Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Британия: консерваторлор көпчүлүктөн кол жууду


Британияда кечээки парламенттик шайлоонун жыйынтыгында бир да партия абсолюттук көпчүлүккө жетише алган жок. Премьер-министр Тереза Мэйдин консерваторлор партиясы өкүлдөр палатасында бир нече орундан жууп калып, чоң соккуга учурады. Өкмөт куруу өңдүү ички маселелер менен бирге шайлоо жыйынтыгы Брексит боюнча сүйлөшүүлөргө кандай таасир этет деген суроо да туулуп жатат.

Тереза Мэй апрель айында кезексиз шайлоо өткөрүү демилгесин көтөргөндө Евробиримдиктен чыгуу процесси башталган маалда өз мандатын бекемдөөнү көздөгөн эле.

Бирок, тескерисинче, 650 орундуу палатада көпчүлүктөн кол жууп калды. Өз алдынча өкмөт куруу үчүн 326 мандат керек болсо, консерваторлор 313 гана алышты. Мурда болсо алардын 321 оруну бар болчу.

Негизги атаандашы лейбористтер партиясы болсо мурдагыдан 30 орунга көп жеңип, позициясын бир топ күчөтүп алды. Эми палатада алардын 260 өкүлү болмокчу. Партиянын лидери Жереми Корбин Мэйди кызматтан кетүүгө чакырды:

- Премьер-министр мандат алуу үчүн шайлоо жарыялаган. Бирок ошол мандаттан кол жууп отурат. Консерваторлор колдоодон, орундарынан, ишенимден ажырап калды. Менимче, өлкөнүн бүтүндөй элинин өкүлү боло турган өкмөткө жол берүү үчүн бул жетиштүү.

Отставкага кетүүнү премьердин айрым партиялаштары да талап кылышууда. Бирок Мэй кетпесин айтып, өлкөгө стабилдүүлүк керек, аны консерваторлор камсыздоого кудуреттүү деп убада берүүдө. Бирок шайлоо жыйынтыгы консерваторлор башкаруу үчүн кайсы бир партия менен коалиция түзүшү керек дегенге жатат. Маалыматтарга караганда, аларды Түндүк Ирландиянын Демократиялык партиясы колдошу мүмкүн.

Палатадагы үчүнчү ири күч – Шотландиянын улуттук партиясы болуп калмакчы. Аларга 34 мандат тийди.

Өкмөт куруу өңдүү ички маселелер менен бирге шайлоо Брексит боюнча сүйлөшүүлөргө кандай таасир этет деген суроо да туулуп жатат.

Евробиримдиктин айрым лидерлери Мэйдин көпчүлүктөн ажырашы 19-июнга белгиленген сүйлөшүүлөрдү кечеңдетет жана ийгиликсиз аякташы мүмкүн дешет. Прагадагы коопсуздук боюнча конференцияда шаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Федерика Могерини:

- Британиялык досторубуз 8-июнда добуш беришти. Шаркеттен чыгуу боюнча референдумдан бир жыл өтсө да Британиянын позициясын дагы эле билбейбиз. Ага дагы убакыт кетет деп ойлойм. Себеби демократиялык жараяндар көпчүлүк мезгилде убактты талап кылат. Мен муну урматтайм. Бул татаал, комплекстүү процесс.

Биримдиктин Бюджет боюнча комиссары Гюнтер Өттингер Германиянын радиосуна берген интервьюда Британия 2019-жылдын март айынан тарта чыга баштайт деп болжолдонгонун, бирок каршы тараптан олуттуу өнөктөш болмоюнча бул дата арсар абалда каларын айтты.

Франциялык саясатчы, экономикалык иштер боюнча комиссар Пьер Московиси Британиянын чыгуу жараяны кайсы жылы аяктары мыйзам түрүндө бекитилгенин белгиледи.

Ал тапта шайлоонун эртеси Британиянын улуттук акчасы фунттун наркы кескин түшүп кетти. Британ валютасы долларга карата 2 процентке, ал эми еврого карата 1,5 процентке арзандады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG