Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Москва соту Бекжанды 16 жылга кести


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир жарым жыл мурда Москвада он бир кишини автоунаасы менен тебелетип кеткен Бекжан Сарбишев 16 жылга соттолду. 

Москва шаардык соту 23 жаштагы Бекжан Сарбишевди бир адамдын өлүмү, эки же андан ашык кишинин өмүрүнө кол салуу жана бирөөнүн мүлкүн жарактан чыгаруу беренелери боюнча айыптуу деп таап, 16 жылга абакка кести.

Прокуратура соттон Сарбишевди 19 жылга абакка кесүүнү суранган.

2018-жылы 9-сентябрдын таңында Москвадагы "Марьино" метросундагы "Аура" кафесинде көңүл ачып отурган кыргызстандыктардын ортосунда чыр чыгып, Бекжан Сарбишев сыртка чыккандан кийин өзүн ур-токмокко алган деген жигиттердин тобун машинеси менен тебелетип кеткен.

Автоунаа алдында 11 адам калып, 21 жаштагы кыргыз жараны набыт болгон.

Бекжан орусиялык телеканалга берген биринчи маегинде окуя кандай болгонун толук айтып берген. 8-сентябрдын кечинде туулган күндү белгилеген кечеде ал карындашына болушуп, бейтааныш балдардын ур-тепкисине кабылган:

"Мен жалгыз болчумун. Алар мени бешөөлөп тепкилешти. Мен алардан качайын десем, алдыман дагы бешөө чыкты. Баса калып ура башташты. Кыздар көрө калып, чуркап келип, арачалап калышты. Мен телефонумду, кулакка тага турган аппаратымды кайтарып алып, автоунаама отурдум. Үйгө кетейин дегем. Бирок, алар алдыман тороп чыгышты. Кантип сүзүп кеткенимди билбей калдым".

Ош облусунун Өзгөн районунда туулуп-өсүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Сарбишевге каршы "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакта жаткан.

Бекжандын апасы Жылдыз Ибраимова уулу бейтааныш бейбаштардын айынан азапка кабылганын айтып келет.

Уулу бала чагында кулагы укпай калып, үчүнчү топтогу майып экенин айткан эне атайын медициналык текшерүүлөрдөн өткөрүүнү да суранган. Адвокат Олег Соловьев анын жыйынтыктары окуянын чоо-жайын толук тактап, кылмыш жазасын жеңилдете аларын айткан.

Эми Жылдыз Ибраимова Москва шаардык сотунун чечими боюнча Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылганы турат.

Расмий маалыматтарга ылайык ушул тапта Орусиянын абактарында 1080 кыргыз жараны кылмыш жазасын өтөп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG