Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Мураталиева: Бээжин менен сүйлөшүүлөрдө Бишкектин позициясы күчтүү эмес


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин, Сиань, 18-май 2023-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин, Сиань, 18-май 2023-жыл.

Кытай “Бир алкак – бир жол” демилгесининин он жылдыгын белгилеп жатат. Бул долбоордон Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан канчалык пайда көрдү? Кытайдын чөлкөмдөгү таасирин изилдеген илимпоз, саясат таануучу Наргиза Мураталиева “Азаттыкка” маек курду.

- Кытайда “Бир алкак, бир жол” демилгесинин 10 жылдыгына арналган форум өтүп жатат. Бул демилгени Кытай лидери биринчи жолу 2013-жылы Казакстанда жарыялаган. Бээжиндин бул демилгесинин Борбор Азиядагы соңку он жыл ичиндеги жыйынтыгына кандай баа берсе болот?

- Эгер инфраструктура тууралуу сөз кыла турган болсок, анда соңку 10 жыл ичинде Бээжин Кытай менен Борбор Азияны байланыштырган кыйла эффективдүү инфраструктураны түзө алганын белгилеп коюу керек. Бул - газ куурлары, темир жолдор, автоунаа жолдору жана буга чейин болуп көрбөгөн сооданын көлөмү. Андан тышкары акыркы жылдары Кытай менен Борбор Азиянын ортосунда “жумшак күч” деп сыпатталган маданий багытта кызматташтык жанданды.

Политолог Наргиза Мураталиева.
Политолог Наргиза Мураталиева.

Өлкөлөр ортосундагы сооданын түзүмү да өзгөрүп жатат. Мисалы мындан 10 жыл мурда биз Кытайдан товар импорттоп гана келгенбиз. Экспорттун көлөмү өтө аз болчу. Азыр Казакстан менен Өзбекстан өз продукциясынын Кытайга экспортун көбөйттү. Бул да маанилүү.

Ошондой эле Бээжин менен Борбор Азиянын карым-катышынын дагы бир маанилүү жыйынтыгы катары Өзбекстан менен Казакстандын Кытайдын жарандарына визасыз каттамга уруксат бергенин атасак болот. Казакстан менен Кытайдын ортосунда эки тараптуу визасыз каттам ишке кирди. Өзбекстанда азырынча бир тараптуу режим иштеп жатат. Азырынча кытай жарандары гана Өзбекстанга визасы жок кире алат.

Бул аракеттер жарандар ортосундагы карым-катыштын жанданышына, туристтердин санынын көбөйүшүнө, жалпысынан ар кандай деңгээлде байланышты тереңдетүүгө шарт түзөт.

Эгер мамлекеттик органдардын ортосундагы байланыш тууралуу сөз кыла турган болсок, анда мен С5+1 форматындагы механизмди баса белгилемекмин. Себеби буга чейин Кытай “ажырымды пайда кыл, андан соң бийлигиңди жүргүз” деген саясатты карманат деген сындарга туш болуп келген. Бирок соңку жылдары Кытай Борбор Азияга бирдиктүү аймак катары мамиле кылууга аракет кыларын көрсөттү.

- Кыргыз бийлиги Кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгеси Кыргызстан үчүн да маанилүү экенин билдирип келет. Кыргызстан соңку 10 жылда бул долбоордон эмне пайда көрдү?

- Тилекке каршы, Кыргызстан “Бир алкак – бир жол” демилгесинин курамындагы көп тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу маселесинде чынжырчанын алсыз бөлүкчөсү болуп калды. Азыркыга чейин бир дагы көп тараптуу инфраструктуралык долбоорлордун курулушу, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу баштала элек.

Кыргызстан тууралуу сөз кыла турган болсок, анда карыз маселеси күн тартибине чыгат. Биздин [Кытайга] карызыбыз өсүп жатат. 1,7 миллиард доллар биздин бюджетибиз үчүн кыйла эле оор жүк. Ал өлкөнүн ички саясатына да таасирин тийгизет.

- Кыргызстандын Кытайдын бул демилгесинен толук пайдалана албаганына эмне себеп? Кытайдын Кыргызстандагы кызыкчылыгы азыраак болгонубу же кыргыз бийлигинин жетиштүү аракет көрбөгөнүбү?

- Буга бир нече себептердин жыйындысы таасир этүүдө. Биринчиден, Кытай менен сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын позициясы анчалык күчтүү эмес.

Экинчиден, Кытай менен логистикалык байланыш үчүн Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн ортосундагы атаандаштык бар.

Үчүнчү себеп - инвестициялык климаттын начардыгы. Мында Кыргызстандагы үч “революциянын” да таасири бар. Бул окуялар кыйыр түрдө инвесторлорду чочутуп, экономикалык өнүгүүнү кайсы бир деңгээлде кечеңдетип койду.

Төртүнчүдөн, экономикалык мамиленин түзүмүнүн өзгөрбөгөнүн айтсак болот. Биз соодадагы тескери сальдо тенденциясын өзгөртө алган жокпуз. Дагы деле реэкспорт менен отурабыз. Дале болсо экспортко чыгара алчу даяр продукцияларыбыз аз.

Айыл чарба тармагында кандайдыр бир продукцияга муктаж болсо да, экспорт үчүн ал продукцияны жетиштүү көлөмдө даярдап бере албай жатабыз.

Президент Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге "Достук" орденин 9-октябрда тапшырды.
Президент Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге "Достук" орденин 9-октябрда тапшырды.

- Долбоорлордун ойдогудай алга жылбай жатышына Кытайдын Кыргызстанды чакан өлкө же рынок катары көргөнү да себеп болушу мүмкүнбү?

- Ооба, кошулам. Кытай үчүн Кыргызстан анчалык чоң өлкө эмес. Эгер потенциал жагынан карай турган болсок, анда Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга көбүрөөк көңүл бурулат. Түркмөнстан энергоресурстары менен, Казакстан логистикалык жактан кызыгуу жаратат. Бизде тоо-кен тармагынан тышкары башка жаратылыш ресурстары болбогондуктан эки тараптуу долбоорлордун тизмеси чектелүү болуп калды.

- Эми кыргыз бийлигинин өкүлдөрү Кытай менен кызматташтыкты, анын ичинде соода-экономикалык алаканы тереңдетүү зарылдыгын айтып жатышат. Кыргыз өкмөтү айрым кытай жарандарына өлкөгө визасыз кирүүгө уруксат берди. Кыргызстан “Бир алкак – бир жол” долбоорунан пайда табуу үчүн эмне кылышы керек? Бул багытта кандай тобокелдиктерди эске алуу зарыл?

- Менимче, Кыргызстан чек ара маселесин жөнгө салууга, схемаларды токтотууга көңүл бурганы туура болот. Бизди айрым учурда санкциялык товарлар өткөн, айрым учурда кайсы бир адамдардын тобу өткөн “боз аймак” деп коюшат. Бул сөздөр кээде стереотип катары, кээде негиздүү эле айтылат. Мунун баары өлкөдөгү инвестициялык климатка жана мамлекеттин эл аралык аренадагы кадыр-баркына таасирин тийгизет.

Ошондуктан миграциянын агымында тескеш керек. Мигранттарга байланыштуу статистиканы ачык-айкын жарыялоо зарыл. Мисалы бизде Кыргызстандагы кытай жарандарынын саны боюнча маселе көтөрүлгөн учурлар болгон. Маалымат каражаттары да, эксперттер да Кыргызстанда канча кытай жараны жүргөнү тууралуу так маалымат ала алышкан эмес. Мындай учурлар болбосо, кандайдыр бир социалдык нааразылык болуп кетет деген тобокелчилик да азаймак.

- Жалпы эле Кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбооруна байланыштуу кандай тобокелдиктер бар?

- Азыр кыргыз тарап үчүн мамлекеттик деңгээлде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо маселеси абдан маанилүү болуп турат. Бул долбоорго байланыштуу негизги маселелердин бири – бул каржылоо механизми. Биз бул долбоорду азыркыдан да көбүрөөк карыз тузагында калбагандай шартта башташыбыз керек.

Экинчи маселе болочоктогу инфраструктуралык долбоорлорду башкарууга байланыштуу. Келишимдерге ылайык, келечекте бул темир жолу кандай башкарыларын, товарлардын транзитинен түшкөн киреше кандай бөлүштүрүлөрүн тактап алуу керек.

Андан тышкары кыргыз продукцияларынын Кытайга экспортун көбөйтүү зарыл. Бул өлкө ичиндеги өндүрүштү шыктандыруу үчүн жана Кытай менен экономикалык кызматташтыктын түзүмүн өзгөртүү үчүн керек.

Кытай менен Борбор Азия лидерлеринин биринчи саммити, Сиань шаары, 19-май 2023-жыл.
Кытай менен Борбор Азия лидерлеринин биринчи саммити, Сиань шаары, 19-май 2023-жыл.

- Борбор Азияда Кытайдын саясатына каршы маанай бар экенин күбөлөгөн бир катар окуялар болгон. Соңку жылдары Шинжаң аймагындагы мусулман азчылыктарга жасалган мамиле да буга кошул-ташыл болду. Жалпы Кытайдын саясатына карата Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы коомдук маанай соңку жылдары ал канчалык өзгөрдү?

- Бул кыйла татаал суроо. Мен эксперт катары статистикага таянууну туура көрөм. Жалпы картинаны көрүү үчүн кайсы бир сандар керек. Азыр андай статистика жок. Ошондуктан азыр коомдо Кытайга каршы маанай кандай экенин айтуу мен үчүн кыйын.

Эгер нааразылык акцияларына жана кытайлык ишканаларга чабуул болгон учурларга таяна турган болсок, анда чынында Кыргызстанда Кытайга каршы маанай күчтүү. Бул маселе күн тартибинен кете элек.

Ошол эле маалда Кытайдын Борбор Азиядагы имиджин жакшыртуу аракети тууралуу сөз кыла турган болсок, анда бул багытта саясат жүргүзүлүп жатканын айта алабыз. Себеби кытайлык түзүмдөр менен Кыргызстандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын ортосундагы кызматташтык күчөдү. Коомдук саясат багытында да алака-катыш жанданды.

Кытай менен Кыргызстандын эксперттеринин ортосунда да байланыш тереңдеп жатат. Кытайда жана Кыргызстанда ар кыл конференциялар өткөрүлүп жатат. Июль айында Дипломатиялык академияда Кытайды изилдөө боюнча борбор ачылды.

- Украинадагы согуштан улам Орусиянын Борбор Азия чөлкөмүндөгү таасири азайышы мүмкүндүгүн айткан адистер бар. Сиздин баамыңызда, Бээжин региондо Москванын ордун ээлегиси келет деген ойлор канчалык негиздүү?

- Мен Кытай Кыргызстанда Орусиянын ордун ээлегиси келет деген ойго кошула бербейм. Анткени Кытай өзгөчө экономика маселесинде Орусияны атаандаш катары көрбөсө керек. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Буга карабастан Кытай Кыргызстандын биринчи соода өнөктөшү бойдон кала берүүдө.

Ошол эле мезгилде Кытай менен Орусия кайсы бир тармактарда бири-бири менен атаандашышы мүмкүндүгүн четке кагуу болбойт. Ошол эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоорун мисалга алалы. Азыркыга чейин Орусиянын бул долбоорго байланыштуу позициясы түшүнүктүү эмес.

Бир жагынан кыргыз президенти Орусиянын президенти Путинге бул долбоорду ишке ашыруунун маанисин түшүндүргөнүн айткан. Бул жагдайдын өзү темир жолдун курулушу үчүн Орусиянын макулдугу керек экенин кыйыр түрдө ишарат кылып турат.

Мындан тышкары Кытайдын санариптешүү тармагындагы эбак ээлеген орду жана анын бул багыттагы таасири Орусияга дайыма эле жага бербеши мүмкүн. Бул маселеде орусиялык компаниялар кытайлык ишканаларды атаандаш катары көрүшү ыктымал. Ансыз деле азыр IT тармагында кытай компаниялары менен атаандашуу дээрлик мүмкүн эмес.

- Кытай экономикадан башка дагы кайсы тармактардагы кызматташтыкка көңүл буруп жатат?

- Биринчи кезекте, бул коопсуздук тармагындагы кызматташтык. Себеби Кытай күч түзүмдөрүнө гуманитардык жардам берүү аракетин жандандырганын көрүп жатабыз. Адамдын жүзүн таануучу жабдыктарды берүү маселесинде да карым-катыш жанданды. Деги эле Кытай коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруп келет. Ошондуктан регионалдык коопсуздук маселесинде кызматташтык тереңдей берет.

Мындан тышкары Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы логистикалык байланыштарга да көңүл бурулууда. Буга эки өлкөнүн ортосундагы үчүнчү “Бедел” өткөрмө пунктун ачуу, Үч-Турпан менен Ысык-Көл облусун байланыштырган жолду куруу аракеттерин жана “жумшак күч” линиясы боюнча карым-катнашты күчтөндүрүү ниетин мисал келтирсек болот.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG