Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Ереван: Лукашенконун сөзүнө нааразы болгондор беларус элчилигине жумуртка ыргытышты


Нааразылыгын бидирген кишилер Беларустун элчилиги алдында. Ереван, 21-август 2024-жыл
Нааразылыгын бидирген кишилер Беларустун элчилиги алдында. Ереван, 21-август 2024-жыл

Ереванда Беларустун элчилиги алдында нааразылык акциясы өттү. Митингге чогулгандар ал өлкөнүн элчисин чыгарып салууну, Минск менен дипломатиялык мамилелерди үзүүнү талап кылышты. Андан кийин имаратка жумуртка, помидор жана картошка ыргытышты.

Армян маалымат каражаттары кабарлагандай, мындай нааразылыкка Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенконун Арменияны кемсинткен билдирүүсү себеп болду. 20-августта орусиялык мамлекеттик «Россия» телеканалына берген интервьюда ал: «Армяндардын бизден башка кимге кереги бар? Эч кимге кереги жок. Экономикасын өнүктүрүп, колунда бар нерсе менен оокат кылышсын. Кайдагы Франция, кайдагы Макрон? Макрон эртең кетсе Арменияны бардыгы унутушат», - деп айткан.

Элчиликтин жанындагы митингди «Жумурият үчүн» деген партиянын тарапкерлери уюштурду. Алар Беларус менен дипломатиялык алакаларды үзүүнү талап кылган кайрылууну даярдап келишти. Ага дагы эки партиянын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кол коюшту.

Лукашенко буга чейин да Армениянын дарегине орой билдирүүлөрдү жасаган. Февралда Еревандын ЖККУга убактылуу катышпоо чечимин комментарийлегенде: «Армениясыз уюм урап калбайт» деп айткан. Майда азери президенти Илхам Алиев менен кездешүүдө Тоолуу Карабактагы жаңжалды Азербайжандын «боштондук согушу» деп атагандан кийин Ереван Минскидеги элчисин чакыртып алган. Премьер-министр Никол Пашинян ошондо Беларусту Лукашенко башкарып турганда өзү жана башка аткаминерлер ал өлкөгө барбай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG