Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Түркия: оппозициячынын жазасы жеңилдетилди


Энис Бербероглу.
Энис Бербероглу.

Энис Бербероглу - оппозициядагы Элдик-Республикалык партиянын лидеринин орун басарларынын бири. Ал 2015-жылы жергиликтүү гезиттердин бирине түрк чалгынчылары Сирияга курал жеткирип баратканы тууралуу видеону берип, анысы жарыяланган. Бийлик куралдар өз өнөктөшү сириялык түркмөндөргө баратканын билдирип, Бербероглунун өзүн айыптап чыккан.

2016-жылы парламент аны депутаттык кол тийбестиктен ажыраткан. 2017-жылы сот аны "тыңчылык кылган, купуя маалыматты ашкерелеген" деп таап, 25 жылга эркинен ажыраткан.

13-февралда Стамбулдагы апелляциялык сот бул жазаны бир нече эсе азайтты. Бул тууралуу анын адвокаты Мурат Эргун сот имаратынан чыккандан кийин айтты.

- Айыптоочулар эмне дешти эле? Алар "Энис Бербероглу тыңчы болгон, террордук уюмдар менен кызматташып, алардын кызыкчылыгына иштеген" деген. Бүгүн облустук сот ошол эки айыпты тең четке какты. Бул биз үчүн өтө маанилүү.

Буга байланыштуу жактоочу Бербероглуну бошотууну өтүндү. Бирок ошол эле учурда сот аны "мамлекеттик сырды ачыкка чыгарганы үчүн күнөөлүү" деп тапкан мурдагы чечимди өзгөрткөн жок.

Кемаль Кылычдароглу.
Кемаль Кылычдароглу.

​Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген, Элдик-Республикалык партия - Түркиянын парламентиндеги экинчи чоң күч. Анын төрагасы Кемал Кылычдароглу үзөңгүлөшүн акталышы керек дейт:

- Энис Бербероглуна беш жыл он ай абак жазасы берилиптир. Муну эч качан кабыл албайбыз. Таптакыр кабыл албайбыз! Энис, бир тууганым, эч чөкпө. Коркпо! Бул сот жараянында сен сөзсүз акталасың. Биз муну билебиз.

Экс-депутаттын камалышына байланыштуу укук коргоочулар жана Батыш өлкөлөрү тынчсыздануусун билдирип келатышат.

Ал эми саясий өнөктөштөрү иш жоктон токулганын, Эрдогандын бийлиги, башкаруучу партия атаандаштарын коркутуу максатында Бербероглуну мисал катары камап жатышканын билдирип чыгышкан.

"Адилеттик жүрүшүнүн" Стамбулдагы жыйынтыктоочу митинги. 9-июль, 2017-жыл.
"Адилеттик жүрүшүнүн" Стамбулдагы жыйынтыктоочу митинги. 9-июль, 2017-жыл.

Сөз болуп жаткан партия болсо саясатчыга өкүм чыккандан кийин борбор Анкарадан Стамбулга чейин бир айлык каршылык жүрүштөрүн уюштурган.

Акыркы жылдардагы Түркиядагы бирден-бир ири нааразылык акциясы катары эсептелген ал жүрүшкө уюштуруучулар жалпысынан 1,6 млн. адам катышканын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG