Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Көчөгө ташталган беткаптан вирус тарайт

Беткап кийип турган бала. Бишкек. 7-апрель, 2020-жыл.

Бишкекте таштандыга ыргытылган медициналык беткап жана колкаптар көбөйдү.

Жол боюна, арыктарга, дарактардын түбүнө ыргытып салгандар, ал тургай бутагына илип кеткендер да бар. Адистер бул көрүнүш шаардын көркүн гана бузбай, оорунун таралышына да шарт түзүүдө дешет.

Ал тапта эл аралык адистер жапырт беткап тагынуу менен коронавирустун жайылышын кыйла азайтса болорун белгилешет.

Бишкектин Жал микрорайонунан тартылган сүрөт.

Бак-даракка илинген беткаптар

“Тазалык” ишканасынын кызматкери Назима Шабданалиева соңку кезде беткапты көрүнгөн жерге таштаган көрүнүш пайда болгонун айтты:

"Беткапты колдонгондон кийин аны аялдамага, бак-дарактарга, мамыларга илип кетип жатышат. Арыктарга, ачык турган люктарга же мамылардын тешиктерине тыгып салышат. Анын баарын биздин кызматкерлер колу менен терип, чогултушат. Беткаптарды таштанды салгычка ташташса, бизге жеңил болмок. Жумушчуларыбызга колкап, беткап жана дезинфекциялай турган каражаттарды берип, эскертип турабыз. Арасында ооруп калгандар да болууда. Негизи беткапты таштандыга кесип, жыртып анан салуу керек. Анткени, үйү жок адамдар жол боюнда жаткан беткаптарды чогултуп жүргөнүн өз көзүм менен көрдүм. Аны кайра тапшырышабы же бирөөгө береби, билбейм".

Бишкектеги көчөлөрдүн биринен тартылган сүрөт.

Эпидемиологиялык абал курчуганы дары-дармекке, беткап, колкап жана антисептик каражаттарга талап күчөгөн.

Вирустан сактоочу каражаттардын бири катары азырынча беткап саналууда. Адистер пандемия маалында беткап тагынган өлкөлөрдө оору менен күрөшүү жеңил болгонун айтышып, көчөгө чыкканда аны чечпөөгө кеңеш беришүүдө.

Беткап кийип жаткан медицина кызматкери.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун беткапты туура кийүү жана чечүү жөнүндө көрсөтмөсү төмөнкүчө:

  • Беткапты тагынаар алдында колду спирт кошулган гель менен тазалоо же самындап жууш керек.
  • Беткаптын сырткы жана ички бөлүгүн кол менен кармоого болбойт.
  • Беткап оозду, мурунду, ээкти толук жаап, эч кандай жылчык болбошу керек.
  • Беткап тагынып жүргөн учурда аны кол менен кармалап, оңдоп-түзөбөңүз.
  • Беткапты чечүүдөн мурун колду жууп, беткаптын сыртына тийбестен, кулактын артындагы жибин кармап, акырын чечиңиз.
  • Колдонулган беткапты бети жабыла турган идишке же желим баштыкка салып, таштандыга таштаңыз.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму беткапты ным болору менен алмаштыруу зарыл экенин эскертет. Бир жолу колдонулуучу медициналык беткапты эки саат сайын алмаштыруу зарыл. Кайра колдонууга болбойт.

Беткап менен оозду гана эмес, мурунду да бекитиңиз

Бишкектеги дарыканаларда медициналык беткаптар түрүнө жараша 20 сомдон 200 сомго чейин сатылууда. Кооздолуп тигилгендери - 25-50, атайын коргоочу элементтери бар беткаптар 100-200 сомдун тегерегинде.

Дарыгер Нурбек Монолов беткапты оозго түшүрүп, мурунду ачып жүргөндөр көп экенин, андай учурда вирус жугарын түшүндүрдү.

Нурбек Монолов.
Нурбек Монолов.

“Беткапты кайра-кайра колдонгон туура эмес. Айла жоктон узакка колдонуп атышат окшойт. Анткени, жөнөкөй беткаптын баасы да 20-30 сом болуп жатат Кайра-кайра сатып алып, эки саат сайын алмаштырганга жада калса ооруканаларда иштеген догдурлардын да мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан беткапсыз көчөгө чыккандан көрө бир беткапты эки, үч жолу колдонсо болот. Бирок, аны колдонгондо жакшылап эрежени сакташ керек. Мисалы, үйүндө ооруган киши жок болсо, сыртка көп чыкпаса, дүкөнгө барып келүү үчүн беткапты эки же үч жолу гана такса болот. Бирок, оорулуу менен байланышта болсо же ооруканага барса анда беткапты таштаган оң. Аны жөн ыргытпай, кесип салуу керек. Кесе турган кайчы да өзүнчө болуп, аны улам дезинфекциялап туруу керек. Бир беткапты бир-эки айга чейин кийип жүргөндөр бар. Бул туура эмес. Андай беткап кишини коргобой эле, тескерисинче вирустун баарын өзүнө чогултуп алат”.

Адис кездемеден тигилген беткаптарды бир жолу колдонгондон кийин ысык сууга жууп, кургатып анан колдонуу керектигин эскертти.

Беткап вирустун жайылышын азайтат

Немис, британ жана америкалык окумуштуулар өткөргөн изилдөөлөр - беткап кийүү менен COVID-19 пандемиясынын жайылышын кыйла азайта турганын көрсөткөн. Жада калса АКШ окумуштуулары беткап коронавирустан коргонуунун эң эффективдүү ыкмасы экенин айтышат.

АКШнын башкы инфекционист дарыгери Энтони Фаучи "Фейсбуктун" ээси Марк Цукербергге маек бергенде элдин бири калбай беткап тагынса, эки жумада коронавирустун жайылышын чектөөгө болорун билдирди. Адис жаштардан беткап тагынып жүрүүнү суранды.

“Силер коомдук жоопкерчиликти сезип, беткап тагынышыңар керек. Анткени, силер байкабай эле вирусту таратуучу болуп калышыңар толук мүмкүн. Жаныңардагы жашы улуураак кишилерди аягыла", - деди Энтони Фаучи.

Медициналык таштандылар вирусту кайра козгойт

Ал арада Саламаттык сактоо министрлиги догдурдун рецепти жок үй шартында дарыланбоого чакырды жана бул оорунун күчөп, өлүмдүн көбөйүшүнө алып келерин эскертти.

Эпидемиологдордун айтымында, дезинфекцияланбай ыргытылган медициналык таштандылар айлана-чөйрөгө зыяндуу жана алардан вирус аба аркылуу тарашы ыктымал.

Санитардык дарыгер Гүлмира Баратова үй шартында асма ийне алгандар медициналык таштандыларды жалпы таштандыга ыргытып, биринчи кезекте “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери үчүн коркунуч жаратып жатканын белгиледи.

“Үй шартында ийне алып жаткандарды биз азыр көзөмөлдөй албайбыз. Алар, албетте, медициналык таштандыларды жалпы таштандыга кошуп жатышат. Мунун алдын алыш үчүн ар бир райондордо күндүзгү стационарлар ачылды. Түнкү стационар да иштеп жатат. Ал жерден дарыланган бейтаптын медициналык таштандылары колуна берилбейт. Аны ошол жерде иштеген медицина кызматкерлери чогултат. Ар бир стационарда кооптуу медициналык таштандылар үчүн атайын идиштер коюлган. Мисалы, шприц, ийне жана асма ийнелердин калдыктарын күндө атайын лицензия алган мекеме чогултуп алып кетет да, чоң температурада залалсыздандырып анан гана жок кылынат же таштандыга жөнөтүлөт”.

Убайымдуу бейтаптар, убактылуу ооруканалар

Кожомкул атындагы спорт ордосундагы убактылуу ооруканада бейтапты карап жаткан дарыгерлер. 
1/17 Кожомкул атындагы спорт ордосундагы убактылуу ооруканада бейтапты карап жаткан дарыгерлер. 
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Асма ийне алыш үчүн кезек күткөн бейтаптар. Бишкек шаары.
2/17 Асма ийне алыш үчүн кезек күткөн бейтаптар. Бишкек шаары.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Бишкектеги ооруканалардын биринде кезек күткөндөр. Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал курчуп, вирус жуккандар көбөйүп, ооруканаларга түнкүсүн да кезек күткөндөр көп.
3/17 Бишкектеги ооруканалардын биринде кезек күткөндөр. Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал курчуп, вирус жуккандар көбөйүп, ооруканаларга түнкүсүн да кезек күткөндөр көп.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында коронавирустан каза болгон бейтаптын сөөгүн машинеге жүктөп жаткан медицина кызматкерлери. 
4/17 Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында коронавирустан каза болгон бейтаптын сөөгүн машинеге жүктөп жаткан медицина кызматкерлери. 
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Бейтаптарга кеңеш берип жаткан дарыгерлер.
5/17 Бейтаптарга кеңеш берип жаткан дарыгерлер.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Бишкекте төрт убактылуу күндүзгү медициналык борбор ачылды. Ар бир борбор 200 орунга эсептелген. Алар күнүнө 4000ден 6000ге чейин адамды тейлөөгө ылайыкташканы айтылууда.
6/17 Бишкекте төрт убактылуу күндүзгү медициналык борбор ачылды. Ар бир борбор 200 орунга эсептелген. Алар күнүнө 4000ден 6000ге чейин адамды тейлөөгө ылайыкташканы айтылууда.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Убактылуу ооруканада пол жууп жаткан медицина кызматкери.
7/17 Убактылуу ооруканада пол жууп жаткан медицина кызматкери.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Ар бир борбордун көчмө дарыканалары болот, аларда керектүү дарылар сатылат. 
8/17 Ар бир борбордун көчмө дарыканалары болот, аларда керектүү дарылар сатылат. 
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Бишкектеги күндүзгү ооруканалардын биринде асма ийне сайып жаткан медайым. 
9/17 Бишкектеги күндүзгү ооруканалардын биринде асма ийне сайып жаткан медайым. 
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Таардан убактылуу чатыр тигип жаткан жумушчулар. 
10/17 Таардан убактылуу чатыр тигип жаткан жумушчулар. 
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасына бейтаптарды алып келип жаткан «Тез жардам» машинелери.
11/17 Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасына бейтаптарды алып келип жаткан «Тез жардам» машинелери.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия борбору.
12/17 Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия борбору.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Убактылуу ооруканада бейтаптарга дары, ийне даярдап жаткан медицина кызматкерлери.
13/17 Убактылуу ооруканада бейтаптарга дары, ийне даярдап жаткан медицина кызматкерлери.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Убактылуу ооруканага керебеттерди түшүрүп жаткан жумушчулар.
14/17 Убактылуу ооруканага керебеттерди түшүрүп жаткан жумушчулар.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
<p>Жалпысынан 18-марттан 7-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8141 адамдан (3434ү Бишкекте) табылды, алардын ичинен 99 бейтап кайтыш болду, 2916 бейтап айыгып кетти.<br />
Пневмониядан март айынан бери каза болгондордун саны 224 кишиге жетти.</p>
15/17

Жалпысынан 18-марттан 7-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8141 адамдан (3434ү Бишкекте) табылды, алардын ичинен 99 бейтап кайтыш болду, 2916 бейтап айыгып кетти.
Пневмониядан март айынан бери каза болгондордун саны 224 кишиге жетти.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Күндүзгү ооруканага кириш үчүн кезек күткөндөр. Бишкек. 5-июль, 2020-жыл.
16/17 Күндүзгү ооруканага кириш үчүн кезек күткөндөр. Бишкек. 5-июль, 2020-жыл.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
&laquo;Газпромдун&raquo; спорт комплексинде уюштурулган күндүзгү стационар. Ош шаары. 7-июль, 2020-жыл.
17/17 «Газпромдун» спорт комплексинде уюштурулган күндүзгү стационар. Ош шаары. 7-июль, 2020-жыл.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Артка
Алдыга

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Гүлжан Турдубаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG