдамчылык мурдатан бери боло келген, бирок бийлик өкүлдөрү менен айрым эксперттер COVID-19 азайгандан кийин соңку айларда фейк фирмалар жана алдамчылар өтө көбөйүп кеткенин элге эскертүүдө.

Борбор Азиядагы жумуш издегендер Орусиядагы кылмышкерлердин тузагына илинип калууда. Бул өлкөдөгү миллиондогон эмгек мигранттары Орусия Украинага бастырып киргендигине байланыштуу киргизилген катаал экономикалык санкциялардан улам жумуш табуу мүмкүнчүлүгү азайып, эмгек акы төмөндөп кеткендигинен жабыр тартып жатышат.

"Европадан айлыгы жакшы жумуш таап беребиз" деген Москвадагы жеке компанияга кыргызстандык 150дөн ашуун мигрант ар бири 1600 доллар төлөп, алданып калышты.

Immigration 365 аттуу компания кыргызстандыктардан эмгек визасын тариздөөгө жана жумушка орноштурууга кошумча деп алдын ала акыны да талап кылышкан дейт “Азаттыктын” кабарчысына бир нече жабыр тарткандар.

44 жаштагы Айзада Мурадилова февраль айында Европа өлкөлөрүнүн биринде айыл чарба иштерине барууну сунуштаган Immigration 365 компаниясына эки миң доллардай акчаны бергендигин айтты.

“Адегенде февралда барасың дешкен, анан март, апрель деп жылдыра беришти, - дейт ал. – Апрелде барсам, чакыруу кагазы келди, жакында жөнөйсүң дешти. Бирок ал кагазды көрсөтүшкөн жок”.

Компаниядагылар Мурадиловага визаны Екатеринбургдагы консулдуктан аласыз дешти. Мурадилова Москвадан 1670 километр алыстагы Екатеринбург шаарына барды. Ал жерден алдамчылыкка кабылганын билди.

Кыргызстандын Москвадагы дипломаттары Мурадиловага окшогон кыргызстандыктар алдамчыларды колго түшүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылышканын тастыктады. Орусиялык полиция алдамчылык фактысы боюнча жазык ишин козгоду деп кабарлашты элчиликтен.

Быйыл соңку үч айда эле Кыргызстандын милициясы иммиграциялык алдамчылыкка байланышкан 32 жазык ишин ачышты. Бул тизмекте Европа, АКШ, Канада жана Түштүк Кореядан жумуш таап беребиз дегендер да бар.

Британияда кулпунай терип иштегиле деген сунуш

Акыркы айларда Борбор Азиядан миңдеген мигранттар Улуу Британияда мезгилдүү айыл чарба иштерине мыйзамдуу түрдө жалданышкан. Бул өлкөнүн Евробиримдиктен чыккандыгына байланыштуу жумушчу күчтөр жетишсиз болууда.

Борбор Азиядан жумушчулар үчүнчү жактар (британ фирмалары менен келишим түзүп, расмий катталган рекрутёрлер) аркылуу тандап алынган эле.

Бирок Борбор Азиядагы алдамчылар өздөрүн ошол фирмаларданбыз, Улуу Британияга жумушка жөнөтөбүз деп жарыялап жиберишкен.

Фавершемде (Улуу Британияда) Кулпунай терип жаткан жумушчу аял.
Фавершемде (Улуу Британияда) Кулпунай терип жаткан жумушчу аял.

Алдамчылар көбүнчө жумуш издегендерден Улуу Британияга кулпунай терүүгө жөнөтөбүз деген убадага жүз доллардан тартып миң долларга чейин талап кылышат дейт Кыргызстандын жана Өзбекстандын милициясы.

Муну уккандан кийин айрым британдык жумуш берүүчүлөр Борбор Азиядагы жумушчуларды алдамчылардан сактангыла деп эскертти.

Британиялык Fruitful Jobs компаниясы борбор азиялык жумуш издөөчүлөргө өтүнмөнү алар менен иштешкен жалгыз гана AGRI HR рекрутинг фирмасы аркылуу келгиле деп кеңеш берди.

“Алдамчылар көп болгондуктан, Osrodek HR (Fruitful Jobs компаниясынын бекитилген рекрутёру) Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстанда иштебейт, ал жакта ыйгарым укуктуу өкүлдөрү да жок экенин эскертет”, - деп жазды компания.

“[Биздин атыбыздан иштейбиз деген] жактардын баары мыйзамсыз. Кайдагы бир компанияларга же жеке адамдарга комиссиялык акы төлөбөгүлө, биз менен түз байланышкыла”, - деп жазылган Fruitful Jobs компаниясынын кайрылуусунда.

Борбор Азиядагы бийликтер жарандарга мыйзамдуу каналдар аркылуу жумуш издеп, рекрутинг компанияларынын ыйгарым укуктарын кылдат текшере жүргүлө деп кеңеш берип турушту.

Алар алды ала акы талап кылгандарга жолобогула дешет.

“Лицензиясыз эле иштеген компаниялардын саны өсүүдө”, - деди Өзбекстандын Жумуштуулук министрлигинин жогорку даражалуу кызматкери Зохид Аскаров.

“Мыйзам боюнча расмий катталган компаниялар гана чет өлкөдө жумушка орноштурууга укуктуу. Ошондуктан биздин жарандардан компаниялардын ишмердигин [аларга акча төлөрдөн мурун] текшерип көрүүсүн өтүнөбүз”, - деди Аскаров Ташкентте болгон чогулушта.

Эксперттер айткандай, алдамчылар карапайым адамдардын жумушка орноштуруудагы жана виза тариздөөдөгү негизги эрежелерди, ошондой эле чет тилдерди билбестигинен пайдаланып жатышат.

“Компаниянын жумуш визасын эки аптада тариздейбиз деп акчаны алдын ала талап кылганы акылга сыйбайт. Адатта жумуш визасын алууга үч айдан алты айга чейин убакыт керек болот”, - дейт Кыргызстандагы жумушка орноштуруу менен алектенген фирманын кызматкери Данияр Муканбетов.

XS
SM
MD
LG