Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Лукашенко нааразылык билдирип камалган 30 кишиге ырайым берди


Беларус. Иллюстрациялык сүрөт.
Беларус. Иллюстрациялык сүрөт.

Александр Лукашенко «протест мүнөзүндөгү кылмыштар» үчүн соттолгон 30 кишиге ырайым берди. Мындай жарлыкка ал бүгүн 16-августта кол койгонун «Азаттыктын» беларус кызматы жазды.

Ырайым алгандардын 14ү аял, 16сы эркек киши, алардын айрымдары оор дартка чалдыккандар, кээ бирлери пенсия курагындагылар экени кабарланды.

Беларустун абактарында отурган саясий туткундарды Лукашенкодон ырайым суратып, мажбурлап арыз жаздырып жатышканын жакында укук коргоочулар билдиришкен.

Беларус бийлиги камакта жаткан саясий туткундар арасынан беш аялды өткөн айда бошоткон. Гомел шаарындагы №4 аялдар колониясынан чыгарылгандардын бири экстремизм тууралуу айып менен эки жылга соттолгон Дарья Лосик экенин 24-июлда "Гомельская Весна" укук коргоо долбоору жазган.

Дарья Лосик беларус блогери, 2021-жылы декабрда 15 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга отургузулган Игорь Лосиктин жубайы.

Лосик менен кошо абактан Светлана Лупач, Полина Половинко, Тамара Острейко жана Екатерина Маденкова бошотулган. Ага чейин 18 саясий туткун коё берилген.

Лукашенко мунапыс тууралуу мыйзамга юиль айында кол койгон жана камактагы саясий туткундар арасынан катуу ооругандар бошотуларын билдирген.

"Весна" укук коргоо борборунун маалыматына караганда, Беларуста 2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки жапырт нааразылык акцияларына катышканы, бийликти ачык сындаганы, пикирин эркин билдиргени үчүн камалып отургандар 9-августка карата 1385 кишини түзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG